Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

06.03.2018

2018-жылдын 6-марты саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгына байланыштуу КРнын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

                 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 3-мартында №02-34/166-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

         Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 2-мартында №6 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 5-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) саат 10:20дан саат 11:05ке чейин 14 даана снаряд атылып, 270000м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 12:05тен саат 12:25ке чейин 249-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) 8 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Саат 13:55тен саат 14:15ке чейин 255-чакырымында (Жаңы-Жол а/а) 9 даана снаряд атылып, 2200м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 15:20дан саат 16:20га чейин 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) 13 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Жалпы 44 даана снаряд атылып, 272200 м3 кар көчкү түшүрүлгөн. КР КК ГШ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясында түнөп калышкан. Кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 6-мартында улантылат.

Бишкек шаары

Ленин району. 2018-жылдын 6-мартында саат 21:07 чамасында Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сейтек” базарында өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянты күйгөн.

                 КР ӨКМнин  Ленин райондук №4 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, № 6 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн  1 бөлүм, №8 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн  1 бөлүм, Штаб, КР ӨКМ Бишкек шаардык башкармалыгынан 4 адам, КР ӨКМнин алдындагы ККББнан КБП (ППУ) унаасы менен ыкчам тобу 4 адам, КР ИИМнен 100 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 3 унаа жана Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 2 суу ташуучу унаасы тартылган.

Өрт саат 22:13тө өрт чектөөгө алынып, саат 00:40та толугу менен өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

II. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2018-жылдын 5-марттан саат 08:00дөн 6-мартына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги,маалыматы,өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары

 

3-АӨККБ

1

16:45

----

----

----

17:05

101

Свердлов району. Чүй проспектиси №4, Кездеме токуган фабриканын (Камвольно-суконный комбинат) аймагында таштанды күйгөн. Жолдон кайтышкан.

----

 

7-АӨКБ

1

18:33

18:48

18:54

жеткенге чейин

19:35

101

Октябрь район. Учкун кичирайону№21. Таштанды таштоочу түтүкчөдө таштанды күйгөн.

----

 

4-АӨКБ

8-АӨКБ

6-АӨКБ

ШТАБ

 

1

БИС

  21:07

 

21:13

21:13

21:12

 

21:12

 

21:18

21:25

21:36

 

22:13

00:40

00:50

 

00:28

 23:40

23:20

101

Ленин району,Киев көчөсү №246, ЖЧК “Сейтек” соода борборунун жыгач устундуу темир жабылган жалпы аянты 700 чарчы метр эки кабаттуу соода борбору толугу менен жана кийим-кече күйгөн. Өрттүн себеби:өрттү сыноо лабораториясы тарабынан такталууда.

1ствА

1ствБ

Чүй облусу

 

28-АӨКБ

1

22:28

22:58

23:00

23:13

00:00

101

Сокулук району. Ак-Ордо жаңы конушу, Абдрахманов көчөсү, №67 үй. Бөлмөнүн 30 чарчы метр жыгач шыбы, үй эмеректери палас күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

4-ӨККБ

1

15:56

16:02

16:05

16:25

16:34

101

Ысык-Ата району. Ивановка айылы, Ильина көчөсүнүн жээгинде аянты 50 чарчы метр болгон куураган камыш  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

кол каражат

 

1-ӨККБ

1

04:08

04:26

04:30

жеткенге чейин

04:58

101

Аламүдүн району. Ленин айылы, Восток көчөсү №59. Турак үйдүн ашкана бөлмөсүндө электр чайнеги күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

кол каражат

Ысык-Көл облусу

 

19-АӨККБ

1

09:18

09:24

09:35

09:55

10:15

101

Балыкчы шаары. Аманбаева көчөсү №115. Турак үйдүн ашкана бөлмөсүндө 3 чарчы метр гипсакартон дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

кол каражат

Жалал-Абад облусу

 

78-ӨККБ

1

14:03

14:08

14:18

14:45

14:55

101

Базар-Коргон району. Кенеш айыл аймагы, Абдураимов айылы, Аттокуров көчөсү №20. Жыгач устундуу темир менен жабылган сарайдын 52 чарчы метр чатыры, 30 боо жүгөрү бакалы жана 130 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

2018-жылдын 5-марты саат 08:00дөн 6-марты саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Октябрь району. 2018-жылдын 5-марты күнү саат 13:10до КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Көк-Жар кичи районундагы №21 үйүнүн №85 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 5-марты саат 20:24тө КР ӨКМнин 1-Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары куруучулар шаарчасындагы №3 үйүнүн №8 батиринин  бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Аламүдүн району. 2018-жылдын 5-мартында саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын 2 тургуну (1998-ж.т. А.А., 1998-ж.т. И.Т.) “Теплые ключи” эс алуучу жайынын аймагындагы шаркыратмага чыгып кеткен бойдон, кайра кайтып келишкен эмес. Ата-энесинин кайрылуусунун негизинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн, 6-март күнү КР ӨКМнин Бишкек ш. башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Саат 07:40 чамасында жоголгон эки жаран куткаруучулар тарабынан табылган. Абалдары канаатандыраарлык.

Ош облусу

Кара-Кулжа району. Капчыгай а/а, Ичке-Суу айылынын тургуну 1974-ж.т. Маманов М. Тар дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 2018-жылдын 27-февралы күнү саат 17:09да түшкөн.Ошол күндөн бери издөө иштери улантылууда. 2018-жылдын 5-марты саат 09:24тө Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук №66 Өрт – куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн.Издөө иштери оң жыйынтык берген эмес.

6-мартта Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 5-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 17:30дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 7-мартында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы