Күндөлүк ыкчам маалымат
2018-жылдын 13-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө!
2018-жылдын 13-февралынан 14-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
14-февралдан 18-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. 17-18-февралда кар жаашы кээ бир райондордо күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 12-февралында №02-34/114-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.
2018-жылдын 12-февралы саат 08:00дөн 13-февралы саат 08:00гө чейин
өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Катар №
|
Бөлүм №
|
Өрттүн категориясы
|
Убакыт |
Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
Берилген ствол ГТКК
|
||||
чыгуу саат/м |
жетүү саат/м |
чектөө саат/м |
толук өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
||||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
10 |
|
Ош шаары |
||||||||||
1 |
12-АӨКБ 1 б |
1 |
12:51 |
13:05 |
жеткенге чейин |
---- |
13:40 |
101 |
Жапалак айыл аймагы. Кеңеш айылы, Каримов көчөсү №60 даректе турак үйдүн морунун тегерегинен өрт чыккан. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. |
---- |
2 |
85-ӨКБ 1 б |
1 |
01:46 |
01:57 |
02:17 |
02:47 |
03:17 |
101 |
Жапалак айыл аймагы. Озгур айылы, Коңур-Жаз көчөсү №105 дареги менен Сатаров көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы аянты 92м2 болгон бастырманын 60м2 аянты, 80 түк чөп жана 150 боо жүгөрү бакарлы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. |
1ствБ |
Чүй облусу |
||||||||||
3 |
21-АӨКБ 2б |
1 |
04:43 04:53 |
04:48 04:58 |
05:19 |
07:06 |
07:15 05:58 |
101 |
Токмок шаары. Ибраимов көчөсү №63 даректе аянты 150 м2 болгон жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. |
2ствБ 1ствА |
4 |
27-АӨКБ 1б |
1 |
03:44 |
жеткенге чейин |
----- |
----- |
03:55 |
101 |
Ысык-Ата району. Люксембург айылы, Садовый көчөсү №1 даректе өрт жөнүндө маалымат текшерилген. |
------ |
Жалал-Абад облусу |
||||||||||
5 |
58-ӨКБ 1 б |
1 |
16:15 |
16:18 |
16:20 |
17:10 |
17:20 |
101 |
Жалал-Абад шаары. Спутник кичи районунда жайгашкан кароосуз калган 9м2 болгон контейнер күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. |
1ствБ |
6 |
20-ӨКБ 1 б |
1 |
05:35 |
05:38 |
05:40 |
05:50 |
06:15 |
101 |
Жалал-Абад шаары. Төрөкулов Токтогул көчөсү №5-үйдүн 1-батиринде 1,5 чарчы метр болгон жуунучу бөлмө толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: кир жуучу машинасы иштетилген боюнча калган. |
1ствБ |
7 |
65-ӨКБ 1 б |
1 |
11:58 |
12:00 |
12:05 |
12:15 |
12:34 |
101 |
Сузак району. Ырыс айыл аймагы, Күмүш-Азиз айылы, Тилебай-Ажы көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган мечиттин жатаканасынын 12 м2 болгон бир бөлмөсүнүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. |
1ствБ |
8 |
58-ӨКБ 1 б |
1 |
17:05 |
жеткенге чейин |
---- |
---- |
17:16 |
101 |
Сузак району. Кайрагач айылында турак үйдөн чыккан өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. |
---- |
Ош облусу |
||||||||||
9 |
53-ӨКБ 1 б |
1 |
18:18 |
18:27 |
жеткенге чейин |
---- |
19:20 |
101 |
Өзгөн району. Кароол айыл аймагы, Шералы айылы, Чеки уулу Айти көчөсү №2 даректе турак үйдүн бир бөлмөсүндөгү 1 диван жана 1 килем күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. |
---- |
10 |
103-АӨКБ 1 б |
1 |
23:45 |
23:54 |
00:04 |
04:45 |
01:47 |
101 |
Өзгөн району. Куршаб айыл аймагы, Куршаб айылы, Алапаков көчөсү №19 даректе турак үйдүн шифер жабылган 12 м2 чатыры жана шыбы күйгөн. Ошондой эле чатырында жыйылган 2м3 кургак отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. |
1ствБ |
Ысык-Көл облусу |
||||||||||
11 |
19-ӨКБ 1 б |
1 |
19:15 |
19:41 |
жеткенге чейин |
---- |
20:49 |
101 |
Балыкчы-Кочкор унаа жолунда Таш-Сарай тилкесинин жанындагы токой күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. |
---- |
12 |
39-ӨКБ 1 б |
1 |
20:27 |
20:30 |
20:40 |
21:14 |
21:20 |
101 |
Ак-Суу району. Теплоключенко айылы, Комсомол көчөсү №109 даректе турак үйдүн 12м2 линолеуму күйгөн. Өрттүн себеби: атайын өрттөө. |
кол каражат |
Баткен облусу |
||||||||||
13 |
26-ӨККБ 1 б |
1 |
20:08 |
20:25 |
20:50 |
20:55 |
21:40 |
101 |
Баткен шаары. Бужум айылы, Майда-Көчөт тилкесинде ачык талаада аянты 400 м2 камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. |
кол каражат |
2018-жылдын 12-февралы саат 08:00дөн 13-февралы саат 08:00гө чейин
КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.
Чүй облусу
Жайыл району. 2018-жылдын 12-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 185-чакырымында "Киа Ретано" үлгүсүндөгү мамлекеттик № Z88-28Z Джип унаасы бузулуп, унаадагы эки адам үшүп калганына байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо борборунан 5 куткаруучусу жерине барып, үшүп калган адамдарды тамактануучу жана жылынуучу пунктуна “Парижге” жеткиришкен.
Жайыл району: 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 03:05де Бишкек-Ош унаа жолунун 64-чакырымында мамлекеттик № XС 463 E 77 RUS Дайво Некси үлгүсүндөгү унаасы менен мамлекеттик № O 46-33 G Хонда Одиссей унаасы сүзүшүп, жол кырсыгынын кесепетинен Деу Некси унаасынын айдоочусу, 1981-жылы туулган П.Э.О. кырсык болгон жерден каза болгон. КР ӨКМнин №22 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жарандын сөөгүн тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Хонда Одиссей унаасында 5 адам эч кандай жаракат алышкан эмес.
Жалал-Абад облусу
Таш-Көмүр шаары. 2018-жылдын 12-февраль күнү саат 19:10дө Бишкек-Ош унаа жолунун 452-чакырымында 2000-жылы туулган (Т. К. Т.) аттуу кыз Нарын суусуна секирген деген маалымат түшкөн. Сууга секирген кызды куткарууга КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 2- өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 8 куткаруучу тартылган. Бирок, куткаруучулар жеткенге чейин Нарын суусуна секирген кыз жээкке өзү сүзүп келген. ИИМ кызматкерлери кызды суудан чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
13-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Алай өрөөнүнүн чыгышында жана Кумтөр капчыгайында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Маалымат үчүн
Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 12-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 17:30дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
2018-жылдын 13-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.
Ош облусу
Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.
2018-жылдын 12-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧК алтын кен ишканасынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 200 метр дренаждык канал казылган. 9-февралдан 12 февралга чейин жалпы 385 метр дренаж казылган. 2018-жылдын 13-февраль күнү жумуш улантылат.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы




Ыкчам кезметчи
тел: | +996(3222)2-18-44 |
сот: | +996(770)800-100 |
факс: | +996(3222)5-60-77 |
e-mail: | od.mchs@mail.ru |
Министрдин кабылдамасы
тел: | +996(312)54-79-86, |
+996(3222)2-33-46 | |
e-mail: | mchs@elcat.kg |
Ишеним телефону:
тел: | (03222) 2-27-66, |
Коомдук кабылдама:
тел: | (03222) 2-27-66 |