Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

09.10.2017

2017-жылдын 9-октябры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында мамлекеттик № S95-97AL “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен мамлекеттик № S63-61АЕ “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасындагы 5 адам каза болгон (2 эркек, 3 аял). Каза болгондордун жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Окуя болгон жерде КР ИИМ кызматкерлеринин ыкчам тергөө тобу тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 3 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

2017-жыл 8-октябры саат 08:30дан 9-октябрь саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт                                                         

Билди

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                            ЧҮЙ  ОБЛУСУ

 

1

15-ӨКБ

1 б

1

15-46

16-00

16-08

17-10

17-44

101

Москва району. Беловодское айылы, Крупская көчөсү-10, ачык аянтта 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

1ствБ

2

21-АӨКБ

1 б

1

20-31

20-46

-------

--------

21-30

101

Токмок шаары. Заказник эс алуу багында камыш, бак, куураган чөп күйгөн. Өрт жөнүндө маалыматты текшерилген.

-------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                          ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

 

3

55-ӨКБ

1 б

1

18-08

18-09

18-11

18-30

18-58

101

Ноокен району. Масы айыл аймагы, Масы айылы, Султанов көчөсү-100, “Динара” кафесинин ашканасында очоктун үстүндө казанда май калган, бөлмөнүн 78 чарчы метр ДВП шыбы күйгөн.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

4

77-ӨКБ

1 б

1

22-06

22-10

22-25

23-00

23-45

101

Кадамжай району. Айдаркен шаары, Курманжан-Датка көчөсү-29, 32-батиринде бөлмөдө килем, үкөк, бешик жана 15 даана төшөк күйгөн. Себеби: Тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эреженин бузулушу.

1ствБ

2017-жылдын 8-октябры саат 08:30дан 9-октябрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

            Ленин району. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 13:05де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Жал кичи районундагы №11 үйдүн 36-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

         Октябрь району. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 21:25де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 10-кичи районундагы №1 үйдүн 58-батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, үй ээсинин (1954-жылы туулган М.Г.С.) жансыз денеси табылган жана милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.  

 

        Биринчи Май району. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 18:33дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучуларына 1989-жылы туулган И. Курманалиев аттуу жаран келип, манжасынан шакек чыкпай, шишип кеткендиги боюнча кайрылган. Куткаруучулар аталган жарандын манжасынан шакекти чыгарып беришкен.

 

        Свердлов району. 2017-жылдын 9-октябры күнү саат 00:45де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Сүйүнбаев көчөсүндөгү №80 үйдүн 31-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ош шаары

         Кулатов кичи району. КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бекбалаев көчөсүндөгү №11 үйдүн 15-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ысык-Көл облусу

         Түп району. Күрмөнтү айылында Көлдүн Пристань тилкесинде 1977-жылы туулган  И. Ө. (эркек киши) аттуу жаран чөгүп кеткен деген маалымат боюнча издөө иштери улантылды. Издөө иштери 9-октябрь күнү да улантылат.

        Тоң району. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 16:32де КР ӨКМнин №38 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бөкөнбаев айылынын Стадион көчөсүндө каналдан сууга калкып чыгып калган эркек адамдын жансыз денесин каналдагы суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жалал-Абад облусу

         Токтогул району. 2017-жылдын 8-октябры күнү саат 15:52де КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Ош унаа жолунун 265-чакырымында (Чычкан капчыгайы) мамлекеттик № S97-82В “Мерседес-Бенц 230” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен кырсыкка барышкан. Унаада 3 адам болгон. Куткаруучулар жүргүнчүлөрдү өздүк буюмдары менен чыгарышканга жардам беришкен. Жол кырсыктын кесепетинен эч ким оор жаракат алган эмес.

9-октябрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалды багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Кошумча маалыматтар

Ош облусу

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында 2017-жылдын 8-октябрында КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 3 оор жүк ташуучу унаасында 60 тонна цемент жеткирилди.

2017-жылдын 16-майынан 9-октябрына чейин жалпы 4161 тонна цемент жеткирилген.

Мындан сырткары 2017-жылдын 8-августунан 1-октябрына чейин 374 500 даана кыш жеткирилген.

Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында табигый, техногендик жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү катталган өзгөчө кырдаалдар

Мадагаскар Республикасы

Мадагаскар Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 3-9-октябрь аралыгында кара тумоодон (чума) 33 адам каза болуп, 231 адам ооруган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан Мадакаскарга жөнөтүлгөн 1,2 миллион доза вакцина 100 миң адамды коргоого жана дарылоого жетет. Жогорудагы уюм Мадагаскардын ичиндеги кыймылдарга чектөө коюунун зарылчылыгы жоктугун сунуштайт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.  

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы