Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

12.01.2018

2018-жылдын 12-январы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү!

Январдын 12-нен 16-на чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: 12-январда жана 14-16-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. 13-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуу болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 11-январында №02-34/17-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Ош шаарларынын мэрине жеткирилген. Ошондой эле, 2018-жылдын 11-январында КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

I.                  Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

 

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 11-январынын саат 08:00дөн 12-январына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн  

категориясы №

 

                         

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

11

Бишкек шаары

1

3-АӨКБ

1 б

1

02:38

02:52

 

 

 

101

Бишкек шаары. Асанбай кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу №2 турак үйдүн жанында жайгашкан “У соседа” дүкөнүндө муздаткыч, айнек витрина, тамак-аш күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу.

 

Чүй облусу

2

15-ӨКБ

1 б

1

22:10

22:28

22:35

23:00

23:25

101

Москва району. Петровка айылынын Совет көчөсүндө аянты 12 чарчы метр сарай  3 куб жыгачы менен күйгөн. Себеби  такталууда.

1ствБ

3

7-АӨКБ

1

22-44

22-57

22-59

23-00

23-55

101

Аламүдүн району. Лебединовка айылынын Комсомол көчөсүнүн №4 турак үйдүн ондулин м-н жабылган 24 чарчы метр чатыры күйгөн.  Себеби: мордун туура эмес түзүлүшү.

-------

4

5-АӨКБ

3-АӨКБ

1

22-49

 

23-05

23-07

 

23-15

23-20

00-19

01-08

 

01-04

101

Аламүдүн району. Рухий Мурас жаңы конушунун 6-көчөсүнүн №359   турак  үйдүн  95 чарчы метр чатыры, 4 чарчы метр  мончонун чатыры, бөлмөдө үй оокаттары  күйгөн.  Себеби: мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү.

2ствБ

Ош шаары

5

12-АӨКБ

2 б

1

15:45

15:54

15:54

16:02

16:24

17:21

16:55

17:43

101

Ош шаары. Амир Тимур  көчөсүнүн №32 турак үйүнүн 105м2 түзгөн 3 бөлмөсү, документтери,  үй буюмдары менен күйгөн.

 Өрттүн себеби такталууда.

3 ств Б

Ош облусу

6

53-ӨККБ

1 б

1

18:05

18:11

----------

жеткенге чейин

18:30

101

Өзгөн району. Өзгөн шаары, ПМК көчөсүндө “Мersedes-Benz” үлгүсүндөгү жеңил унаанын алдынкы панели күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

 

Жалал-Абад   облусу

7

20-АӨКБ

1 б

1

11:38

11:40

11:41

11:44

11:50

101

 Жалал-Абад шаары. Эркиндик көчөсүнүн  №72 турак үйүнүн морунун тегереги өрттөнгөн.

Өрттүн себеби:  жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү.

1 ств Б

8

78-ӨККБ

2 б

1

20:00

20:30

20:15

20:48

20:25

22:46

23:07

21:52

101

Базар Коргон району. Бешик Жон айыл аймагынын Интернат айлынын Капаров көчөсундөгү  72 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры толугу менен күйгөн. 200 түк беде чөп, 250 боо жүгөрү пая, 3,5 тонна чөп күйгөн. Себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

2 ств Б

Талас облусу

9

101- ӨКБ

1 б

1

02:37

02:51

 

 

 

 

Талас району. Көк Кашат айыл аймагынын  Көк Кашат айылында Кожомкул атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан  борбордук көчөсүнүндө сарайдын ичинде жыйылган чөп күйгөн. Себеби:такталууда

 

 

 

2018-жыл 11-январь саат 08:00дөн 12-январь саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Ленин району. 2018-жыл 11-январь күнү саат 12:50 дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары

Сыдыков көчөсүндөгү №207  турак үйүнүн 118 батиринин  бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

Октябрь району. 2018-жыл 11-январь күнү саат 18:21де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Совмин шаарчасы 1/1 үйүнүн эшиги бекилип калган № 151 батирдин ичинде  7 жашар  жана 1 жашар балдар калып калган. Куткаруучулар келгенге чейин үй ээси эшигин ачып алган.

 

Ош облусу

Алай району. 2018-жыл 11-январь күнү саат 13:30 чамасында КР ӨКМнин 68-Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Коңур-Дөбө айыл аймагына караштуу Жар-Кыштак  айылынын Терек-Аңгал жарынан 1978 ж.т П.К.Т. (Тогуз-Булак айылынын тургуну) аттуу жарандын жансыз денесин саат 13:50дө табышып, Алай райондук РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

 

12-январь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

2017-жылдын 27-декабрында Жалал-Абад облусунун аймагында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен турак-жайлары жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында, 2018-жылдын 10-январы күнү Кант шифер заводунан КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (КДМБ) оор жүк ташуучу унаасына жүктөлүп жөнөтүлгөн 440 даана шифер 11-январь күнү Ала-Бука районун Көк-Таш айыл аймагынын Көк-Таш айылына түшүрүлүп берилген.

Мындан сырткары, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына  440 даана шифер жүктөлүп Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна жөнөтүлдү.

2018-жылдын 1-январынан 11-январына чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна жалпы 10890 даана шифер жеткирилип берилген.

 

Чүй облусу

Чүй району. Чүй айылынын жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу денгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери уланып жатат.

Тартылган күч жана каражаттар: Чүй райондук токой чарбадан 1 даана экскаватор, Ысык-Ата районунан тартылган 1 даана экскаватор “Драглайн” жана Чүй айылынан 1 даана экскаватор тартылган.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн товардык-материалдык баалуулуктар: 2018-жылдын 11-январында Чүй айылынын Колхозная, Заречная жана Буранитская көчөлөрүндө 45 метр аралыктагы ачык типтеги дренаждык каналдардын тазалоо иш чаралары жүргүзүлгөн.

Тазалоо иш-чаралары 2018-жылдын 12-январында улантылат.

 

 

Токмок шаары. Томок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу суу денгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүп баштаган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрткө каршы блүмүнөн (АӨКБ) 10 адам, №24 АӨКБнөн 5 адам, Сокулук райондук Жарандык коргонуу (ЖК) кызматы тарабынан 1 экскаватор жана Панфилов райондук ЖК кызматы тарабынан 1 экскаватор жана КР КК Генералдык штабынын №52806 аскер бөлүгүнөн 15 жоокер тартылган.

 Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн товардык-материалдык баалуулуктар: 2018-жылдын 11-январында Токмок шаарынын Октябрга 70 жыл жана 8-Март көчөлөрүндө 1000 метр аралыктагы ачык типтеги дренаждык каналдардын тазалоо иш чаралары жүргүзүлгөн.

Тазалоо иш-чаралары 12-январь күнү улантылат.

 

Жайыл району. Унаа тыгындарын алдын алуу, болтурбоо жана жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда 2018-жылдын 12-январы күнү саат 08:00дө чоң оор жүк ташуучу унааларга киригизилген чектөө алынды.

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусунан баштап Чычкан капчыгайына чейин) абалды текшерүү максатында чыгып кеткен КР ӨКМнин ККББнын КБП (ППУ) менен КР ӨКМнин ыкчам тобу, саат 22:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан КР ӨКМнин КДМБнын жылынуучу жайына жетип, түнөп калышты.

2018-жылдын 11-январы күнү  саат 11:30да Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан баштап Чычкан капчыгайына чейинки аралыктагы абалды текшерүү максатында КР ӨКМнин Басма-сөз кызматынын ыкчам тобу ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Кыймылдуу башкаруу пункту менен жолго чыгып кетишкен. Саат 22:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (КДМБ) жылынуучу жайына жетип, түнөп калышты.

 

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа тыгындарын болтурбоого, айдоочулардын коопсуздугун камсыздоого жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө көмөктөшүү максатында, КР КК Генералдык Штабынын 1 Трал унаасына МТ-ЛБ аскер сүйрөгүч (тягач) унаасы жүктөлүп, 12-январь күнү саат 00:40та КР ӨКМнин КДМБнан атайын “Нива” унаасынын коштоосунда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына (Төө-Ашуу) МТ-ЛБ аскер сүйрөгүч (тягач) унаасы түшүрүлүп, саат 01:15те туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы