Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

11.09.2017

2017-жылдын 11-сентябры саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы(2-бөлүгү)

2017-жылдын 11-сентябрь саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Ленин районунда 2017-жылдын 11-сентябрь күнү саат 01:15те  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Жал кичи районундагы №9 үйүнүн 7-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришти.

Октябрь районунда 2017-жылдын 11-сентябрь күнү саат 05:50  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Тунгуч кичи районундагы №67 үйүнүн 11-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришип, батир ээсин медиктердин көзөмөлүндө калтырышты.

Чүй облусу

Жайыл районунда 2017-жылды 10-сентябрында саат 06:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 203-чакырымында “Хонда-Фит" үлгүсүндөгү мамлекеттик №39-20AAZ жеңил унаасы менен "Вольво" үлгүсүндөгү мамлекеттик №63-70А оор жүк ташуучу унаасы кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам каза болгон.  КР ӨКМнин №101-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жалал-Абад облусу

Таш-Көмүр шаарында 2017-жылдын 10-сентябрында саат 22:00дө  КР ӨКМнин 2-өзүнө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары Кызыл-Алма айылындагы №11 Мойдун Темирбаев атындагы орто мектебинин жер төлөсүнө толуп калган сууну суу сордургучтун (мотопомпа) жардамында сордуруп беришкен.

Токтогул районунда 2017-жылдын 11-сентябрь күнү саат 00:07 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 267-чакырымында  Фольксфаген-Гольф 2" үлгүсүндөгү мамлекеттик №S24-49Q унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сайга түшүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, айдоочу жабыркаган. Окуя болгон жерге  КР ӨКМнин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондордун денеси райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилди, ал эми жабыркаган айдоочуну дагы райондук ооруканага жеткиришти. 

Нарын облусу

Нарын районунда 2017-жылдын 10-июлунда Жан-Булак айылынын 1986-жылы туулган тургуну, балык кармоо үчүн Нарын суусуна барып, агып кеткен. 2017-жылдын 10-сентябрь күнү издөө иштерине КР ӨКМнин Суучулдар кызматы, КР ӨКМнин №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана КР ӨКМнин №42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Издөө иштери уланууда.

 

 

2017-жылдын 11-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы