Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

04.01.2018

2017-жылдын 30-декабры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-жана 198-255-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы пайда болгон.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 26-декабрында №14-буйругу чыккан.

Жогорудагы буйрукту аткаруу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-жана 198-255-чакырымдарында КРнын КК ГШ артиллериялык эсеп, 2017-жылдын 29-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 249-чакырымында (Жаңы-Жол а/а) саат 10:00-10:30га чейин 6 снаряд атылып, 9000 м3 кар көчкү түшкөн. Жолго жеткен эмес.         

Артиллериялык эсеп Жалал-Абад облусунун аймагында карды атайлап түшүрүү иш чараларын аяктап Чүй облусунун аймагына жолго чыккан, бирок Бишкек-Ош унаа жолунда унаа тыгыны болгондугуна байланыштуу 209-чакырымында жолдо түнөп калышкан.

2017-жылдын 30-декабрында артиллериялык эсеп Чүй облусунун аймагына жолго чыгышкан.

Жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда кар көчкүлөрүнүн түшүшүн, жер көчкүлөрдү эскертип жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иш алып баруучу штаб 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу жана башка унаалар үчүн күндүн саат 12:00дөн 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмө пунктунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” өткөрмө пунктунда жана Талас облусунун Өтмөк ашуусунда чектөөлөрдү киргизүү боюнча КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 27-декабрында №2 буйругу чыккан.

30-декабрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Маалымат үчүн

2017-жылдын 29-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 195- жана 224-чакырымдарында жол тыгындары болгонуна байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда саат 11:30да чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.      Ошондой эле саат 14:00дө унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилген. Саат 16:20да Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунда баардык унаалар үчүн чектөө киргизилген.

2017-жылдын 30-декабрында “Сосновка” постунда саат 05:00дөн тартып 5-6 унаадан 500 метр аралыкты чектөө менен өткөзүлүүдө.

Чүй облусу

Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 19-декабрында №9-Б буйругу чыгып, Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Токмок шаардык коммуналдык ишканалар комбинатынан 3 даана самосвал жана 12 адам, Токмок шаардык ӨКБнөн 13 адам иштеп, 2017-жылдын 29-декабрында Токмок шаарынын Слабодская, Совхозная, 8-март жана Охотничья көчөлөрүндө бак-дарактарды кыюу иш чаралары жүргүзүлгөн.  

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы