Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

13.05.2017

2017-жылдын 13-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

 2017-жылдын 16-майында күндүзү, 17-майдан-19-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майларда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл  ойдуңунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 2017-жылдын 11-12-май күндөрү аба ырайынын температурасы жогорлагандыгына байланыштуу, тоолордогу карлар ээрип, Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп,  Байкашка-Терек айылында 36 турак-жайга,  Арал айылында 43 турак-жайга кооптуулукту жараткан.

Андан сырткары Товар-Сай айылында Чоң-Таш участкасында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык унаа көпүрөөнүн оң тарабын суу жей баштады.

Аталган айыл аймакта 2017-жылдын 19-апрелинде жааган жаан-чачындын кесепетинен Байкаш-Терек жана Чыгыш-Жол айылдарында Авлетим дарыясынын жээктериндеги 3 участкадан болжолдуу 500 метр жээктерин суу жеп, ички чарбалык жолдорго жана турак-жайларга кооптуу абалды жараткан.   Ошого байланыштуу КР ӨКМ тарабынан 1000литр дизельдик күйүүчү май бөлүнүп берилип, жеке менчик 1 жүктөгүч жана 1 самосвал тартылып, жээк бекемдөө жумуштары жүргүзүлгөн. 

Авлетим айыл аймагынын башчысынын 2017-жылдын 12-майындагы №42-буйругунун негизинде, Авлетим айылдык аймагында Өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилип.  

Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы У.М.А. Абдишарип Бекилов жетектеген ыкчам топ, Аксы районунун администрация башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы барышып, жеринде өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Саат 22:00 чамаларында айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Байкашка-Терек айылында 7 үйдүн жашоочулары, Арал айылында 8 үйдүн жашоочулары убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Ошондой эле КР ӨКМ тарабынан 2 техника бөлүнүп, Ноокен районунан Авлетим айыл аймагына жеткирилип, 13-май күнү жээк бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшөт.                            

 

Тогуз-Торо районунда 2017-жылдын 9-майында саат 23:00 чамасында Казарман айылындагы Макмал алтын комбинатына баруучу (кен таашуучу) Казарман-Макмал унаа жолунун 46-чакырымында, жолдун кыртышы бузулуп, жолдун орду ылдыйга карап сүрүлүп, унаа жол жабылган.

Макмал алтын комбинатынын техникалары жолду калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 12-майга карата 48 турак-жайды, социалдык имараттардан 1 ФАП, 1 мечитти, 35 электр мамысын, айыл көрүстөнү жана мектептин пайдубалын баскан.  

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 26-апрельден баштап 61 турак-жайдын жашоочулары көчүрүлүп, куткаруучулардын жардамы менен 4 соц.объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) курулуш материалдарын чыгарып кеттишкен.

Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө.

Мырзаке айыл аймагында 2017-жылдын 12-майында Мырзаке айылындагы Жазы дарыясы көбөйүп, райондук суу чарба башкармалыгынын балансында турган Мырзаки айылын аралап өткөн “Жазы-Өзгөн” каналына  кирип,  каналдан суу ашып, 2 турак-жайдын айланасын суу каптаган.

2017-жылдын 12-майында тартылган техникалар менен каналдын баш тарабынан кирген сууну токтотуп. Суунун нугун жайытты көздөй бурушкан.

 Дарыядагы суунун нугун буруп, кооптулукту жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМ тарабынан 1 бульдозер жөнөтүлдү.

Учурда “Жазы-Өзгөн” каналында суу азайган, бирок мындан кийин ашыкча суу кирип кететурган болсо Мырзаки айылындагы 250 кожолукту суу каптап кетүү коркунучу пайда болот.

 

Заргер айыл аймагынын Аюу айылында кооптуу аймакта жашап жаткан тургундарга 2017-жылдын 12-майында  КР ӨКМнин РӨКОнын 7 куткаруучусу КР ӨКМнин бириккен кампасынан, кошумча 7 даана 10 орундуу кышкы  чатырларды жеткиришип, орнотуп беришкен.

 

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында 2017-жылдын 18-19-апрелинде катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Машрапсай сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сайдын сол жээгинде жайгашкан Осмон айылындагы ички чарбалык  жолдун жээгинин  20 метр аралыгын жеп кеткен. Жолго 2 метр жакын калып, жолдун аркы тарабындагы турак жайларга  30-40 метр аралык калган.

2017-жылдын 12-майында ички чарбалык жолдун суу 150 метр аралыгын жеп жатканына байланыштуу, аталган аралыкта жээкти бекемдөө иш-чаралар улантылып, бүгүнкү күнгө 12 каттам шагыл-таш ташылып, төгүлгөн. Сайдын жээгин бекемдөө үчүн  КР ӨКМнен 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылган, иш-чаралар уланууда.

 

Нарын облусу

Ат-Башы районунда 2017-жылдын 10-май саат 17:43 чамаларында Ак-Сай өрөөнүнүн Ат-Башы-Кынды-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымындагы Көл-Суу суусундагы көпүрөнүн коргоочу дамбанын узуну 10 метр жерин, туурасы 1 метр жерин суу жеп кеткен.

2017-жылдын 12-майында аталган аймактагы көпүрө жол чарба департаментинин Нарын облустук №2 аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кезмет уюштурулуп, байкоого алынды.

 

Баткен облусу             

2017-жылдын 12-майында саат 13:20 чамасында Сүлүкта шаарындагы Шахтерская көчөсүндө болжол менен кенендиги 3-метр, тереңдиги 7-метрге чейин болгон жер чөгүүсү катталган.

КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан жер чөккөн жердин айланасына убактылуу тосмолорду курулду жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө үчүн жөө жүрүүчүлөргө жана унаалар өтүүгө жол убактылуу жабылган. Унаалар айланма жол аркылуу өтүүдө.

Райондук экотехникалык инспекциясы тарабынан жер чөгүүнүн себептерин 2017-жылдын 13-май күнү жүргүзүлөт.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 2 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 11-майына саат 08:30дан

2017-жылдын 12-майына саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

4-АӨКБ

       1б

8- АӨКБ

       1б

6- АӨКБ

       1б

 

 

1

02-11

 

 

02-18

 

 

02-20

02-17

 

 

02-27

 

 

02-28

03-23

05-17

06-00

 

 

05-21

 

 

05-38

101

Ленин району, Фучик көчөсү №38, “Акмарал” ЖЧК, ээси Б.Омуралиев,  тигүчү цехтин жыгач устундуу шифер жабылган 250 чарчы метрдеги аянттагы чатыры, 30 даана тигүчү машинка, 30 даана отургуч, 5000 даана көйнөктөр күйгөн. Себеби: электр   жабдууларын    техникалык

пайдаланууда    эреженин  бузулушу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

2

2-АӨКБ

       1б

 

07-49

07-56

08-29

09-28

10-30

101

Аламүдүн району, Нижний–Аларча конушу, ээси Э.Айдаркулов, жыгач устундуу шифер жабылган курулуш чарбанын чатыры, үй мүлкүү толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3

3-АӨКБ

2-АӨКБ

5-АӨКБ

1

ШТАБ

 

1

 

 

 

 

 

 

 

1

09-40

 

 

09-58

 

10-00

09-56

 

 

10-06

 

10-15

 

 

10-29

 

 

 

 

 

 

 

 

 

11-33

 

 

12-11

 

 

12-05

 

11-57

101

 

 

 

 

Аламүдүн району, Ак- Жар жаңы конушу, көчөсү №23, 19-үйдүн, ээси С.Саитов,  турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган 168 чарчы метрдеги чатыры жана үй эмеректери толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

3ств

Б

 

4

23-АӨКБ

1

07-45

07-53

08-03

08-48

09-20

101

Сокулук району, Сокулук айылы, Свобода көчөсү №27, ээси К.Муракунов, 25 чарчы метр  жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры күйгөн. Себеби:  электр   жабдууларын    техникалык

пайдаланууда    эреженин  бузулушу.

1 ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

5

36-ӨКБ

1

15-15

15-20

15-30

15-55

16-05

101

Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Комсомольская көчөсү №123, ээси И.Ибраев, ачык аянтта 120 түк саман күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу

 

6

101-ӨККБ

1

15-10

15-15

15-35

16-30

16-40

101

Талас району, Чапбазар айылы,Таластокой чарбасы, ачык аянтта 150 чарчы метр  куураган  чөп, камыш, 2 даана кара бак күйгөн. Себеби: такталууда.

2ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

г. Ош

 

7

13-АӨКБ

1

20-24

20-29

20-37

20-39

21-15

101

Масалиев көчөсү №жок, эки кабаттуу ресторан “Реми” киребериш жеринде электро проводтор күйгөн 1 чарчы метр, Ээси С.Заитов. Себеби:  электр   жабдууларын    техникалык

пайдаланууда    эреженин  бузулушу.

1ств Б

8

12-АӨКБ

1

00-02

00-07

00-12

00-34

00-43

101

Мырзалы Аматов көчөсү, ээси Р.Абдиев, Тойота “АРИСТО” мамлекеттик № В 26 24 АZ  маркасындагы автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү, 1 даана дөңгөлөгү күйгөн. Себеби:  электр   жабдууларын    техникалык

пайдаланууда    эреженин  бузулушу.

1ств Б

 

2017-жылдын 13-майына саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу  болгон:

Бишкек шаары

Свердлов районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Гогол көчөсүнүн №20 үйүнүн 108-батиринин эшигин ачышып, батирдин ичинен 1973-жылы туулган эркек адамдын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Октябрь районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 10-кичи районунун №17 үйүнүн 59-батирине балкон аркылуу кирип, эшигин ачып беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 2017-жылдын 1-май күнү 1974-жылы туулган Т.К. аттуу жаран Камбар-Ата №2 ГЭСке жакын жерде мал кайтарып жүрүп,  дайынсыз жоголгон. 2017-жылдын 12-май күнү куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштери улантылууда.  

 

Майлуу-Суу  шаарында  2017-жылдын 10-май күнү саат 18:00 -19:00 чамасында Сары-Бээ айыл аймагындагы Көпүрө-Башы айылынын тургуну С.Н. 1980-жылы туулган Майлу-Суу дарыясына түшүп кеткен. 2017-жылдын 12-май күнү куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон жок. Издөө иштери уланууда.  

 

2017-жылдын 13-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы