Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

05.10.2017

2017-жылдын 5-октябры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

2017-жылдын 4-5-октябрында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаап, 4-5-октябрда тоо этектеринде жаан карга айланып, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 5-7-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 3-октябры күнү КР ӨКМи тарабынан №02-34/706-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлүп, ОКСИОН аркылуу телеканалдардан элди кабарлоо жүгүртмө жарнамага маалымат жиберилди.

Ι. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

2017-жылдын 4-октябры саат 08:30дан 5-октябры саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК     МААЛЫМАТЫ

 

Катар №

п\п

бөлүм №

 

Өрттүн категориясы №

.

 

                           Убакыт                                                         

Билдирүү

жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРЫ

 

1

3-АӨКБ

1

21-37

21-46

21-59

22-30

22-43

101

Свердлов району. Восток-5 кичи району, Мамбетов көчөсүндөгү №15 үйдүн жанында темирден курулган аянты 35 чарчы метр сулуулук салонунун пластик шыбы, 3 стол, 4 отургуч, чачтарач колдонуучу буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                               ЧҮЙ ОБЛУСУ

 

2

5-АӨКБ

1

23-41

00-04

01-07

03-11

03-25

101

Аламүдүн району. Көк-Жар айылы, Уметалиев көчөсү-128, жыгач устундуу темир жабылган 150 чарчы метр турак үйдүн чатыры толугу менен күйгөн. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

НАРЫН ОБЛУСУ

 

3

16-АӨКБ

1

07-50

07-50

07-54

07-54

08-10

08-40

09-15

09-15

101

Нарын шаары. Сагынбай Орозбак көчөсү, “Береке” базары, темир каркасы пластик менен жабылган аянты 130 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

4

65-ӨКБ

1 б

1

15-19

15-29

15-35

16-20

16-31

101

Сузак району. Ырыс айыл өкмөтү, Арал-Сай айылы, Абдукаримов көчөсү-15, бөлмөнүн 15 чарчы метр ДВП менен капталган шыбы, үй окаттары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БАТКЕН ОБЛУСУ

 

5

74-ӨКБ

1 б

1

17-39

17-45

 

жетк.чейин өчкөн

18-35

101

Лейлек району. Исфана шаары, Тулан айылы, көчөсү жок, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 42 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу, күнөөлүү үй ээси.

--------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОШ ОБЛУСУ

 

6

25-АӨКБ

1

21-45

21-47

22-49

22-07

22-21

101

Кара-Суу району, Сарай айыл өкмөтү, Ак-Өргө айылы, Ак-Өргө көчөсүндө “Опель-Вектра” үлгүсүндөгү мамлекеттик № О 72-61 ОМ    автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                    ОШ ШААРЫ

 

7

13-АӨКБ

1

23-38

23-40

 

Жетк чейин.

23-54

101

Ош району. Джим көчөсү,  үйдүн № жок, 14-батир, газ плитада тамак-аш калган.

 

2017-жылдын 4-октябры саат 08:30дан 5-октябрь саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Биринчи-Май району. 2017-жылдын 4-октябры күнү саат 20:20да КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Айни көчөсүндөгү №20 үйүнүн №27 батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ысык-Көл облусу

Түп району. Күрмөнтү айылында Көлдүн Пристань тилкесинде 1977-жылы туулган И. Ө. (эркек) аттуу адам чөгүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөндөн бери КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн жана КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан изделүүдө. Издөө иштери 5-октябрь күнү улантылат. Жалпы 8 куткаруучу тартылган.

 

Нарын облусу

Нарын району. 2017-жылдын 4-октябры саат 14:00дө КР ӨКМнин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Орток айыл өкмөтүнүн Үмөт тилкесинде 3-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан токойчу Жолчубек Абдрасуловду (Ташбашат айылынын тургуну) издөө иштерине чыгышты. Куткаруучулар Нарын шаарынан Нарын суусун жээктеп Куланак айылына чейин издеп барышты. Издөө иштери 5-октябрь күнү улантылат.

Талас облусу

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан.

Аларды издөө-куткаруу иштерине жалпсы 29 куткаруучу: КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 9 куткаруучу, КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылды. Андан сырткары жергиликтүү тургундардан 11 адам жардам беришти.

2017-жылдын 4-октябры күнү таңкы саат 05:40та куткаруучулар Күмүш-Так жайлоосунда калган чабандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Саат 10:30 чамасында Ала-Тай тоосун ашып издөөгө жөө жана ат менен кетишкендигин билдиришкен. Андан кийин байланыш болгон эмес.

Дайынсыз болуп жаткан чабандар саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келишип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатырын тигип, жайгашышкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат беришкен.

Саат 20:30да КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары капитан Иляс Кубатбеков жана Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошов тамак-аш жана керектүү азыктарды алып чабандарды көздөй ат менен чыгып, саат 23:00дө жетип барышкан. Алардын абалы менен таанышып, саат 02:30 чамаларында терс окуясыз туруктуу ордуларына кайтып келишти.

Саат 23:30да КР ӨКМнин Талас областтык башкармалыгынан 5 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 4 адам, Бакай-Ата районунан 1 адам (тууганы) жана 3 айдоочу 2 оор жүк ташуучу унаа менен Талас облусунун Кара-Буура районунан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет.

5-октябрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын айрым жерлерде жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Кошумча маалыматтар

Чүй облусу

         Жайыл районунда 2017-жылдын 4-октябрында саат 09:30да Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

         Жеринде тийиштүү иш чараларды уюштуруу максатында КР ИИМнин Патрулдук милициясынын кызматкерлери жана №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барышты.

         2017-жылдын 4-октябрь  күнү саат 12:30да Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.

Дайынсыз болуп жаткан Талас облусунун чабандары табылды

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан.

Аларды издөө-куткаруу иштерине жалпсы 29 куткаруучу: КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 9 куткаруучу, КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылды. Андан сырткары жергиликтүү тургундардан 11 адам жардам беришти.

2017-жылдын 4-октябры күнү таңкы саат 05:40та куткаруучулар Күмүш-Так жайлоосунда калган чабандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Саат 10:30 чамасында Ала-Тай тоосун ашып издөөгө жөө жана ат менен кетишкендигин билдиришкен. Андан кийин байланыш болгон эмес.

Дайынсыз болуп жаткан чабандар саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келишип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатырын тигип, жайгашышкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат беришкен.

Саат 20:30да КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары капитан Иляс Кубатбеков жана Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошов тамак-аш жана керектүү азыктарды алып чабандарды көздөй ат менен чыгып, саат 23:00дө жетип барышкан. Алардын абалы менен таанышып, саат 02:30 чамаларында терс окуясыз туруктуу ордуларына кайтып келишти.

Саат 23:30да КР ӨКМнин Талас областтык башкармалыгынан 5 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 4 адам, Бакай-Ата районунан 1 адам (тууганы) жана 3 айдоочу 2 оор жүк ташуучу унаа менен Талас облусунун Кара-Буура районунан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы