Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

29.12.2017

2017-жылдын 29-декабры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө!!!

2017-жылдын 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын ичиндеги 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын 26-декабрында №02-34/942-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди. Ошондой эле 2017-жылдын 26-декабрында КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан телерадио каналдарынын эфирин тартып алуу аркылуу жана уюлдук операторлордон СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар калкка жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-жана 198-255-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында КР Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 26-декабрында №14 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-жана 198-255-чакырымдарында аткаруу үчүн КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан (ГШ) артиллериялык эсеп 2017-жылдын 28-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Жаңы-Жол айыл аймагы) саат 10:00дөн 12:00гө чейин 10 снаряд атып, кар көчкү түшкөн эмес. Бишкек-Ош унаа жолунун 251-чакырымында саат 15:00дөн 16:00гө чейин 6 снаряд атылып, 3600 м3 кар көчкү түшкөн. Жолго жеткен эмес. Артиллериялык эсеп Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы “Итагар” станциясына саат 17:00дө келип түнөп калышкан. Кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары 2017-жылдын 29-декабры күнү саат 10:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 249-чакырымында улантылат.

Бишкек-Ош унаа жолунда 31-декабрга чейин саат 12:00дөн 00:00гө чейин чектөө киргизилген

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын 2017-жылдын 27-декабрында №2 буйругуна ылайык жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда кар көчкүлөрүнүн түшүшүн, жер көчкүлөрдү эскертип жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иш алып баруучу штаб түзүлдү. Ошол эле буйруктун негизинде 2017-жылдын 27-декабрынан 31-декабрына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу жана башка унаалар үчүн күндүн саат 12:00дөн 00:00гө чейинки аралыгында Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрмө пунктунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда жана Талас облусунун Өтмөк ашуусунда чектөөлөрдү киргизүү тапшырмасы коюлган.

I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Өрт  өчүрүү,  бөлүктөрүнүн  чыгууларынын

2017-жылдын 28-декабрь 08:30дан 29-декабрь 08:30га  чейин

КҮНДӨЛҮК     МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаары

 

1

5-АӨКБ

1-бөлүк

 

10-53

11-05

11-11

11-20

12-10

101

Октябрь району. Дружба көчөсү №5 даректеги “Крос-Инк” ЖЧКнун Унаа жасоочу жайдын чечинүүчү бөлмөсүнүн 20 чарчы метр пласик жасалгасы, “Тойота-Клюгер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № I15-70K унаанын арткы багажы күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств.Б

2

6-АӨКБ

1-бөлүк

1

04-29

04-45

--------

--------

05-04

101

Ленин району. Кривоносов-Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде өрт жөнүндө маалымат текшерилген.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

3

АӨКБ-28

1-бөлүм

1

14-02

---------

--------

--------

14-24

101

Аламүдүн району. Кашка-Суу айылында Кошмо үй күйгөн, өздөрү өчүрүп калышкан. Жолдон кайтуу.

---------

4

ӨКБ-2

1-бөлүм

1

15-40

16-17

17-07

17-45

18-35

101

Панфилов району. Чалдыбар айыл аймагындагы Озёрный айылы, Северный көчөсү №9 даректе жыгач устундуу шифер жабылган 10 чарчы метр бастырма, 1500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 

1ств Б

5

АӨКБ-27

1-бөлүм

1

18-28

18-30

18-36

18-50

19-10

101

Ысык-Ата району.  Кант шаары, Ленин  көчөсүндө  “АУДИ-100” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S17-03R унаанын    кыймылдаткыч бөлүгү, сол жак дөңгөлөгү күйгөн. Себеби:   электр   жабдууларын   куроодо  эреженин бузулушу.

1ствБ

6

ӨКБ-15

1-бөлүм

1

02-15

02-35

02-50

03-15

03-36

101

Москва району. Александров айылы, Ворошилов көчөсү №43 даректе 50 чарчы метр шифер менен жабылган жыгач устунду навес бастырманын чатыры күйгөн. Себеби: мордун туура эмес түзүлүшү.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                   Жалал-Абад облусу

 

7

ӨКБ-65

1-бөлүм

1

12-40

13-34

13-40

14-35

15-35

101

Сузак району. Кыз-Көл айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, М.Айытов көчөсү № жок даректе аянтты 112 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эреженин бузулушу.

2 ств Б

 

8

ӨКБ-20

1-бөлүм

1

14-12

14-27

14-30

15-19

15-43

101

Сузак району. Барпы айыл аймагы, Төбөй айылы, Назаров көчөсү №22 даректе аянтты 40 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн эки бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Ичинде эшик, терезе, 8 даана төшөк, 2 даана килем, электр чырак күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

9

ӨКБ-94

1-бөлүм

1

18-15

18-20

18-25

18-45

18-55

101

Кара-Көл   шаары.  Сабирова көчөсүндө трансформатор  ТП-25-1 майы күйгөн. Себеби: электр  жабдууларын  куроодо  эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

 

10

ӨКБ-53

1-бөлүм

1

17-05

17-14

17-31

17-44

18-28

101

Өзгөн району. Өзгөн шаары, Исламабад көчөсү № жок даректе мончонун 4 чарчы метр жыгач ички жасалгасы күйгөн. Себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

11

ӨКБ-104

1-бөлүм

1

01-43  

02-30  

02-42  

04-43

05-15

112

Ноокат району. Кулатов айыл аймагы, Баглан айылы, Эралы-Ата көчөсү №21 даректе жыгач устундуу шифер жабылган үйдүн 132 чарчы метр чатыры, 130 чарчы метр ДВП шыбы, 30 даана төшөк, 10 даана палас, 2 даана ашкана эмереги, 5 даана килем күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствА

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                         Ысык-Көл облусу

 

12

АӨКБ-15

1-бөлүм

1

18-00

18-03

18-15

18-45

19-00

101

Каракол шаары.  Рахманов  көчөсү №188 даректе турак  үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө мордун айланасында 2 чарчы метр жыгач шыбы, 1 чарчы метр чатырындагы устун күйгөн. Себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                          Баткен   облусу

 

13

АӨКБ-26

 1-бөлүм

1

19-42

19-50

20-12

20-38

20-57

101

Баткен шаары. Миралиев көчөсүндө 7 сотык камыш жер, 25 бак көчөтү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кол каражаты м-н

14

ӨКБ- 62

1-бөлүм

2-бөлүм

1

01-37

 

02-09

01-43

 

02-15

02-27

02-53

03-20

 

03-21

101

Кызыл-Кыя шаары. Январь кичи району, “Жазгүл” кафесинин экинчи кабатында 24 чарчы метр 2 бөлмөлүү жатакана күйгөн. Себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

2ствБ

 

2017-жылдын 28-декабры саат 08:30дан 29-декабрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

         Октябрь району. 2017-жылдын 28-декабры күнү саат 22:41де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 8-кичи районундагы №1/4 үйүнүн 21-батиринин бекилип калган эшигин ачууга чыгышкан.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары. 2017-жылдын 28-декабры күнү саат 17:03дө Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында Хово үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG 273 PC оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тойота ОРА үлгүсүндөгү мамлекеттик № D3453K, ДЕУ Нексия үлгүсүндөгү мамлекеттик № T966KC77, ДЕУ Матиз үлгүсүндөгү мамлекеттик № XK163У77 унааларды сүзүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген, 2003-жылы туулган С уулу С. Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ошол жерде каза болгон. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

Кара-Көл шаары. 2017-жылдын 29-декабры күнү саат 04:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 398-чакырымында “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В2960АМ унаа жолдон чыгып кеткен. Айдоочусу шок абалда болгон. КР ӨКМнин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшүп, тез жардамкызматына өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.  

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2017-жылдын 28-декабры күнү саат 11:05де КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары “Ак-Булак” ЖЧКнын шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

 

29-декабрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөөлөр боюнча маалымат

2017-жылдын 28-декабрында унаа тыгындарын жоюу, жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" өткөрмө жайында саат 16:30да оор жүк ташуучу унааларга, саат 22:00дө жеңил унааларга чектөө киргизилген. Жеңил унаалар үчүн коюлган чектөө 2017-жылдын 29-декабрында саат 00:50дө алынган.

2017-жылдын 29-декабрында унаа тыгындарын жоюу, жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 04:30да бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Талас облусу

2017-жылдын 27-декабры күнү болжол менен саат 03:00дөн 08:00 чамаларында Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн жана социалдык обьектилердин темир чатырларын жана шиферлерин учурган.

Райондук жарандык коргонуу комиссиялары жеринде тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Кара-Буура районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен, анын кесепетинен 184 турак үй, 10 социалдык обьект, 98 сарайдын жалпысы 5178 даана шиферин жараксыз абалга алып келген. Жалпы район боюнча материалдык чыгым 1 449 840 сомду түзгөн.

Бакай-Ата районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен, анын кесепетинен 6 турак үй, 3 социалдык обьектинин жалпы 245м2 профнастилин, 12 даана шиферин, 104 м стропила, 265 м рейкасын жараксыз абалга алып келген. Жалпы район боюнча материалдык чыгым 78 875 сомду түзгөн.

Манас районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен, анын кесепетинен 204 турак үй, 14 социалдык обьект, 76 сарайдын жалпысы 2423м2 профнастил, 4156 даана шифер жараксыз абалга келген. Жалпы район боюнча материалдык чыгым 1 584 517 сомду түзгөн.

Талас облусу боюнча жалпы 394 турак үй, 27 социалдык обьект, 174 сарайдын жалпысы 2668 м2 профнастил, 9346 даана шифер, 104 м стропила, 265 м рейка жараксыз абалга келген. Жалпы облус боюнча материалдык чыгым 3 113 232 сомду түзгөн.

Ош облусу

Алай району. 2017-жылдын 27-декабры күнү саат 14:00 чамасында Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш, Үч-Дөбө айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 32 метрге жеткен шамал катталган.

Райондук жарандык коргонуу комиссиялары жеринде тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүштү. Шамалдын кесепетинен 350 турак жай, 15 сарай, 63 социалдык обьектилердин жалпы 428 даана шифер, 301м2 профнастил, 98 даана страпила, 29309метр рейка жараксыз абалга келген. Жалпы район боюнча материалдык чыгым 325 975 сомду түзгөн.

Чүй облусу

Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 19-декабрында №9-Б буйругу чыгып, Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Чүй облустук суу чарба башкармалыгынан 1 эксковатор, Токмок шаардык жылуулук тармагынан 1 эксковатор, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 эксковатор жана 1 жеке менчик эксковатор кырсыктын алдын алуу жумуштарына тартылып, 2017-жылдын 28-декабрында Токмок шаарынын Слободск көчөсүндө узундугу 200 метр, Саадаев көчөсүндө узундугу 30 метр аралыктагы ачык коллектордук – кургатуу канал тармагын тазалоо жана тереңдетүү боюнча иш-чаралар жүргүзгөн.

Мындан сырткары Чүй айылынын Колхозная көчөсүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Жалпы тазаланган ачык типтеги коллектордук дренаждын узундугу 550 метр. Тазалоо иш-чаралары 29-декабрь күнү улантылат.

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району. 2017-жылдын 27-декабры күнү болжол менен саат 04:00дөн 05:00 чамасында район аймагында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Шамалдын кесепетинен 662 турак жай, 17 социалдык обьект, 399 кошумча курулуштардын жалпы 16 605 даана шифер, 750м2 профнастил жараксыз абалга келген. Жалпы район боюнча материалдык чыгым 5 999 250 сомду түзгөн.

Чаткал району. 2017-жылдын 27-декабры күнү болжол менен саат 04:00-05:00 чамасында район аймагында катуу шамал катталган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Сумсар айыл аймагында 25 турак үй жана 2 соцалдык обьектилердин жалпы 284 даана шиферин, 121 м рейкасын жана 96 даана стропиласын катуу шамал учуруп, жараксыз абалга алып келген. Жалпы айыл аймак боюнча материалдык чыгым 295 288 сомду түзгөн. Шамалдын ылдамдыгы такталууда.

Токтогул району. 2017-жылдын 27-декабры күнү саат 19:00 чамасында Чолпон-Ата айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылына баруучу Токтогул-Бешташ ички чарбалык унаа жолунун 51-чакырымында көлөмү болжол менен 13500м3 жер көчкү түшүп (унаа жолго 5900м3 түшкөн), жол каттамы жабылган.

№23 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолду тазалоо иштери 28-декабрь күнү жүргүзүлүп, саат 20:00дө толук тазаланып ачылган.

Чүй облусу

Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 19-декабрында №9-Б буйругу чыгып, Токмок шаарында жана Чүй районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Чүй облустук суу чарба башкармалыгынан 1 эксковатор, Токмок шаардык жылуулук тармагынан 1 эксковатор, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 эксковатор жана 1 жеке менчик эксковатор кырсыктын алдын алуу жумуштарына тартылып, 2017-жылдын 28-декабрында Токмок шаарынын Слободск көчөсүндө узундугу 200 метр, Саадаев көчөсүндө узундугу 30 метр аралыктагы ачык коллектордук – кургатуу канал тармагын тазалоо жана тереңдетүү боюнча иш-чаралар жүргүзгөн.

Мындан сырткары Чүй айылынын Колхозная көчөсүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Жалпы тазаланган ачык типтеги коллектордук дренаждын узундугу 550 метр. Тазалоо иш-чаралары 29-декабрь күнү улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Апрель 2018

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы