Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

12.03.2018

2018-жылдын 12-марты саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 12-мартынан 13-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ошого байланыштуу, 2018-жылдын 11-мартынан 13-мартына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаалардын баардык түрлөрүнө саат 12:00дөн саат 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр киргизүү боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы - Премьер-министрдин 2018-жылдын 11-мартындагы №7 буйругу чыккан.

2018-жылдын 11-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 13:50дөн, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 12:00дөн жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусу саат 16:00дөн тартып унаанын баардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 12-март күнү саат 00:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

I.  Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

I.IЖалал-Абад облусу

 Токтогул району

Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды

2018-жылдын 11-март күнү саат 10:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунуда, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Чычкан капчыгайы) көлөмү 1140м3, кайрадан саат 13:00 чамасында көлөмү 1500м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында (Чычкан капчыгайы) саат 12:00 чамасында көлөмү 1300м3, саат 13:00 чамасында1350мкар көчкү түшкөн. Унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

№23 жол тейлөө ишканасынан  2 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 ХОВО жана 4 кызматкер тартылган.

 Тартылган техниканын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымы саат 16:30да,  224-чакырымы саат 15:00дө унаа жолу толук тазаланып ачылды.

 КР ӨКМнин басма сөз кызмат

 

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 11-марттан саат 08:00дөн 12-мартына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Бишкек шаары

1

2-АӨКБ

1

23:04

23:10

23:13

23:35

23:56

101

Свердлов району.  Аул көчөсүндө Ауди С4 үлгүсүндөгү (мам.№В9115АК) унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1ствБ

2

6-АӨКБ

1

23:16

23:22

23:26

23:42

00:07

101

Биринчи Май району. Патриса Лумумбы көчөсү № 80.  Унаанын тетиктерин таштоочу 3 даана таштанды  челек күйгөн.

1ствБ

Чүй облусу

3

24-АӨКБ

1

17:21

17:25

17:30

17:38

17:45

101

Токмок шаары. 3-кичи району №26. Таштанды таштоочу контейнер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош облусу

4

53-ӨККБ

1

08:05

08:12

08:25

08:35

09:20

101

Өзгөн району. Өзгөн шаары, Амир-Тимур көчөсү №125. Турак үйдүн бир бөлмөсүндөгү үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

5

53-ӨККБ

1

17:57

18:11

18:30

18:40

19:30

101

Өзгөн району. Мырзаке а/а, Апком айылы, Жоробеков көчөсү № 6 жана  Токсонов көчөсү №125. Эки үйдүн кошулган сарайынын 18 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Баткен облусу

6

26-АӨКБ

1

14:56

15:04

15:30

15:35

16:05

101

Баткен шаары. МСО кварталы. Турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 1 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

Талас облусу

7

93-ӨККБ

1

19:06

19:14

19:20

19:51

20:35

101

Бакай-Ата району. Маданият айылы, Казаков көчөсү №38. Турак үйдүн 1 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

Ысык-Көл облусу

8

15-ӨККБ

1

04:30

04:34

04:40

05:00

05:50

101

Каракол шаары. Гебзе көчөсү №109. Турак үйдүн короосунда мончонун 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

 

12-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

       Маалымат үчүн

Чүйдө катуу шамалдын кесепетинен мектептин спорт залынын чатыры жабыркады

Чүй облусунун  Сокулук районунун  Асылбаш айыл аймагында 2018-жылдын 11-март күнү саат 07:30 чамасында Асылбаш айылында ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен катуу шамал катталып, натыйжада Биримкул орто мектебинин спорт залынын 40 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын коңторуп салган. Жабыркагандар жок.

11 март күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш чаралары жүргүзүлүп, акт толтурулган.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

2018-жылдын 11-марты саат 08:00дөн 12-март саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.  

 

                            Чүй облусу

Жайыл району. 2018-жылдын 11-март күнү саат 02:04 Бишкек-Ош унаа жолунун 85- чакырымында (Сосновка а/а) саат 01.30 чамасында чоң оор жүк ташуучу унаа Кара-Балта суусуна түшкөн деген маалымат түшкөн. КР ӨКМнин  №22 АӨКБ Кара-Балта суусуна оор жүк ташуучу унаа кулабагандыгы аныкталды. Маалымат текшерүү. 3 куткаруучу тартылган. 

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы