Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

12.02.2018

2018-жылдын 12-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

 

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 11-февраль саат 08:00дөн 12-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары.

1

7-АӨКБ

1

14:38

14:50

15:04

15:25

15:55

101

Свердлов району. Аламедин-1 кичи районунун Ленин көчөсүндөгү №13 дарегинде жайгашкан чач тарачкананын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

2

7-АӨКБ

1

18-02

---

---

---

18-10

101

Октябрь району. Горький жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн өрт чыккандыгы жөнүндө маалымат текшерилген.

---

Чүй облусу

3

21-АӨКБ

1

19:55

20:04

20:06

20:42

20:56

101

Чүй району. Чүй айылы, Карл Маркс көчөсү №210-Б дарегиндеги турак үйдүн 6 чарчы метр полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

4

6-АӨКБ

1

23:58

00:21

00:50

03:13

03:40

101

Сокулук району. Военно-Антоновка айылы, Киров көчөсү №161 даректе турак үйдүн 50 чарчы метр шыбы, чатыры, үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

Баткен облусу

5

22-ӨКБ

1

11:08

11:11

---

Жеткенге чейин

11:20

101

Кызыл-Кыя шаары. №1 кичи районунда таштандыларды таштоочу жай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

---

6

26-АӨКБ

1

16:40

16:49

16:49

17:05

18:00

101

Баткен шаары. Базарбашы кварталы, Келечек көчөсүндөгү № жок даректе турак үйдүн 9 чарчы метр шыбы, 1 чарчы метр полу күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын колдонууда эреженин бузулушу.

1ствБ

7

26-АӨКБ

1

19:42

19:53

19:55

20:08

20:45

101

Баткен шаары. Базарбашы кварталы, Биримдик көчөсү № жок даректе 2 бөлмөлүү үйдүн дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү.

Кол каражаттары

Жалал-Абад облусу

8

80-ӨКБ

1

14:17

14:52

15:12

16:15

17:30

101

Ала-Бука району. Биринчи Май айыл аймагы, 4-бригад, № жок даректе жыгач устундуу 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко болгон этиятсыздык.

1ствБ

Ысык-Көл облусу

9

19-АӨКБ

1

15:12

15:44

16:30

19:30

20:40

101

Тоң району. Ак-Өлөң айыл аймагы, Көк-Мойнок айылында 3 га токой күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

10

31-ӨККБ

1

02:56

03:13

03:46

05:00

05:35

101

Ысык-Көл району. Бактуу-Долоноту айылынын Тунгатаров көчөсүндөгү №26 даректе турак үйдүн 40 чарчы метр полу, шыбы, төшөк, ашкана эмереги, диван, килем күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

Ош облусу

11

102-ӨККБ

1

21:03

21:24

21:37

22:05

22:30

101

Алай району. Жаңы-Алай айыл аймагынын Умаров көчөсүнүн “Беш кашар” тилкесиндеги 6 чарчы метр турак үйдүн мору жана 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

 

 

2018-жылдын 11-февралы саат 08:00дөн 12-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Биринчи Май району. 2018-жылдын 11-февраль күнү саат 13:25де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Скрябин көчөсүндөгү №43 үйүнүн 15-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары. 2018-жылдын 11-февраль күнү саат 22:41де КР ӨКМнин №20 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Акбаров көчөсүндөгү №20 үйүнүн 22-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

12-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 11-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 17:30дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 12-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.

Ош облусу

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын 11-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧКсынын алтын кен ишканасынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 85 метр дренаждык канал казылган. Жалпы 185 метр дренаждык канал казылган. 2018-жылдын 12-февраль күнү жумуш улантылат. 

 

Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  

Орусия Федерациясы

Москва облусу. Раменский районунда 2018-жылдын 11-февраль күнү Москва шаарынын "Домодедово" эл аралык аэропортунан Саратов авиа каттамына таандык Ан-148 учак Орск шаарын көздөй учуп чыгып, кулаган. Учактын ичинде жалпы 71 адам болуп, кырсыктын кесепетинен бардыгы каза болушкан.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы