Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

15.05.2017

2017-жылдын 15-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү:  туруксуз аба ырайы күтүлөт!

 2017-жылдын 16-майында күндүзү, 17-майдан 19-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл  ойдуңунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 2017-жылдын 11-12-май күндөрү  тоолордогу карлар эрип, Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Товар-Сай айылынын Чоң-Таш тилкесиндеги Авлетим дарыясына салынган көпүрөнүн оң тарабын суу жеп, Байкашка-Терек айылындагы 36 турак-жайга жана  Арал айылындагы 43 турак-жайга кооптуулук жаралган.

Кашка-Суу айыл аймагында 2017-жылдын 14-май күнү Кара-Башат айылындагы Орто-Токой участкасындагы Падыша-Ата  дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээгине жакын жайгашкан Орто-Токой, Жаңы-Айыл жана Кара-Башат айылдарындагы 27 турак үйгө жана райондук №12 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы унаа жолго кооптуу абал жаралган.

Авлетим айыл аймагынын башчысынын 2017-жылдын 12-майындагы №42-буйругунун негизинде, Авлетим айылдык аймагында Өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилген.  

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам топ, КР ӨКМнен 1 экскаватор, 2 самосвал, райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы, Кашка-Суу айыл аймагынан 15 адам, Арал айылынан 7 адам, 1 КамАЗ, 1 жүктөгүч, №12 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, айылдык аймактан жеке менчик 2 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 трактор тартылган.

Айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 13-май күнү Байкашка-Терек айылындагы 7 үйдүн жана Арал айылындагы 8 үйдүн тургундары убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жээк бекемдөө иштери аткарылып, 6 сел тосмо коюлуп, кум толтурулган 70 кап орнотулган. Кооптуу аймактар көзөмөлгө алынган.

Байкашка-Терек айылындагы жергиликтүү тургундар жана №12 жол тейлөө ишканасынан КР ӨКМнин техникалары жумушка тартылып, натыйжада 80 метр  аралыкта дарыянын нугун буруу жана  түздөө жумуштары аткарылган.

Мындан сырткары Байкашка-Терек айылындагы кооптуу участкаларды аска таш менен бекемдөө максатында алыстыгы 15 чакырым болгон Мукур айылынын Бүчмө участкасындагы Таш алуучу карьерге баруу үчүн 100 метр жаңыдан унаа жол салынып, 2017-жылдын 14-май күнү 20 каттам таш ташылып, 60 метр дарыянын нугун буру иштери жүргүзүлгөн.

2017-жылдын 14-май күнү КР ӨКМги тарабынан 1000 литр дизелдик  күйүүчү май жана 1200 даана кап бөлүнүп берилип, тийиштүү техникалардын жардамында дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

2017-жылдын 14-май күнү Жаны-Айыл айылындагы Падыша-Ата дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 25 турак жайга кооптуу абал жаралган, анын ичинен Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 6 үй-бүлөө туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Ал эми калган 19 турак жайдын жашоочуларына өтө кооптуу кырдаал  жаралып, көчүрүү иштери жүргүзүлө турган болсо, №20 З.Кулманова атындагы орто мектебинен атайын жай даярдалган.

Арал айылында 2017-жылдын 14-май күнү оор жүк ташуучу унаа менен 10 каттам шагыл ташылып Авлетим дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Кара-Башат айылындагы Падыша-Ата дарыясынын кооптуу жээктерин бекемдөө үчүн жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, кум толтурулган 200 даана капты дарыянын жээктерине орнотушкан. Дарыялардын жээктерин бекемдөө иштери уланууда.

 

Чаткал районунда 2017-жылдын 13-майына карата күндүн катуу ысый баштагына байланыштуу, тоолордогу кардын ээришинен Терек-Сай дарыясындагы суунун деңгээли көбөйүп, дарыянын жээктерин жеп баштаган. 

Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылындагы Терек-Сай суусу, Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 32-чакырымындагы сай жээктерин жеп, унаа жол каттамына кооптуулук жаралган.

Жээкти бекемдөөгө №17 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 кран, 2 самосвал, №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, “Эвентус”ЖЧК, “Чаткал-17” ЖЧК ишканаларынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 2 самосвал (ХОВО) тартылууда.

Жол тейлөө ишканасынын техникаларынын аракетинде темир-бетон материалдары жана таш ташылып, кооптуулук жаралып жаткан сай жээктерине ташталган. 2017-жылдын 14-май күнү Терек-Сай дарыясынын 220 метр аралыгына 500м3 таш ташылып, дарыянын жээги бекемделген. Жумуш уланууда.

Ала-Бука районунда 2017-жылдын 13-майына карата күндүн катуу ысый баштагына байланыштуу, тоолордогу кардын ээришинен Чанач-Сай дарыясындагы суунун деңгээли көбөйүп, дарыянын жээктерин жеп баштаган. 

Ак-Там айыл аймагынын Ак-Там айылындагы 12 турак жайга жана Ала-Бука-Кербен унаа жолунун 17-чакырымындагы Ала-Бука райондук №17 жол тейлөө ишканасынын балансындагы көпүрөгө кооптуу абал жаралган.

Жээкти бекемдөө үчүн айыл аймак тарабынан менчик 1 экскаватор, Асфальт заводдон 1 жүктөгүч,  жергиликтүү тургундардан 55 адам тартылган.

КР ӨКМ тарабынан 1160 литр дизелдик күйүүчү майы бөлүнүп, Айыл аймак тарабынан тартылган техниканын жана жергиликтүү тургундардын аракетинде, КР ӨКМ тарабынан берилген 500 даана капка кум шагыл толтурулуп, суунун нугун буруу жумуштары аткарылган.

Жээкти бекемдөө жумуштары уланууда.

 

Тогуз-Торо районунда 2017-жылдын 9-май күнү Казарман-Макмал унаа жолунун 46-чакырымында, жолдун кыртышы бузулуп ылдыйга карап сүрүлүп түшкөн. Жол убактылуу жабылган.

Макмал алтын комбинатынын техникалары жолду калыбына келтирүү иш-чаралары уланууда.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 13-майга карата 56 турак-жайды, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 мечитти, 35 электр мамысын, айыл көрүстөнүн жана мектептин пайдубалын баскан.  

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 2017-жылдын 26-апрель күндөн баштап 61 турак-жайдын жашоочулары көчүрүлүп, куткаруучулардын жардамы менен 4 соц.объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) курулуш материалдарын чыгарып кеттишкен.

Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө.

Мырзаке айыл аймагында 2017-жылдын 12-майында Мырзаке айылы аркылуу өткөн ”Жазы-Өзгөн” каналынан  суу ашып 2 турак-жайдын айлана-чөйрөсүнө кирип, 10 турак-жайга коркунуч жаралган.

2017-жылдын 14-май күнү кайрадан суунун деңгээли көтөрүлүп айылды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

 Жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМ тарабынан 1 бульдозер, КР ӨКМнин ӨКЧКТүшБнан 3 ХОВО, айыл аймактын башчысы, айыл аймактан  1 экскаватор, жеке менчик 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

2017-жылдын 14-май күнү  Араван таш карьеринен 3 каттам таш ташылып, Жазы дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Жумуш уланууда.

Куршаб айыл аймагында 2017-жылдын 7-май күнү Шагым айылынын жогору жагында, Тогорок-Кол участкасында булактан түшкөн суу топтолуп, көлчө пайда болгон. Жаан чачындын көп жаагандыгына байланыштуу көлчөдөгү суунун  көлөмү көбөйүп алыс эмес жайгашкан 40 турак үйгө коркунуч келтирген.

Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, райондук  бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин РӨКОнан 19 куткаруучу жана 1 КамаЗ тартылган.

2017-жылдын 7-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде барышып иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн аракетинде көлдүн жээгин экскаватор менен ачып суунун денгээлин азайтышкан.

14-май күнү КР ӨКМги тарабынан 220метр пластик труба бөлүнүп, куткаруучулар тарабынан жеткирилип, топтолгон сууну труба аркылуу агызуу иштерине даярдык жүргүзүлгөн.  Жумуш улантылууда.

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында 2017-жылдын 18-19-апрелинде жаандын кесепетинен Машрапсай сайындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, Осмон айылындагы сайдын сол жээгин 20 метр аралыгын жеп жолго 2 метр жакын калган.

Жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, 6 КамАЗ, 1 экскаватор тартылган. 2017-жылдын 14-майга карата 20 каттам тоо ташы ташылып, жээкке төгүлгөн. Жумуш 15-май күнү улантылат.

 

Ысык-Көл облусу

Жети Өгүз районунда 2017-жылдын 14-майында Барскоон-Ак-Шыйрак  унаа  жолунун 116-чакырымында Карасай суусундагы муздун үстүнөн суу ашып, узундугу 126 метр болгон жыгач көпүрөнүн жанынан 4-5 метрге чейин топурак дамбаны жей баштаган. Азыркы  учурда  116-чакырымында жол убактылуу жабык.

2017-жылдын 15-май күнү  №3 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылуусу каралууда, жумуш 2017-жылдын 15-май күнү башталат.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 14-майына саат 08:30дан

2017-жылдын 15-майына саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй  облусу

 

1

5-ӨКБ

1 бөлүм 

1

11-24

11-27

11-32

11-56

12-00

101

Кемин   район, Кемин  шаары,  1-май   көчөсү №65, короодо  ачык  аянтта  20 чарчы метр куураган  чөп  күйгөн.  Себеби: такталууда.

1ствБ

Кол  кар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу

 

2

93-ӨКБ

1 бөлүм

1

13-25

13-37

13-47

14-57

15-43

101

Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы, Тургун көчөсү №19, 50 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарай, 90 түк чөп күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу (таштанды өрттөгөн).

2ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

3

13-АӨКБ

1 бөлүм

1

06-06

06-12

06-23

07-57

08-35

101

Кара-Суу   району, Шарк айыл аймак,  Фурхат  айылы,  Нооруз  көчөсү №8,   турак  үйдүн 108 чарчы метр жыгач  устундуу  шифер  жабылган  чатыры, үйдүн ичинде:  2 диван,  гарнитур,  2 сервант, 8 даана килем, 5 терезе, 4 жыгач эшик,  60 даана төшөк, 2-сынаалгы, кир  жуугуч  машина  күйгөн.  Себеби: такталууда.

2ствБ

4

88-ӨКБ

1 бөлүм

1

01-07

01-43

01-46

03-26

04-07

101

Чоң-Алай району, Жекенди айыл аймагы, Карамык айылы, көчөсү, аянты 50 чарчы метр сарайдын ичинде 1 куб жыгач отун күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен   облусу

 

5

108-ӨКБ

1 бөлүм

1

08-19

09-15

09-30

09-40

12-40

101

Лейлек  району, Жаңы-Жер айыл аймагы, Кыргызстан 60-жылдык   айлында  жайгашкан “Петрогаз”   май  куюуучу  бекетинде   оператордук   имаратынан (темир  контейнер) ашкана  бөлмөсүнөн газ балондун  редукторунан  өрт  чыккан. 28,8 чарчы метр аянтта ДСП капталган  ички жасалгасы күйүп өрттүн  натыйжасында май таратуучу  колонканын  резина,  пластмассалары   оттун  ысыгына   ээриген, күйүүчү  майга  жеткен  эмес.  Бекеттин  ээси Жумаканов  Абдрасул. 

Өрт   кырсыгынан   1981-жылы туулган  Ж.М. (Жаңы Жер  айыл аймагынын,  Достук  айлынын  тургуну) өрттү  өз  алдынча  өчүрөм  деп, колу  менен   бутунан  жана  бетинен жалпы  18 %  күйүк  алып,  коңшулаш  Таджикистан  Республикасынын  жакынкы   аймактагы ооруканага тез жардам аркылуу жеткирилген. Өрттүн  себеби  жана  материалдык  чыгымдары  такталууда.

1ствА.

2ствБ.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

6

20-АӨКБ

1 бөлүм

1

15-00

15-04

 

Жеткенге чейин

15-25

101

Жалал-Абад шаары, Л.Толстой көчөсү №9, турак үйдүн чатырында самандын калдыктары күйгөн. Себеби: такталууда.

 

2017-жылдын 15-майына саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу  болду:

Бишкек шаары

Биринчи май районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Керимбеков көчөсүндөгү №71 үйүнүн 58-батиринин жабылып калган эшиги ачып беришкен.  

Баткен облусу

Сүлүктү  шаарында 2017-жылдын 14-май күнү саат 14:20 чамасында ОсОО  “Одинь-Нур”  шахтасында газ чыккан.  КР ӨКМнин  1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тосмо орнотуп беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаарында  КР ӨКМнин 21-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Вальцовая көчөсүндөгү №3 үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында  КР ӨКМнин 1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Көк-Жар суу сактагычына түшүп кеткен, 2006-жылы туулган А.Р. жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Сокулук районунда 2017-жылдын 14-май күнү болжол менен саат 15:30да Военно-Антоновка  айылындагы Восток көлмөсүнө Б. уулу А. 2002-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзгөн, бирок табылган жок. Издөө иштери 2017-жылдын 15-май күнү улантылат.

Ысык-Ата районунун Хунчи айылында айланма жолунун 21-чакырымында жүрүп баражаткан “Тойота-Альфард” үлгүсүндөгү мамлекеттик №540 ААК унаасы бакты сүзгөн. Натыйжада айдоочусу 1969-жылы туулган Э.Э.С. кыпчылып калган жеринен, каза болгон. КР ӨКМнин 1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жансыз денесин чыгарып беришкен.

Ош облусу

Кара-Суу  районунун Төлөйкөн  айыл аймагындагы Дыйкан  Кыштак  айылынын А.Каримов  көчөсүндөгү №19 үйдүн  ичинен  жылдар чыккан. КР ӨКМнин 102-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары уясынан чыгарышка аракет жасаган, бирок жылан чыкпай койгон.

Ош шаары

Манас-Ата кичи шаарчасында КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Салиева көчөсүндөгү №48б үйүнүн 11-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл   облусу

Каракол  шаарында   КР ӨКМнин 15-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Октябрь  көчөсүндөгү  №105 үйүнүн 84-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

2017-жылдын 15-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы