Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

13.11.2017

2017-жылдын 13-ноябры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

2017-жылдын 12-октябры саат 08:30дан 13-октябрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК     МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                          

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалымат, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

 

толук

өчүрүү

саат/м

 

келүү

саат/м

 

 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары.

 

1

4-АӨКБ

1

11-33

11-40

11-45

11-52

12-05

101

Ленин району. Пушкин – Зеленая көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 8 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1стБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чуй облусу

 

 

2

15-ӨКБ

1

12-08

12-30

12-36

12-45

13-55

101

Москва району. Стретенко айылы, Калинин көчөсү-1, турак үйдүн уктоочу бөлмөсүндө аянты 9 чарчы метр диван, шкаф жана документтер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1стБ

 

3

24-АӨКБ

1

14-50

15-20

17-40

21-00

21-27

101

Чүй району. Совет айылы, Көлбаев көчөсү-4, короодо 3000 түк чөп күйгөн. Себеби: Балдардын от менен шоктугу, күнөөлүү 2004-жылы туулган Эркинбек уулу Алишер, үй ээсинин баласы.

1ствБ

4

22-АӨКБ

1

16-04

16-32

17-15

17-20

17-48

101

Жайыл района. Сосновка айылы, Фрунзе көчөсү-73, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 75 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1стБ

5

1-ӨКБ

1

17-25

17-43

18-03

18-20

18-30

101

Аламүдүн району. Молдованка айылы, Молодежный көчөсү-1, аянты 4 чарчы метр куураган чөп жана бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1стБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

 

6

102-ӨКБ

1

12-51

12-57

13-07

13-22

14-10

101

Кара-Суу району. Нариман айыл өкмөтү, Нариман айылы, Алимов көчөсү-18А, жыгач устундуу шифер менен жабылган аянты 32 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана пахта сабактары күйгөн. Өртүн себеби такталууда.

1стБ

7

25-АӨКБ

1

14-45

15-00

14-57

15-12

 

15-09

21-10

21-36

21-36

101

Кара-Суу району. Ак-Таш айылы, Зулуев көчөсү № жок, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 350 чарчы метр кампанын чатыры, 1200 түк чөп, 500 боо жүгөрү сабактары, 7 тонна силос жана 2,5 тонна жүгөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

8

66-ӨКБ

1

1

17-07

17-09

17-20

19-10

19-16

101

Кара-Кулжа району. Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Кара-Кулжа айылы, Пазылов көчөсү-43, жыгач устундуу тунике жабылган аянты 91 чарчы метр турак үйдүн чатыры, төшөнчүлөр жана эмерек күйгөн. Өртүн себеби такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу

 

9

17-АӨКБ

1

13-18

13-35

15-07

15-49

16-14

101

Талас району. Жерге-Тал айыл өкмөтү, Балбал айылы, токой чарбага караштуу каналдын жээгинде 18 бак жана 4 га куураган чөп күйгөн. Өртүн себеби такталууда.

2стБ

10

101-ӨКБ

1

20-47

20-57

22-00

23-07

23-22

101

Талас району. Кара-Суу айылы, Кенжалы көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 91 чарчы метр турак үй, үй мүлкү менен толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кырсык болгон жерде үй ээси, 1971-жылы туулган С. К. К. күйүп калган жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык Көл  облусу

 

11

33-ӨКБ

1

16-38

16-53

17-24

18-15

18-40

101

Ысык-Көл району. Семеновка айылы, Ысык-Көл көчөсү-32, короодо 220 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1стБ

12

37-ӨКБ

1

01-25

02-10

02-57

04-02

05-18

101

Жети-Өгүз району. Тамга айылы, Токтогул көчөсү-7, жыгач устундуу темир жабылган аянты 50 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры, 130 түк чөп жана 2-3 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

 

 

2017-жылдын 12-ноябры саат 08:30дан 13-ноябрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Октябрь району. 2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 11:45де КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районундагы №25үйдүн 14-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ленин району. 2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 16:16да КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Калыс-Ордо жаңы конушунун №4 көчөсүндөгү үйгө жылан кирип кеткен жерге барышып, жыланды үйдөн чыгарышкан.

Ленин району. 2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 17:25де КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Ч. Айтматов көчөсүндөгү №29 үйдүн 147-батириндеги “Байчечекей” дүкөнүнүн чатырына 9 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан адам кулаган кырсыкка чыгышкан. Куткаруучулар 1990-жылы туулган К. Е. Г. Аттуу Орусиянын жаранынын жансыз денесин чатырдан алып түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ошондой эле 147-батирдин эшигин ачып беришти.

Октябрь району. 2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 19:29да КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Көк-Жар кичи районундагы №1үйдүн 53-батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан.

Свердлов району. 2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 21:58де КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Герцина көчөсүндөгү №9үйдүн 29-батиринин жабылып калган эшигин ачып берүүгө чыгышкан.


Ысык-Көл облусу

Жети Өгүз району. 2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 18:50дө КР ӨКМнин №36 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кызыл-Суу айылынын Манас көчөсүндө эки автоунаа кагылышып, жол кырсыгы катталган жерге чыгышкан. Нива үлгүсүндөгү мамлекеттик № I 16-60 АВ автоунаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми Жигули үлгүсүндөгү мамлекеттик № ОР 799М-RUS77 автоунаасынан эки адам жеңил жаракат алышкан.

Айдоочу: 1988-жылы туулган Адилет Сулайманов, жүргүнчү:1992-жылы туулган Анвар уулу Айтбек, Жалгыз-Өрүк айылынын тургундары.

Каза болгон адамды тез жардам кызматы өлүк сактоочу жайга алып кетишкен, жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 

 

Жалал-Абад облусу

Жалал Абад шаары. 2017-жылдын 13-ноябры күнү саат 05:47де КР ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кыргыз Республикасы көчөсүндө эки автоунаа кагылышкан жерге барышкан. Мамллекеттик № S 32-99 АG Митсубиси үлгүсүндөгү автоунаа жолдун четинде турган мамлекеттик № 08 КG 052 АВ Жигулини үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Митсубиси унаасынын ичинде бир адам кыпчылып калып, куткаруучулар алып чыгышты. Жигули үлгүсүндөгү автоунаадагы жаракат алган эки адамды 103 кызматы алып кетишкен. Аты-жөндөрү такталууда.

13-ноябрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району. КР ӨКМнин 2017-жылдын 9-ноябрындагы буйругун аткаруу максатында Каракол-Энилчек унаа жолунун 82-чакырымында 2 даана жарылбай калган снаряддарды КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өздүк курамы менен биргеликте зыянсыздандырууга көмөктөшүү үчүн ыкчам топ түзүлгөн.

Ыкчам топтун курамына КР ӨКМнен 6 кызматкер 1 даана Нива унаасы менен, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан 3 кызматкер 1 даана КамАЗ унаасы менен кирген.

Түзүлгөн ыкчам тобунун курамы 11-ноябрь күнү  Каракол-Энилчек унаа жолунун 82-чакырымында 2 даана жарылбай калган снаряддарды издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 1 даана жарылбай калган снаряд табылып, ошол жерден 20636 аскер бөлүгүнүн инженердик кызматы тарабынан зыянсыздандырылган.         

        Ал эми жарылбай калган экинчи снарядды кардын калың түшкөндүгүнө байланыштуу жана ал жерде ыкчам топтун коопсуздугун сактоо максатында издөө иштери токтотулган.

            2017-жылы 11-ноябрда саат 18:00 чамасында ыкчам топ Каракол шаарына кайтып келишип, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Каракол шаарында жайгашкан аскер бөлүгүнө түнөп калышты.

         12-ноябрь дем алыш күнүнө байланыштуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнө туруктуу ордуна 2017-жылдын  13-ноябрында жолго чыгышты.

Жалал-Абад облусу

            Тогуз-Торо районунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 9-ноябрындагы буйругун аткаруу максатында Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 332-чакырымында 1 даана жарылбай калган снарядды КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын “Скорпион” аскердик бөлүгүнүн 4 аскер кызматкери мамлекеттик № 22-07 КА УАЗ автоунаасы менен зыянсыздандырууга көмөктөшүү үчүн ыкчам топ түзүлгөн. Ыкчам топ 2017-жылдын 11-ноябрь күнү саат 18:40та КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук №46 Өрт-куткаруу бөлүмүнө барып жайгашышкан.

2017-жылдын 12-ноябры күнү саат 09:45те Жалал-Абад - Балыкчы автоунаа жолунун 332-чакырымында 1 даана жарылбай калган снаряд табылбаганына байланыштуу өздүк курам саат 14:10до КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук №46 өрт-куткаруу бөлүмүнө кайтып келишип, 14:15те Токмок шаарына карай жөнөп кетишкен.

            Токтогул районунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 9-ноябрындагы буйругун аткаруу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 222, 223 жана 246-чакырымдарында 93 даана жарылбай калган снаряддарды КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өздүк курамы менен биргеликте зыянсыздандырууга көмөктөшүү үчүн ыкчам топ түзүлгөн.

Ыкчам топтун курамына КР ӨКМнен 7 кызматкер 1 даана Нива унаасы менен, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан 5 кызматкер 1 даана “Форд” унаасы менен кирген.

2017-жылдын 12-ноябры күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жарылбай калган снаряддарды издөө иштери жүргүзүлүп, издөө иштери саат 18:50 токтотулган. Снаряддар табылган жок.

Издөө иштери 2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы