Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

07.03.2018

2018-жылдын 7-марты саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү!!!

2018-жылдын 7-мартынан 8-мартына чейин туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгына байланыштуу КРнын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 3-мартында №02-34/166-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

         Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

            Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 2-мартында №6 буйругу чыккан.

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында иш-чараларды жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 6-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) саат 10:15тен саат 10:45ке чейин 10 даана снаряд атылып, 23000м3 кар көчкү түшүрүлгөн. КР КК ГШ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымындагы куткаруучулардын күзөт пунктуна келип түнөккө жайгашышкан.

Кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 7-мартында улантылат.

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 6-марттан саат 08:00дөн 7-мартына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги,маалыматы,өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары

1

4-АӨКБ

1

13:21

13:31

---

жетк. чейин

13:58

101

Ленин району.Жаш-Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG 466АСХ  авто унаасынын ички салону күйгөн. Өрттүн себеби: Электр жабдууларун куроодо эреженин бузулушу.

---

2

5-АӨКБ

1

00:33

00:48

01:08

01:20

01:42

101

Биринчи Май району.Ош көчөсү №12. Турак үйдүн 20 чарчы метр кире бериш бөлмөсү, кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: Электр жабдулоорун куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

Ош шаары

3

85-ӨКБ

1

20:36

20:44

---

жетк. чейин

21:22

101

Ош шаары.Төрөбай Абакир көчөсү №45. 28-батирдин ашкана бөлмөсүндө плитада тамак-аш кароосуз калган. Өрттүн себеби: отко болгон этиятсыздык. 

---

Чүй облусу

4

23-АӨКБ

1

14:47

14:58

15:20

16:15

17:00

101

Сокулук району.Военно-Антоновка айылы. Фрунзе көчөсү №199 үй. 16-батир. Батирдин 15 чарчы метр ашкана бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушу.

1ствБ

5

7-ӨККБ

1

18:20

18:35

18:58

19:25

20:30

101

Сокулук району. Токбай айылы. Проектируемая көчөсү №3. Аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

6

27-АӨКБ

1

19:52

20:10

---

---

20:38

101

Ысык-Ата району. Ак-Тилек өткөрмө пунктун жанында бак күйүп жатат деген маалымат түшкөн.Өрт жөнүндө маалымат текшерүү.

---

7

6-АӨКБ

1

22:25

22:44

22:57

23:07

23:51

101

Сокулук району.Кашка-Баш айылы, жолдун боюнда 25 чарчы метр вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

8

27-АӨКБ

1

01:26

01:34

01:42

02:40

02:50

101

Ысык-Ата району.Новопокровка айылы. Ленин көчөсү №132. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  

1ствБ

Ош облусу

9

71-ӨККБ

1

14:27

14:31

14:38

15:05

15:12

101

Ноокат району.Гулистан айыл аймагы, Ноокат шаары. Шахназаров көчөсү №27. Аянты 52 чарчы метр шифер жабылган бастырманын чатыры, 100 боо жүгөрүнүн сабагы күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

 

 

2018-жылдын 6-марты саат 08:00дөн 7-марты саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Ленин району. 2018-жылдын 6-март күнү саат 17:51де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Кривоносов көчөсүндөгү №15 үйүнүн №21 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

Октябрь району. 2018-жылдын 6-март күнү саат 07:53тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи районундагы №20-үйүнүн 96-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен болжол менен 60 жаш курагындагы П.В аттуу жарандын жансыз денеси учураган. Маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Ленин району. 2018-жылдын 6-март күнү саат 04:47де  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын  куткаруучулары Жал кичи районундагы №12 үйдүн №40 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи май району. 2018-жылдын 6-март күнү саат 21:45те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынына 2003-жылы туулган Ш.А.Н аттуу өспүрүм кыз колунун манжасынан шакекти чыгарып берүүсүн суранып кайрылган. Куткаруучулар шаймандардын жардамында шакекти чыгарып беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаары. 2018-жылдын 6-март күнү саат 07:21де КР ӨКМнин №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Гагарин көчөсүндөгү №150-үйүнүн 50-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Кызыл-Кыя  шаары. 2018-жылдын 6-март күнү саат 16:25 чамасында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 4-Өзүнчө мобилдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Маяковская көчөсүндөгү №1 үйүнүн №10 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

7-мартта Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

            Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 6-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат17:30дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 7-мартында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында

техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Сирия Араб республикасы

Сирия мамлекетинде Россия Федерациясына таандык АН-26 транспорттук учагы кыйроого учураган. Аталган учак Алепподон  Хмеймимге карай каттамын аткарып бара жаткан. Кырсыктын келип чыгуусу, учактын конууга жакындаганда учуп конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге түшкөн. Алдын ала маалыматка ылайык кырсыктын келип чыгуусуна техникалык мүчүлүштүктөр себеп болуусу ыктымал деген божомолдор айтылууда. Учактын ичинде 33 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөлөрү болгон. Адамдардын баардыгы Россия федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери болушкан жана кырсыктан улам баардыгы жеринде каза болушкан.

  КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы