Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

08.01.2018

2018-жылдын 8-январы саат 08:30га карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

8-январь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Маалымат үчүн

Чүй облусу

Токмок шаары. Томок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу денгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери уланып жатат. 2018-жылдын 6-январында Иваницина жана 8-март көчөслөрүндө  бак дарактарды кыюу иштери жүргүзүлгөн, 7-январында Слабодская, 70-жыл Октябрь жана Колхозный көчөлөрүндө дренаждык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Тазалоо иш-чаралары 8-январь күнү улантылат.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Токмок шаардык бөлүмүнөн 3 адам. Жайыл райондук жарандык коргонуу кызматынан 1 экскаватор, 2 оор жүк ташуучу унаа, 4 адам. Токмок жылулук ишканасынан 1 экскаватор, 2 адам.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 2018-жылдын 07-январында саат 04:39да КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук бөлүмүнө Бостери  айылындагы «Борбор» пансионатында «Осьминог» кафеси күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чыккан өрт, өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинде саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүүрүгө  жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

       1. «Осьминог кафеси» бир кабаттуу узуну 30х16 метр, тактайдан салынып чатыры ондулин листери менен жабылган. Имарат толугу менен күйүп кеткен.

       Өрттүн кесепетинен жакын салынган:

       2. «Грин Хаус» 3 кабаттуу конок үйү (котедж) жалпы аянты 1500 чарчы метр, ал эми өрткө дуушар болгон аянты 750 чарчы метрди түзгөн. Дубалы кирпичтен, чатыры ондулин листери менен жабылган, 9 даана пластик терезе, 8 диван, 8 даана  кровать, 8 даана эшик, палас, тюл ж.б. күйгөн.

       3. «Саябан» 2 кабаттуу конок  үйү (котедж) узуну 15х12  метр,  дубалы кирпичтен. 90 чарчы метр чатыры, экинчи кабатынын 30 чарчы метр аянты, 6 даана пластик терезе жана 6 даана эшик, 1 даана муздаткыч, 1 даана телевизор, 1 даана шкаф, 2 даана кравать, ж.б күйгөн.

Өрттүн чыгуу себеби ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы