Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

04.10.2017

2017-жылдын 4-октябры саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!!!

2017-жылдын 4-5-октябрында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы, 4-5-октябрда тоо этектеринде жаан карга айланып, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 5-7-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2017-жылдын 3-октябрь күнү КРнын ӨКМи тарабынан №02-34/706-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү жана ОКСИОН аркылуу телеканалдардан  жүгүртмө жарнамага тиешелүү маалымат жиберилди.

Ι. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III.Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылды.

2017-жылдын 3-октябры саат 08:30дан 4-октябрь саат 08:30га чейин

өрт  өчүрүү,  куткаруу бөлүктөрүнүн  чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК     МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                          

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалымат, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

 

толук

өчүрүү

саат/м

 

келүү

саат/м

 

 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

0,

1

6-АӨКБ   1бөлүм

1

23-50

00-00

 

 

00-10

101

Т. Фрунзе көчөсү №89. Өрт жөнүндө маалымат текшерүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад  облусу

 

2

55-ӨКБ      1 болүм

 

10-10

10-12

10-14

10-17

10-45

101

Ноокен району. Масы айыл өкмөтү, Масы айылы, Шерматов көчөсү № жок даректе мамлекеттик № В 62-10 АS “Пассат” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн. Айдоочусу К.К. Сайдаматов. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1стБ

3

78-ӨКБ

1

13-40

13-58

14-08

16-00

16-45

101

Базар-Коргон району. Акман айыл өкмөтү, Жараке айылы, Жолборс Казы көчөсү № жок, жыгач устундуу тунике жабылган аянты 130 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2стБ

4

59-ӨКБ

1

14-21

14-29

14-43

16-50

17-21

101

Сузак району. Багыш айыл өкмөтү, Сапаровка айылы,Турдубаев көчөсү-13. Жыгач устундуу шифер жабылган аянты 80 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры жана 600 түк беде күйгөн. Себеби: балдардын от менен шоктугу (күнөлүү үй ээсинин 2013-жылы туулган небереси Шамшудинов Омонбек.).

2стБ

5

70-ӨКБ

1

01-13

02-15

02-30

04-15

05-25

101

Аксы району. Кара-Жыгач айыл өкмөт, Долоно айылы, жыгач устундуу тунике жабылган аянты 75 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры жана 4 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык Көл облусу

 

6

36-ӨКБ

1

10-51

11-13

11-40

12-30

13-00

101

Жети-Өгүз району. Чырак айылы, Эгемберди көчөсү № жок. Жыгач устундуу камыш менен төшөлгөн сарайдын 75 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

2017-жылдын 3-октябры саат 08:30дан 4-октябры саат 08:30га чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Биринчи-Май району. 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 12:55де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Киев көчөсүндөгү №8 үйүнүн №12 батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан.

 

Ленин району. 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 15:30да КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кайназарова-30 дарегинде жайгашкан ветеринардык дарылоо жайынын чатырында оңдоо иштерин жүргүзүп жатып, 1955-жылы туулган  П.А.Б. аттуу эркек адам каза болгон. Куткаруучулар чатырдан жансыз денесин түшүрүшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Ленин району. 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 17:15де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Жаш Гвардия бульварындагы №14 үйдүн №18 үйүнүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Биринчи-Май району. 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 18:35де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Тыныстанов көчөсүндөгү №94 үйдүн №56 батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан.

 

Биринчи-Май району. 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 19:45де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ахунбаев көчөсүндөгү №129 үйдүн №45 батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ысык-Көл облусу

Түп району. Күрмөнтү айылында Көлдүн Пристань тилкесинде 1977-жылы туулган И. Ө. (эркек) чөгүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Издөө иштерине КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин №34 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу жана КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган. Издөө иштери 4-сентябрь күнү улантылат. Жалпы 10 куткаруучу издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүп жатат.

 

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 13:45де Алма-Ата-Айланма көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик № О30-14АС “Портер Хундай” автоунаасы менен мамлекеттик № 73-21ВВ “Субара-универсал” автоунаалары кагылышкан. “Портер Хундай” унаасында 3 адам болгон: Т. К. (эркек) аттуу жаран каза болгон, 1949-жылы туулган Т. К. аттуу аялы оор жаракат алган, 2013-жылы туулган К. У. аттуу кыз небереси каза болгон. “Субара-универсал” автоунаасынын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.

Талас облусу

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу, 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан.

КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 5 адам издөө-куткаруу иштерине тартылды.

         2017-жылдын 4-октябрында таңкы саат 05:48де куткаруучулар тобу издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн кайрадан жөнөп кетишти, жалпы 20 адам тартылды.

4-октябрь күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

Кошумча маалыматтар

Жалал-Абад облусу

         Тогуз-Торо районунда кар көп жаагандыгына жана унааларга кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу 2017-жылдын 3-октябры күнү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин №166-Б буйругунун негизинде Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жабылды.

Чүй облусу

         Жайыл районунда 2017-жылдын 3-октябрында саат 02:30да Сосновка постунда унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

         Жеринде тийиштүү иш-чараларды уюштуруу максатында КР ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнүн 2 кызматкери, КР ИИМнин Патрулдук милициясынын кызматкерлери жана №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барышты.

         2017-жылдын 3-октябры күнү саат 13:00дө  Сосновка постунда бардык унааларга коюлган чектөө алынды.

Талас облусу

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу, 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан.

КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 5 адам издөө-куткаруу иштерине тартылды.

         Талас облусунан барган куткаруучулар тобу кар көп жаагандыгына байланыштуу ашуудан өтө албай, 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 19:15те КР ӨКМнин Кара-Буура райондук бөлүмүнө кайтып келишкен. Ал эми Токтогул районунан барган куткаруучулар тобу саат 19:40 чамаларында туруктуу ордуларына кайтып келишкен. 

         Андан сырткары 2017-жылдын 3-октябры күнү саат 18:40та издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу Таш-Көмүр шаарынан чыгып, саат 23:00дө Токтогул шаарчасындагы Аскер комиссариатына келип жайгашышкан. Ошондой эле саат 21:00дө КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигиндеги 4 кишиден турган топ Талас облусунан чыгып, саат 00:40та Токтогул шаарчасындагы Аскер комиссариатына келип жайгашышты.  

         2017-жылдын 4-октябрында таңкы саат 05:48де куткаруучулар тобу издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти, жалпы 20 адам тартылды.          

КР ӨКМнин басма сөз кызматы. 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы