Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

09.08.2017

2017-жылдын 9-августу саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматынын II-бөлүгү

2017-жылдын 9-августу саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 10 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Свердлов районунда 2017-жылдын 3-август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын агып өткөн Чоң Чүй каналына 1983-жылы туулган эркек киши киринүү максатында атайын көпүрөдөн секирип, бирок агып кеткен.

8-август күнү жергиликтүү тургундар тарабынан Свердлов районунун Шопоков көчөсүндө Чоң Чүй каналынан табылып,  куткаруучулар жеткенге чейин  өздөрү чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Октябрь районунда 2017-жылдын 8-август күнү КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районундагы №7 үйүнүн 117-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ленин районунда 2017-жылдын 8-август күнү КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Акиев көчөсүндөгү №24 үйүнүн 33-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Чүй облусу

Ысык-Ата  районунда 2017-жылдын 7-август күнү  саат 18:00 чамасында Ново-Покровка айылындагы  Чоң Чүй каналына 1987-жылы туулган эркек киши балык уулоо үчүн барып, түшүп агып кеткен.

2017-жылдын 8-август күнү издөө учурунда жашы болжол менен 20 жаштагы азият улутундагы белгисиз кыздын жансыз денесин каналдан табышкан жана райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өкөрүп беришкен. Өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан такталууда. Ал эми 1987-жылы туулган изделип жаткан адам табылган эмес.

Аламүдүн районунда 2017-жылдын 7-август күнү Лебединовка айылында 25 жаштагы аял Чоң Чүй каналына секирип, чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин улантышкан. Бирок, табылган эмес. 2017-жылдын 9-август күнү издөө иштери улантылат.

Сокулук районунда 2017-жылдын 19-июлунда Төш-Булак айылы аркылуу агып өткөн Сокулук суусуна 10 жаштагы кыз түшүп, агып кеткен.  2017-жылдын 8-август күнү издөө иштери улантылып, табылган эмес.

 

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда 2017-жылдын 7-август күнү Көк-Мойнок айылындагы Орто-Токой суусунда 25-30 чамасындагы  аял кишинин жансыз денеси агып келип, даракка такалып калганын жергиликтүү тургундар билдиришкен. 2017-жылдын 8-август күнү куткаруучулар тарабынан жансыз денеси суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тоң районунда 2017-жылдын 9-август күнү Бишкек-Каракол унаа жолунун 92- чакырымында Бокомбай айылында “Субарак” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 09/422 АА унаа жолдо бара жатып оодарылып кеткен. Натыйжада 3 адам жабыркап,  куткаруучулар барганга чейин медициналык тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген. 

Ош шаары

Курманжан-Датка аймактык кеңешинде  2017-жылдын 7-август күнү Альп-Лагер эс алуу борборунун жанындагы "Южный" каналына 11-12-жаштагы 2 жаш бала түшүп, агып кеткен.

2017-жылдын 8-август күнү КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, каналдан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда 2017-жылдын 9-август күнү Беш-Бала айылынын Гагарин көчөсүндө “Фольсваген Вента” үлгүсүндөгү мамлекеттик № А 0747 L жана “Хундай Кари” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В 9198 АZ жеңил унаалар кагылышып, натыйжада 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Каза болгон жана жабыркаган адамдар Жалал-Абад шаардык ооруканага менчик унаалар менен жеткирилген.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарып беришкен.

 

2017-жылдын 9-август күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы