Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

28.11.2017

2017-жылдын 28-ноябры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү: абанын температурасы төмөндөйт!!!     

2017-жылдын 28-ноябрында абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15… -20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Ошондой эле жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 28-29-ноябрь күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл так сакталышы зарыл!

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.    

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын 25-ноябрында №02-34/846-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилип, уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилди.

                         Ι. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 13 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

2017-жылдын 27-ноябры саат 08:30дан 28-ноябрь саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

4-АӨКБ

1 бөлүм

1

10-07

 

 

 

10-18

101

1-Май району. Гагарин – Бах көчөсү, өрт өчүрүүчүлөр жолдон кайтышкан

 

2

4-АӨКБ

1 бөлүм

1

12-54

12-59

13-09

13-41

14-25

101

Ленин району. Бейшеналиев көчөсүндөгү №31 үйдүн 11-батири, 70 чарчы метр бөлмөнүн ичинде жыгачтан 3 терезе, 5 эшик, муздаткыч, сыналгы, кийимдер, уктоочу керебет, шкаф күйгөн. Себеби: электр  жабдууларын  куроодо  эреженин  бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

3

6-АӨКБ

1 бөлүм

1

10-30

10-38

10-59

11-54

12-34

101

Сокулук району. Ново-Павловка айылы, Совет көчөсү №235 даректе 50 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры, 1 даана кир жуугуч машинасы жана үй эмеректери күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

4

5-АӨКБ

1 бөлүм

1

02-00

02-18

02-53

03-40

04-30

101

Аламүдүн району. Көк-Жар айылы, Карагул-Акмат көчөсү-14/2 дарегинде 50 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн чатыры, 16 чарчы метр ашкана бөлмөсү, муздаткыч, кир жуугуч машинасы жана ашкана эмеректери күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

5

22-АӨКБ

1 бөлүм

1

08-12

08-22

08-32

08-53

09-00

101

Жайыл  району. Кара-Балта шаары, Л.Чайкина көчөсү №51 даректеги турак  үйдүн  от жагуучу бөлмөсүндө 8 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

6

22-АӨКБ

1 бөлүм

1

23-32

23-42

23-55

00-50

01-10

101

Жайыл району. Феодоров айылы, Борбор көчөсү №78 дарегинде 12 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган отункананын чатыры, 5 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

7

38-ӨКБ

1 бөлүм

1

10-43

10-48

11-02

12-10

12-25

101

Тоң району. Бөкөнбаев айылы, Мамбетов көчөсү №58 даректеги турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө 2 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Себеби: жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

8

13-АӨКБ

2 бөлүм

1

11-32

11-40

11-39

11-48

11-58

12-34

13-22

12-27

101

Монуев көчөсүндөгү №60 турак үйдүн 18 чарчы метр бөлмөсү, 1 сыналгы, 2 килем, 2 сандык жана кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

9

13-АӨКБ

1 бөлүм

1

05-13

05-16

05-17

05-35

06-02

101

Раимбеков көчөсүндө мамлекеттик № В 19-19АG “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

1 ств.Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  облусу

 

10

13-ААӨКБ

1 бөлүм

1

15-10

15-46

15-51

18-51

19-35

101

Кара-Суу району. Кызыл-Ордо айылы, Кадыров көчөсү № жок, 105 чарчы метр жыгач  устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 200 түк чөп, 3 тонна  саман  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

11

12-АӨКБ

1 бөлүм

1

15-39

15-47

15-51

17-19

17-32

101

Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылы, Ишкаван көчөсү №5, короодо 400 боо беде чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын  облусу

 

12

16-АӨКБ

1 бөлүм

1

13-43

17-05

17-30

19-25

00-10

101

Ак-Талаа району. Куртка айылында короодо 650 түк жана 3 тонна жыйылган чөп күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл  облусу

 

13

39-ӨКБ

1 бөлүм

1

20-49

20-52

21-04

21-30

22-00

101

Ак-Суу району. Ак-Суу айылы, Пионер  көчөсү-37, от жагуучу бөлмөнүн 20 чарчы метр жыгач шыбы, дубалы күйгөн. Себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

14

65-ӨКБ

1 бөлүм

1

02-31

02-33

02-35

02-50

03-15

101

Сузак району. Сузак айыл аймагы, Сузак айылы, Палван көчөсү №жок, Компьютердик клубдун 14 чарчы метр пластик шыбы жана 6 даана комьютер күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

2017-жылдын 27-ноябры саат 08:30дан 28-ноябрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.

Чүй облусу

Жайыл району. 2017-жылдын 27-ноябры саат 09:05де КР ӨКМнин №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндөгү №120 үйдүн 17-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Аламүдүн району. 2017-жылдын 27-ноябры саат 09:07де КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Ак-Бата конушунда жолго кулаган бакты кыркып, жолдон чыгарышкан.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 2017-жылдын 27-ноябры саат 17:32де КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Чолпон-Ата шаарындагы ПМК кичи районундагы №125 үйдүн 12-батиринин бекилип калган эшигин ачып берүү үчүн барышып, бирок, үй ээсинин жоктугуна байланыштуу эшигин ачышкан эмес. Батирде убактылуу жашагандар үй оокаттарын алып кетүү үчүн эшигин ачып берүүсүн суранышкан.

Ош шаары

Манас-Ата кичи району. 2017-жылдын 27-ноябры саат 17:20да КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Салиева көчөсүндөгү №51 үйдүн 42-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Лейлек району. 2017-жылдын 27-ноябры саат 14:25де КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары Сүлүктү шаарындагы “Айтматов” ЖЧКсынын шахтасында топтолуп калган газды тазалап беришкен.

28-ноябрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кошумча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2017-жылдын 27-ноябрында КР ӨКМи тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Ак-Тилек» чек-ара постунда оор жүк ташуучу унаалары менен кезек күтүп турган 650 айдоочуга тамак-аш таратылды.

Мындан тышкары Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Кең-Арал айыл аймактары тарабынан «Чоң-Капка» чек-ара постунда кезек күтүп турган 200 айдоочуга тамак-аш таратылды. Айрым оор жүк ташуучу унааларда 2-3дөн айдоочу бар.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы