Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

06.02.2018

2018-жылдын 6-февралы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

I.                  Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II.               Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 5-февралы саат 08:00дөн 6-февралы саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары

 

5-АӨКБ

1

22:07

22:11

22:14

22:16

22:18

101

Октябрь району. Элебаев көчөсүндөгү №1 үйдүн жанында 1 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кол каражат

 

5-АӨКБ

1

00:24

00:33

-------

-------

00:40

101

Биринчи май району. Эркиндик бульвары жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген.

---

Баткен облусу

1

26-АӨКБ

1

14:21

14:27

14:32

15:35

16:05

101

Баткен шаары. Пиримкул көчөсү № 9 даректе короодогу ачык аянтта 250 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2 ств Б

Ош облусу

 

66-ӨКБ

1

14:22

15:07

15:15

15:54

16:50

101

Кара-Кулжа району. Кара-Гуз айыл аймагы, Калматай айылында ачык аянтта 2 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

 

12-АӨКБ

1

19:27

19:35

19:38

19:53

20:29

101

Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылында “Нексия” үлгүсүндөгү мамлекеттик № AS780K 72RUS унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ств Б

 

68-ӨКБ

1

03:35

03:53

04:26

05:55

06:30

101

Алай району. Жошолу айыл аймагынын Кыз-Эмчек айылында ачык аянтта 3 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1 ств Б

Жалал-Абад облусу.

 

20-АӨКБ

1

19:33

19:42

19:41

19:52

19:50

20:40

20:57

20:30

101

Сузак району. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры, 50 чарчы метр жыгач шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

2 ств Б

Ысык-Көл облусу.

 

39-ӨККБ

1

22:11

22:14

23:03

23:30

23:55

101

Ак-Суу району. Теплоключенка айылы, Комсомол көчөсү №77 даректе шифер менен жабылган сарайдын 18 чарчы метр чатыры жана турак үйдүн 21 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 

1 ств Б

 

2018-жылдын 5-февралы саат 08:00дөн 6-февралы саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

 Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

Ош облусу

Алай району. Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулоого кетип, дайынсыз жоголгон. Ошондон бери издөө иштери тынымсыз улантылып келген. 5-февралда издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Алай райондук бөлүмүнүн №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 70 адам, РИИБден 22 кызматкер, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө байланыш пункту (ППУ) менен ыкчам тобу тартылып, натыйжада саат 15:16 да “Ат” жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары. 2018-жылдын 5-февралы күнү саат 16:25де Каракол суусу тоңуп, суу ашып, үйлөрдүн короолорун каптоо коркунучу жаралган. КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барышып, арыктагы муздарды талкалашып, суунун нугун буруу иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюшкан.

 

6-февралында күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

 

Кошумча маалыматтар

Чүй облусу

Аламүдүн району. Таш-Мойнок айыл аймагындагы Беш-Күнгөй айылынын Проектировщик дачасында арыктагы суу тоңуп, 3 турак үйдүн короолорун суу каптаган. КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана Беш-Күнгөй айылынан 1 экскаватор тартылы, арыктагы суунун нугун башка жака буруу иш-чарасы жүргүзүлүп, суу каптоо жоюлган.

 

Бишкек-Ош унаа жолу

Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-февраль күнү саат 18:00дөн тартып "Сосновка" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген жана 6-февраль күнү саат 06:30да убактылуу коюлган чектөө кайра алынды.

 

Бишкек шаары

Биринчи май району. 2018-жылдын 31-январында саат 16:30 чамасында Ала-Арча суусуна муз тоңуп, сайдан суу ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. 5-февраль күнү КР ӨКМнен 1 кызматкер, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынан 10 адам, 1 экскаватор, 1 самосвал жана 2 жүктөгүч тартылып, Малдыбаев жана Рыскулов көчөсүндө Ала-Арча суусуна тоңгон муз катмарларын тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 2018-жылдын 31-январынан 5-февралына чейин жалпы 14400м3 муз катмарлары ташылып чыгарылган. Учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы. 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Февраль 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы