Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

21.06.2017

2017-жылдын 21-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Баткен облусу

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2017-жылдын 19-июнь күнү саат 21:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кара-Шоро айылында сел жүрүп, 500 метр ички чарбалык арыктар, 4 чакырым ички чарбалык канал сел калдыктарына толуп, 4 чакырым ички чарбалык жолду ар жеринен сел суулары жууп кеткен.

Үч-Коргон айыл аймагында 2017-жылдын 20-июнь күнү саат 01:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Суухан айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короолоруна, 2 турак үйдүн сарайына, 3,6 га эгин аянттарына сел суулары кирип, Күнгөй участкасында 2,5 чакырым ички чарбалык канал, 500 метр аралыктагы ички чарбалык жол сел калдыктарына толгон.

Селдин кесепетин жоюу үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, Көтөрмө айыл аймагына жергиликтүү калктан 30 адам, 1 менчик экскаватор, Үч-Коргон айыл аймагына жергиликтүү калктан 25 адам тартылды.

 

Ошол эле күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Көтөрмө жана Үч-Коргон айыл аймактарында тактоо иштери жүргүзүлгөн.

Көтөрмө айыл аймагында тазалоо иштери жүргүзүлүп, 500 метр ички чарбалык арыктар тазаланып бүткөрүлгөн. 4 чакырым ички чарбалык жолду тазалоо иштери улантылууда.

Ал эми Үч-Коргон айыл аймагында 500 метр ички чарбалык арыктар сел калдыктарынан толук тазаланып бүткөрүлгөн. 2 турак үйдүн короосу жана ички чарбалык жолду тазалоо иштери аткарылган, жумуш 21-июнь күнү улантылат.

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айыл аймагында  2017-жылдын 20-июнь күнү  саат 00:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Акбулак айылында сел  жүрүп, Бай-Тейит участкасында 25 турак үйдүн короолоруна, 0,8 га эгин аянттарына сел калдыктары кирип, Күнгөй каналынын 1,5 чакырым  аралыгына сел калдыктары толуп калган.

Селдин келтирген кесепетин жоюу үчүн шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы, шаардык Санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө борборунан 5 адам, 1 атайын техника, жергиликтүү калктан 45 адам, СПАнан 5 адам, 1 менчик экскаватор, айыл аймактан 1 самосвал тартылды.

2017-жылдын 20-июнь күнү шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлгөн. Шаардык Санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 23 турак үйлөрдүн короолору дезинфекцияланып, бөлүнгөн техникалар тарабынан 12 турак үйдүн короолору, 50 метр канал сел калдыктарынан тазаланган. Тазалоо иштери 21-июнь күнү улантылат.

Ош облусу

Ноокат районунда  2017-жылдын 20-июнунда саат 17:05 чамасында Канада Мамлекетинин 2 жараны мотоцикл менен саякаттап жүрүп, Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылында тоолордун арасындагы жолдо жол кырсыгына кабылып, натыйжада 1 жаран бутунан жаракат алып калып кетишкен.  

Чет элдик турустерди куткаруу үчүн 20-июнь күнү КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын буйругунун негизинде райондук Жарандык коргонуунун медицина кызматынын дарыгерлери жана айыл аймактын 2 адиси УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүп, натыйжада саат 19:30 чамасында Канадалык 2 жаран табылган. Бутунан жаракат алган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.    

Алай районунун Үч-Дөбө айыл аймагында 2017-жылдын 19-июнунан 20-июнуна өткөн түнү жааган жаандын кесепетинен Ак-Босого айылынын Ничке жайлоосунда колоттордон сел суулары агып түшүп, жергиликтүү тургундардын мал жандыктарын караган жарандын 1 боз үйүн агызып кеткен.

Жабыркагандар жок.

 

Чоң-Алай районундагы  жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, цемент жеткирүү үчүн 2017-жылдын 19-июнь күнү “Пэрити-Коал” ишканасынын 4 оор жүк ташуучу унаасына Кызыл-Кыя цемент заводунан 80 тонна цемент жүктөлүп, 20-июнь күнү 2 оор жүк ташуучу унаада 40 тонна цемент Чоң-Алай районуна жеткирилген, 2 оор жүк ташуучу унаа Чоң-Алай районунун аймагында жолдо бара жатат.

Андан сырткары 2017-жылдын 20-июнь күнү “Пэрити-Коал” ишканасынын 1 оор жүк ташуучу унаасына Кызыл-Кыя цемент заводунан 25 тонна цемент жүктөлүп жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 16-майынан 21-июнуна чейин жалпы 1887 тонна цемент жеткирилген.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 20-июну саат 08:30дан

2017-жылдын 21-июну саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

чыг.

саат/м

жетүү

саат/м

чек-төө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

ке-лүү

саат/м

Билди-рүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

5-АӨКБ

1 бөлүм

 

21-58

22-08

22-16

22-19

22-42

101

Түштүк  магистралда ачык аянтта 60 м2 куураган чөп, таштанды күйгөн. Себеби: Тамеки тартуудагы этиятсыздык.

1ствБ

2

4-АӨКБ

1 бөлүм

1

23-18

23-25

23-26

23-38

23-51

101

Чапаев-Кочкор  көчөлөрүнүн кесилишинде 30  м2 куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

3

6-АӨКБ

2 бөлүм

8-АӨКБ

1 бөлүм

Штаб

1

09-22

09-25

 

09-38

09-43

09-33

09-35

 

09-51

09-59

12-01

12-56

12-56

 

11-15

11-40

101

Сокулук районунун Селекция айылы Ак-Тилек көчөсү 2. Жалпы аянты 150  м2 жыгач устундуу темир жабылган дүкөн, ичинде 10 муздаткыч, сыналгы, 6 текче, кондиционер, 6 видео көзөмөлдөгүч, азык түлүгү толугу менен күйгөн. Себеби: Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулуусу. Өрт өчүрүүчүлөр жанында жайгашкан турак үйлөрдү сактап калышкан.

3ствБ

4

22-АӨКБ

1 бөлүм

1

12-15

12-25

12-30

13-33

13-42

101

 

Жайыл району Кара-Балта шаары. Ачык аянта 3 га куураган чөп күйгөн. Себеби: Такталууда.

Кол каража

5

15-ӨКБ

1 бөлүм

1

20-40

21-05

21-30

01-30

02-08

101

Москва району, Сретинка айылы, Борбо көчөсү №273.Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 30  м2 чатыры, 250 түк чөп күйгөн. Себеби: Такталууда.

1ствБ

6

22- АӨКБ

1 бөлүм

1

21-15

21-50

21-55

22-05

22-33

101

Москва району, Беловодск  айылы, Ленин көчөсү.Таштанды таштоочу жайда 100  м2  таштанды күйгөн. Себеби: Такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

7

109-ӨКБ

1 бөлүм

1

08-03

08-09

08-13

08-18

08-56

101

Туран кичи районунун Төлөнов көчөсүндөгү жыгач столба күйгөн. Себеби: Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

8

13-АӨКБ

1 бөлүм

1

10-28

10-32

10-35

11-00

11-25

101

Раимбеков көчөсү, “Себат” кыздар лицеи. 114  м2 жыгач устундуу темир  жабылган контейнердин чатыры, 0,5 м3 отун күйгөн. Себеби: Электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу.

2ствБ

9

85-ӨКБ

1 бөлүм

1

11-00

11-40

Жетк. чейин

 

12-00

101

Амир-Тимур кичи району 213 көчөсү, 17-үй. 20  м2 жыгач устундуу темир жабылган бастырманын чатыры, 5 түк чөп күйгөн. Себеби: Балдардын отко менен шоктугу.

 

10

13-АӨКБ

1 бөлүм

1

15-56

16-03

16-11

16-48

17-13

101

Уламская  көчөсү 38.  30 м2 жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры, 1,5 м3 отун күйгөн. Себеби: Такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

11

25-АӨКБ

1 бөлүм

1

08-56

09-00

Жетк. чейин

 

09-51

101

Кара-Суу шаарынын Сарай айыл аймагы, Турат-Али базары, ЖАК “АКБ Кыргызстан”, 2 м2 электр эсептегичи күйгөн. Себеби: Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

 

12

71-ӨКБ

1 бөлүм

1

23-48

00-07

Жетк. чейин

 

00-50

101

Ноокат районунун Зулпуев айылдык аймагынын Өсөр тилкеси, Нарбаев көчөсү №17.Турак үйдүн 2  м2 шыбы күйгөн. Себеби: Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал- Абад облусу

 

13

78-ӨКБ

1 бөлүм

1

13-07

13-12

13-20

14-11

14-22

101

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагы, Сай-Коргон айылы. 140 м2 жыгач устундуу темир  жабылган турак үйдүн чатыры күйгөн. Себеби: Такталууда.

1ствБ

14

65-ӨКБ

1 бөлүм

1

13-05

13-16

13-30

14-05

14-25

101

Сузак районунун Сузак айыл аймагы. Достук айылында 1 га куураган чөп күйгөн. Себеби: Такталууда.

1ствБ

15

65-ӨКБ

2 бөлүм

1

17-07

17-32

17-17

17-42

17-37

18-50

19-02

19-00

101

Сузак районунун Кара-Дарыя айылы, жолдун четинде 1,70 га  куураган  чөп  күйгөн. Себеби:  Такталууда

2 ств.Б.

2017-жылдын 21-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат      

Бишкек шаары

Свердлов районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абдрахманов көчөсүндөгү №101 үйүнүн 108-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Свердлов районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Сүйүмбаев көчөсүндөгү №150 үйүнүн  99-батиринин жабылып калган  эшигин ачууга чыгышкан,  куткаруучулар аталган дарекке жеткенче батирдин ээси эшигин өзү ачып алган.

Октябрь районунун  Тунгуч-2 кичи районундагы №64 үйүнүн 70-батиринин жабылып калган  эшигин ачууга чыгышкан  куткаруучулар аталган дарекке жеткенче батирдин ээси эшигин өзү ачып алган.

 

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында  2017-жылдын 19-июнь күнү саат 01:30 чамасында «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 4 адам болгон (2 адам суудан чыгып кеткен, 2 аял агып кеткен). Ошол эле күнү Кара-Булак участкасында Чаткал дарыясынан агып кеткен бир аялдын сөөгү табылган.

2017-жылдын 20-июнь күнү экинчи аялдын сөөгүн издөө иштери жүргүзүлүп, табылган эмес.

Издөө иштери улантылууда.

 

Базар-Коргон  районунун  Акман  айыл аймагындагы Кайырма  көлүнө  2008-жылы туулган жаш бала чөгүп кеткен. Куткаруучулар окуя болгон жерге жеткенче, сууга түшүп жаткан балдар тарабынан маркумдун денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. 3 куткаруучу тартылган.

 

Талас  облусу

Талас районунун Чат-Базар айылында «БМВ» үлгүсүндөгү  мамлекеттик № А 014 БО унаа  менен «Тойота Сурф» үлгүсүндөгү мамлекеттик № T 48 86 D унаа    кагылышкан. Натыйжада «БМВ» унаадагы 2 адам каза болгон (1 адам ооруканада каза болгон).

Куткаруучулар каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып  «Тойота Сурф» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

 

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаарында КР ӨКМнин 4-ɵзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары 1-кичи районунда №5 үйүнүн  38-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

2017-жылдын 21-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын кутүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы