Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

05.03.2018

2018-жылдын 5-марты саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 5-8-мартына чейин туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгына байланыштуу КРнын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 3-мартында №02-34/166-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

         Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 2-мартында №6 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 4-мартында саат 10:30дан 11:15ке чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 222- чакырымында (Ала-Бел ашуусу) 8 снаряд атышып, 19000м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары туман түшкөндүгүнө байланыштуу 2018-жылдын 5-март күнү улантылат.

КР КК ГШ Артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясында түнөп калышкан.

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

2018-жылдын 4-мартынан саат 08:00дөн 5-мартына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

            Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

ККатар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн котегориясы

Убакыт

Билдирүү жолу

 

Дареги,маалыматы,өрттүн себеби

Беберилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Чүй облусу

1

15-ӨКБ

1 б

1

20:08

20:22

20:40

20:52

21:20

101

Москва району. Беловодск айылы Калинин көчөсү №2. Турак үйдүн 6чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

2

21-АӨКБ

1 б

1

23:01

23:14

23:20

23:30

23:59

101

Токмок шаары.Тоголок Молдо көчөсү №1. 40чарчы метр турак үйдүн 2 бөлмөсү, ичиндеги үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1980-жылы туулган Т.А. түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилген.  

Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.   

1ствБ

Жалал-Абад облусу

3

55-ӨКБ

1 б

1

13:15

13:38

жеткенге чейин

13:40

14:10

101

Ноокен району.Кочкор-Ата шаары Октябрь көчөсү №24. Турак үйдүн бир бөлмөсүндө электр плитада кароосуз калган тамак күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

----

Ысык-Көл облусу

4

39-ӨКБ

1 б

1

02:06

02:09

02:35

03:55

04:30

101

Ак-Суу району.Теплоключенко айылы Ленин көчөсү №140. Жалпы аянты 120 чарчы метр болгон барач тибиндеги турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

                         

 

       2018-жылдын 4-марты саат 08:00дөн 5-марты саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Ленин району. 2018-жылдын 4-март күнү саат 14:55те  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Москва көчөсүндөгү №194 үйүнүн №89 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи май району. 2018-жылдын 4-март күнү саат 16:03тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндөгү №7 үйүнүн №2 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Октябрь району. 2018-жылдын 4-март күнү саат 05:43тө 6-кичи райондогу Сухэ Батор- Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудуктун ичинен европа улутундагы аял кишинин (Р.Е.В 22.05.1983 ж.т.)  жансыз денесин чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Чүй облусу

Жайыл району. 2018-жылдын 4-март күнү саат 10:36 чамасында Сары-Коо айыл аймагыгнын Эриктүү айылындагы көлмөдөгү суунун денгээли көтөрүлгөн. КР ӨКМнин №22-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары  жерине барышып көлмөдөгү  сууну агызып, суунун деңгээлин түшүрүп беришкен.

Жайыл району. 2018-жылдын 4-март күнү саат 14:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Мам. №Z9574AD Тayota Ist үлгүсүндөгү жеңил унаа менен  мам.№070AAR Scania оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Тayota Ist унаанын ичинде 4 адам (2 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) болгон. Баардыгы каза болушкан. Оор жүк ташуучу унаадагы 2 адамдын абалдары жакшы. Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун   куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

5-мартта Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 4-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 5-мартында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы