Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

05.02.2018

2018-жылдын 5-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө!

2018-жылдын 5-фералына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ошого байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

I.                  Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II.               Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 4-февралы саат 08:00дөн 5-февралы саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

Бишкек шаары

1

6-АӨКБ

1 б

1

14:40

14:50

----

----

15:08

101

 Ленин району. Кавказ көчөсү №18 даректе өрт жөнүндө маалымат текшерилген. 

----

2

6-АӨКБ

1 б

1

14:48

14:58

----

----

15:03

101

Ленин району. Садыгалиев көчөсү №13/3 даректе өрт жөнүндө маалымат текшерилген.

----

3

4-АӨКБ

1 б

1

18:20

18:30

18:37

19:25

20:05

101

1-Май району. Матыев көчөсү №224 даректе жыгач устундуу рубиройд менен жабылган сарайдын 8 чарчы метр чатыры жана темир гаражда таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык.

2ствБ

4

7-АӨКБ

1 б

1

18:25

18:35

18:43

19:03

19:27

101

Октябрь району. Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик № S80-52АХ “Форд Фокус” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

5

3-АӨКБ

1 б

1

03:05

03:13

04:08

05:07

05:35

101

Свердлов району. Бакай-Ата жаңы конушундагы Нооруз көчөсү №34 даректе аянты 80 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

2ствБ

6

7-АӨКБ

1 б

1

03:10

03:40

03:57

04:25

04:48

101

Октябрь району. Көк-Жар айылындагы Табылды уулу көчөсү №8 даректе турак үйдүн бөлмөсүндө телевизор, диван-кресло күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

1ствБ

7

4-АӨКБ

1 б

1

04:42

05:50

05:10

05:28

06:00

101

Ленин району. 2-линия көчөсү 48-үйдүн 3-батиринде 30 чарчы метр мончонун чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ош шаары

8

13-АӨКБ

1 б

1

19:06

19:15

19:25

20:01

20:39

101

Өзгөн көчөсү №201. Турак үйдүн жанында ачык аянтта 2 чарчы метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

9

12-АӨКБ

1 б

1

19:12

19:20

19:47

20:17

20:40

101

МЖК кичи району. 1-көчөдө жайгашкан №5 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө электр калкан (щит) күйгөн.  Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

10

13-АӨКБ

1 б

1

19:33

19:39

19:55

20:20

20:42

101

Монуев көчөсү №24А. Турак үйдүн бөлмөсүнүн 11 чарчы метр шыбы күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Чүй облусу

11

22-ӨКБ

1 б

1

21:13

21:33

21:38

22:10

22:48

101

Жайыл району. Новониколаевка айылындагы Октябрь көчөсү №66 даректе турак үйдүн чатырынын 5 чарчы метр мордун тегереги күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

12

57-ӨКБ

1 б

1

12:08

12:18

12:25

13:05

13:50

101

Таш-Көмүр шаары. Бишкек-Ош унаа жолунун 452-чакырымында жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (ТТС) жанында “Мерседес-бенс 220” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн (унаанын № такталууда). Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

1ствБ

13

81-АӨКБ

1 б

1

00:55

01:12

01:17

02:20

02:55

101

Чаткал району. Сумсар айыл аймагындагы Шакафтар айылынын Алымбек көчөсү №52 дарегинде аянты 67,5 чарчы метр турак үйдүн 4 бөлмөсү жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

14

20-ӨКБ

1 б

1

02:00

02:14

02:15

02:35

05:55

101

Жалал-Абад шаары. Достук кичи району, Салахов көчөсү №21 даректе аянты 2 чарчы метр болгон ашкананын шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

Кол каражат

15

65-ӨКБ

1 б

1

04:57

05:02

05:12

06:45

07:00

101

Сузак району. Ырыс айыл аймагы, Күмүш-Азиз айылы, Токтогул көчөсү №15 даректе аянты 70 чарчы метр болгон үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

Баткен облусу

16

74-ӨКБ

1 б

1

17:41

17:53

18:15

19:00

19:40

101

Лейлек району. Исфана шаары, Жаштык кичи району №жок даректе турак үйдүн үч бөлмөсүнүн полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

2018-жылдын 4-февралы саат 08:00дөн 5-февралы саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Октябрь району. 2018-жылдын 4-февралы күнү саат 09:20да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 11-кичи районундагы “Мотор” унаа жуучу жайдын жанында жайгашкан люктун ичинен бир адамдын (селсаяк) жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ош облусу

Алай району. Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң улоого кетип, дайынсыз жоголгон (акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөөсү менен байланышкан). Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. 4-февраль күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 120 адам жана РИИБден 9 кызматкер тартылып, саат 19:00гө чейин жүргүзүлдү. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери 5-февралда улантылат.

Араван району. Төбө-Коргон айыл аймагынын Уйгур-Абад айылында 2018-жылдын 4-февралы күнү саат 15:00 чамасында 2014-жылы туулган Э. И. үйүнүн короосунда ойноп жатып, кудукка түшүп кеткен. Жерине КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жана КР ӨКМнин №64 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жаш баланын жансыз денесин чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Талас облусу

Кара-Буура району. 2018-жылдын 4-февралы күнү саат 10:14дө КР ӨКМнин №91 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кызыл-Адыр айылынын Садовое көчөсүндө суу түтүгү жарылып, 3 үйдүн короосун суу каптаган жерге барышкан. Куткаруучулар жерине барышып, сууну токтотушуп, арыктагы музду тазалашып, суунун нугун арыкка бурушкан.

Талас шаары. 2018-жылдын 4-февралы күнү саат 16:05де КР ӨКМнин № 17 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Калинин көчөсүндө жайгашкан №129 үйүнүн короосунда суу түтүгү жарылып, короосун суу каптаган жерге барышкан. Куткаруучулар үй ээсине түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшүп кайтышкан.

5-февралында күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 4-февраль күнү саат 18:00дан тартып, Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 5-февралында саат 06:15те убактылуу коюлган чектөө кайрадан алынды.

Бишкек шаары

Биринчи Май району. 2018-жылдын 31-январында саат 16:30 чамасында Ала-Арча суусуна муз тоңуп, сайдан суу ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

4-февраль күнү КР ӨКМнен 1 адам, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынан 10 адам, 1 экскаватор, 1 самосвал жана 2 жүктөгүч тартылып, Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусуна тоңгон муз катмарларын тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү. 2018-жылдын 31-январынан 4-февралына чейин жалпы 2890м3 муз катмарлары ташылып чыгарылган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө. 

Иш-чаралар 2018-жылдын 5-февралында улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Февраль 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы