Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

06.10.2017

2017-жылдын 6-октябры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!!!

2017-жылдын 6-7-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 3-октябры күнү КР ӨКМи тарабынан №02-34/706-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлүп, ОКСИОН аркылуу телеканалдардан элди кабарлоо, жүгүртмө жарнамасы аркылуу маалымат жиберилди.

Ι. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылды.

2017-жылдын 5-октябры саат 08:30дан 6-октябрь саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

АӨКБ-6

1-бөлүм

1

07-00

07-10

07-25

08-20

09-08

101

Ленин району. Ак-Өргө конушу, Кырк Кыз көчөсү №114. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 70 чарчы метр жыгач устуну күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

2

АӨКБ-4

1-бөлүм

1

17-34

17-45

17-52

18-50

19-12

101

Ленин району. Тыналиев көчөсү № жок. “Айни” көмөк чордонунун 10 чарчы метри күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                Талас облусу

 

3

ӨКБ-101

1-бөлүм

1

12-02

13-20

13-40

14-10

15-40

101

Талас району. Көпүрө-Базар айылы, Аманбек Оморов атындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын экинчи кабатында оңдоо иштери жүрүп жаткан, коридордо жыйылган стол, отургуч, жыгач терезе күйгөн. Экинчи кабат бала-бакчага берилген. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                              Нарын облусу

 

4

ӨКБ-42

1-бөлүм

1

13-10

13-20

13-35

14-40

14-55

101

Кочкор району. Арзы айылы. Короодо 1200 түк чөп күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. Күнөөлү 2011-жылы туулган Кылыч уулу Ыйман. 

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                       Ысык-Көл облусу

 

 

АӨКБ-19

1-бөлүм

1

19-55

19-59

-------

--------

 

101

Балыкчы шаары. Чкалов көчөсү №197. Өрт жөнүндө маалыматты текшерүү чыгышкан.

--------

5

ӨКБ-36

1-бөлүм

1

04-04

04-24

 

 

 

 

Жети-Өгүз району. Желе-Дөбө айылы, Кыштообай көчөсү № жок. 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 1000 түк чөп, 2 түк саман, 35 баш кой, 2 баш уй күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өрт чектөөгө алынды, толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

6

ӨКБ-62

1-бөлүм

1

10-40

10-46

10-56

11-13

11-20

101

Кызыл-Кыя шаары. 1-кичи району, №5 жана №6 үйдүн жанында таштанды таштоочу челекте 12 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ств.Б

7

АӨКБ-26

1-бөлүм

1

14-02

15-00

15-20

18-57

19-45

101

Баткен району. Суу-Башы айыл аймагы, Боз-Адыр айылы, Өрүкзар тилкеси. Болжол менен 200 тонна  көмүр түтөп күйгөн. Себеби: өзүнөн өзү күйүү.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

8

ӨКБ-103

1-бөлүм

1

01-38

01-41

02-00

04-55

05:55

101

Өзгөн району. Куршаб айыл аймагы, Куршаб айылы, Камчыбеков көчөсү-230. 108 чарчы метр турак үйдүн жыгач устундуу темир жабылган чатыры, ички гипсокартон шыбы күйгөн.

 

 

 

2017-жылдын 5-октябры саат 08:30дан 6-октябрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Свердлов району. 2017-жылдын 5-октябры күнү саат 11:10до КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Буденный көчөсүндөгү №95А үйүнүн №3 батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Биринчи Май району. 2017-жылдын 5-октябры күнү саат 22:45де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ч. Айтматов проспектисиндеги №24А үйүнүн №13 батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, үйдүн ээси 90 жаштагы аял жерге кулап, тура албай калганы аныкталган. Куткаруучулар аялды тургузуп, кроватына жаткырышып, кошуналарына билдиришкен.

 

Ысык-Көл облусу

Түп району. Күрмөнтү айылында Көлдүн Пристань тилкесинде 1977-жылы туулган И. Ө. аттуу (эркек киши) жаран чөгүп кеткендиги жөнүндөгү маалымат боюнча КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынын суучулдары издөө иштери жүргүзүүнү улантышкан. Издөө иштери 6-октябры күнү да улантылат.

Нарын облусу

Нарын району. 2017-жылдын 5-октябры күнү саат 10:06да КР ӨКМнин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Орток айыл аймагынын Үмөт тилкесинде 2017-жылдын 3-октябрында дайынсыз жоголгон токойчу Ж. Абдрасуловду (Таш-Башат айылынын тургуну)  издөө иштерин улантышты. Куткаруучулар Нарын шаарынан Нарын суусун бойлой 80 чакырым аралыкка чейин издешип, бирок, табылган жок. Издөө иштери 6-октябрь күнү улантылат.

Ак-Талаа району. 2017-жылдын 5-октябры күнү саат 09:00дө КР ӨКМнин №47 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Ак-Талчат-Соң-Көл унаа жолунун 32-чакырымындагы Молдо-Тоо ашуусунда 2017-жылдын 5-октябрында кар күрткүдөн өтө албай калып калган 1 ХОВО унаасындагы (мамлекеттик № С3597АХ) 2 адамды куткарышып, Жаңы-Талап айылына алып келишкен.

Нарын шаары. 2017-жылдын 6-октябры күнү саат 00:14дө КР ӨКМнин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Ж. Шерилиев көчөсүндө мамлекеттик № А82-01ВО “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаанын ээси жол тосмону (бардюр) сүзүп, каналга кулайын деп калган жеринен унааны жолго чыгарып беришкен.

Талас облусу

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу, 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан. КР ӨКМнин куткаруучулары ошондон бери аларга жардам берүү аракеттерин көрүшүп, 4-октябрда саат 18:30 чамасында чабандар Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына малдарын айдап келишип, айылга жакын Эски штаб деп аталган жерге чатырын тигип жайгашышкан.

КР ӨКМ Талас облустук башкармалыгынын башчысы, анын орун басары жана башкармалыктан 3 кызматкер, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №91 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 куткаруучу КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 12 адам издөө-куткаруу иштерине тартылышкан.

2017-жылдын 4-октябры күнү саат 23:30да аталган чабандарга жардам көрсөтүү үчүн КР ӨКМ Талас облусунан чыккан ыкчам топ 5-октябрда саат 06:00дө жетишип, саат 09:00дө 1-оор жүк ташуучу унаага чабандардын күнүмдүк оокат-тиричиликтерин жүктөп саат 12:50дө келишти. 2-оор жүк ташуучу унаага аксап, баса албай калган 18 баш кой жүктөлүп, саат 14:20 келди. Ал жакта калган 9 чабан, 2-3 күн малдарын тойгузуп, дем алдыргандан кийин Чаткал-Кара-Буура ашуусу менен келээрин билдиришкен. Чабандар кийим-кече, тамак-аш менен камсыздалган. 

Куткаруучулар тобу 2017-жылдын 6-октябры күнү саат саат 01:30да өздөрүнүн туруктуу жайгашкан ордуларына кайтып келишти.

6-октябрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы