Күндөлүк ыкчам маалымат
2017-жылдын 20-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы
Баткен облусу
Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында алдын ала алынган маалымат боюнча 2017-жылдын 19-июнунда саат 21:10 чамасында Кара-Шоро айылында жааган мөндүрдөн, айылдын ортосунан сел өтүүчү Кара-Шоро сайында сел жүргөн. Селден 500 метр ички чарбалык арыктар кум шагылдарга толуп, 2 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген.
Жабыркагандар жок.
2017-жылдын 20-июнь күнү Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, кошумча маалымат берилет.
Учкоргон айыл аймагында алдын ала алынган маалымат боюнча 2017-жылдын 20-июнь күнү саат 01:20 чамасында Суухан айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана 4 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. 2017-жылдын 20-июнь күнү Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, кошумча маалымат берилет.
Кызыл-Кыя шаарынын Караван айыл аймагында алдын ала алынган маалымат боюнча 2017-жылдын 20-июнь күнү саат 00:30 чамасында Акбулак айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана 6 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. 2017-жылдын 20-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, кошумча маалымат берилет.
Талас облусу
Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагында КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык 2017-жылдын 18-июнунда саат 22:10до ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал катталган.
Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзгөн.
Натыйжасында 5 турак жайдын 60 даана шифери учкандыгы аныкталган.
Ош облусу
Чоң-Алай районунун жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында, цемент жеткирүү үчүн 19-июнь күнү “Пэрити-Коал” ишканасынын 4 оор жүк ташуучу унаасына Кызыл-Кыя цемент заводунан 80 тонна цемент жүктөлүп, районго жөнөтүлгөн.
2017-жылдын 16-майынан 18-июнуна чейин жалпы 1847 тонна цемент жеткирилген.
КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат
Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
2017-жылдын 19-июну саат 08:30дан
2017-жылдын 20-июну саат 08:30га чейин
өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Катар № п\п |
Бөлүм №
|
Өрттүн № .
|
Убакыт |
Билдирүү жолу Жолу |
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
берил-ген ствол ГТКК |
||||
чыгуу саат/м |
жетүү саат/м |
чектөө саат/м |
толук өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
||||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бишкек шаары |
|
1 |
5-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
09-32 |
09-48 |
10-24 |
10-37 |
11-41 |
101 |
Масалиев көчөсү, Ала-Арча суусунун жээгинде 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. |
1ств.Б
|
2 |
2-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
12-15 |
12-22 |
|
|
12-55 |
101 |
Алма-Ата–Айланма жолунун кесилишинде, ачык аянтта Аламүдүн айыл өкмөтүнө караштуу жерде ишембилик кылынып, чөп, таштанды өрттөлгөн. Калдашев Чынгыз айыл өкмөттүн өкүлү өрттү көзөмөлдөп турат. Себеби: атайын өрттөө. |
------ |
3 |
3-АӨКБ 1 бөлүм 1 бөлүм
Штаб |
1 |
22-38 22-38
22-49 |
22-44 22-44
22-56 |
23-05 |
23-49 23-28
|
00-41
23-58 |
101 |
Буденный көчөсү 156. ЖЧК “Таш-Рабат”. Автоунаа тетиктерди сатуучу 80 чарчы метр эки темир контейнердеге боёк, автоунаанын тетиктери, авунаага куюлуучу майлар күйгөн. Себеби: такталууда. |
3ств.Б |
4 |
3-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
23-33 |
23-42 |
|
Жетк. чейин |
00-16 |
101 |
Осмонкул көчөсү №13-үй, 24-батир. Желдетүүчү түтүкчө күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. |
-------- |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чүй облусу |
|
5 |
21-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
11-13 |
11-16 |
11-20 |
11-31 |
11-39 |
101 |
Токмок шаары Бөкөнбаев көчөсү 61.Көмүрканада 0.5 куб отун, эки кап көмүр күйгөн. Себеби: такталууда. |
1ств.Б |
6 |
7-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
12-05 |
12-23 |
|
Жеткенге чейин |
13-14 |
101 |
Аламүдүн району Энергетик шаарчасы, №3-үйдүн маңдайында суу сактоочу жайдын (водозабор) аймагында 30- 40 чарчы метр аянтта куураган чөп күйөн. Себеби: тамеки тартууда этиятсыздык. |
------- |
7 |
22-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
18-50 |
18-57 |
19-05 |
20-00 |
20-40 |
101 |
Жайыл району Кара-Балта шаары, ачык аянтта 60 чарчы метр. куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда. |
1ствБ |
8 |
15-ӨКБ 1 бөлүм |
1 |
03-06 |
03-18 |
03-24 |
03-50 |
04-06 |
101 |
Москва району Беловодское айылы, Шорса көчөсү № 94. Ашкана бөлмөнүн 15 чарчы метр жыгач фанера шыбы, муздаткыч, кир жуугуч, идиш аяк, төшөнчү күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. |
1ствБ |
9 |
1-ӨКБ 1 бөлүм |
1 |
04-52 |
05-19 |
05-40 |
06-04 |
06-42 |
101 |
Аламүдүн району Васильевка айылы, Фрунзе көчөсү № 150.Жыгач устундуу шифер менен жабылган 50 чарчы метр кампанын чатыры, азык-түлүк күйгөн. Себеби: такталууда. |
1ств.Б |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ысык-Көл облусу |
|
10 |
19-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
08-36 |
08-41 |
|
Жеткенге чейин |
09-16 |
101 |
Балыкчы шаары Фрунзе-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде “Ниссан-Примьера” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 54-36 N автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Ээси өрт өчургүч (огнетушитель) менен өзү өчүрүүгө жетишип калган. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. |
-------- |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Талас облусу |
|
12 |
100-ӨКБ 1 бөлүм |
1 |
13-45 |
13-49 |
13-59 |
14-46 |
15-10 |
101 |
Манас району. Покровка айылы, Пролетарская көчөсү № 22. Жыгач устундуу шифер жабылган сарай толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда. |
1ств.Б |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Нарын облусу |
|
13 |
16-АӨКБ 1 бөлүм |
1 |
21-55
|
22-00 |
|
Жет-ге чейин |
22-45 |
101 |
Нарын шаарынын Разаков көчөсүндө токтоп турган жүк ташуучу ДАФ үлгүсүндөгү автоунааны, “Волга-3110” мамлекеттик № I 46-76 S унаа сүзүп алган. Волга автоунаасы сүзгөндөн кийин кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыгып кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр барган убакта өрттү өчүрүп, автоунаанын ээсин тез жардам менен Нарын шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып кеткен. ДАФ автоунаанын ээси жана мамлекеттик № такталууда. Себеби: жол кырсыгы. |
------ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалал-Абад облусу |
|
14 |
ӨКБ-55 1-бөлүм |
1 |
09-31 |
09-42 |
09-47 |
10-22 |
10-55 |
101 |
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү, Аримжан айылы, Жаңы конуш, тилкеси. Короодо 10 сотык куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда. |
2ств.Б |
15 |
ӨКБ-57 1-бөлүм |
1 |
22-37 |
22-41 |
22-43 |
23-15 |
23-50 |
101 |
Таш-Көмүр шаарында 100чарчы метр аянтта куураган чөп, таштандылар күйгөн. Себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ош облусу |
|
16 |
ӨКБ-62 1-бөлүм |
1 |
16-47 |
17-11 |
17-23 |
17-48 |
18-30 |
101 |
Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтү, Арык- Бою көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 110 чарчы метр чатыры, 1, 5 тонна чөп күйгөн. Себеби: балдардын от менен шоктугу. |
1ствБ. |
2017-жылдын 19-июну саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:
Бишкек шаары
Ленин районунда 2017-жылдын 19-июнь күнү саат 16:10 КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Аскер шаарчасындагы №141 үйүнүн 14-батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан, бирок куткаруучулар баргыча үй ээси өзү ачып алган.
Биринчи-Май районунда 2017-жылдын 19-июнь күнү саат 22:20 КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Профсоюзный көчөсүндөгү №70 үйүнүн 42-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Жалал-Абад облусу
Чаткал районунда 2017-жылдын 19-июнь күнү саат 01:30 чамасында “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына түшүп кеткен.
Унаанын ичинде 4 адам болгон. Айдоочу менен бир жүргүнчү суудан чыгып кетишкен, автоунаанын арткы отургучунча отурган эки аял унаа менен агып кетишкен.
Аксы районунун тургуну 1976-жылы туулган М. А. жана 1980-жылы туулган М.Э. бир туугандар.
Издөө иштерине КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы жетекчилигинде, райондук ИИМ кызматкерлеринен 3 кызматкер, туугандарынан 7 адамтартылган. Чаткал дарыясынын Кара-Булак участкасында бир 1976-жылы туулган аялдын сөөгү жээкке чыгып калан.
Издөө иштери 2017-жылдын 20-июнь күнү КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, башталат.
Баткен облусу
Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 2017-жылдын 19-июнунда саат 16:30 чамасында Кара-Мойнок жайлоосунда 2003-жылы туулган А.У. (Баткен району Актатыр айыл аймагынын тургуну) суу сактоочу жайда чөгүп кеткен. Издөө иштерине КР ӨКМнин 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, саат 20:04тө баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ош шаары
Ош шаарынын Аношина көчөсүнүн №138 үйүнүн короосун нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу каптаган. КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары короосуна кирген сууну, суу сордуруучу (мотопомпа) шаймандын жардамында сордуруп беришкен.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.




Ыкчам кезметчи
тел: | +996(3222)2-18-44 |
сот: | +996(770)800-100 |
факс: | +996(3222)5-60-77 |
e-mail: | od.mchs@mail.ru |
Министрдин кабылдамасы
тел: | +996(312)54-79-86, |
+996(3222)2-33-46 | |
e-mail: | mchs@elcat.kg |
Ишеним телефону:
тел: | (03222) 2-27-66, |
Коомдук кабылдама:
тел: | (03222) 2-27-66 |