Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

04.05.2017

2017-жылдын 4-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү!!! 

2017-жылдын 4-майына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана 4-майынан 8-майына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-128, 132-136-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 222-250-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (33-чакырымы), Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун (325-334-339-341-чакырымдары), Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк порталы жана 339-341-чакырымдарынын коопсуздугун камсыздоо максаттында, кар көчкүнү атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

КР ӨКМнин жетектеген ыкчам топ, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын минометтук тобу Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 33-чакырымында 2017-жылдын 3-май күнү саат 11:40тан 15:00гө чейин 9 жолу минаметтук аттырууну жүргүзүшкөн, бирок кар көчкү түшкөн жок.  

Кар көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү иш-чаралары аяктап, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын минометтук тобу, Чүй облусунун, Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан дайыма туруктуу туруучу аскер бөлүгүнө кайтышкан.

 

Ош облусу

Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалымат боюнча, 2017-жылдын 3-майында саат 10:47де Тажик  Республикасынын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 балл сезилген. Кыргызстандын калган түштүк облустарында 4-5 баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 11:06да жана саат 11:36да ошол эле очогунда кайрадан 4 жана 4.5 баллга жеткен жер титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун  Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жарбашы, Чак, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 3 балл сезилген.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык саат 20:35те жана 21:09да Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында кайрадан очогунда 3-4 баллга жеткен жери титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун  Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Шибе, Кулчу айылдарында 2,5 балл сезилген.

Саат 02:03дө Тажик Республикасынын аймагында очогунда 5,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 5 балл,  Карамык , Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 4 балл, Ачык-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Кашка-Суу жана Кара-Кабак айылдарында 3 балла чейин сезилген.

Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу комиссия жана КР ӨКМнии райондук башчысы 2017-жылдын 3-майында саат 10:47 чамасында катталган жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында 4 топко бөлүнүп, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Жекенди айыл аймагы:

Карамык айылында 26 турак-жай изилденип, анын ичинен 24 турак-жай, 1 ФАП жана  почтанын имараты авариялык абалга келген, андан сырткары жер титирөөнүн кесепетинен тоодон таштар кулап, 1 адамдын жайытта жүргөн  110 койун баскан,  анын 15 койун адалдап, 95 койу арам өлгөн;

Шиве айылында 118 турак-жай изилденип, анын ичинен 9 турак-жай авариялык абалда;

Жекенди айылында 36 турак-жай изилденип, 15 үй 1 мектеп жана 1 ФАП авариялык абалда;

Чулук айылында 1 турак-жай изилденип авариялык абалда, 1 мектептен майда жаракалар пайда болгон;

Кара-Тейит айылында 100 турак-жай изилденип, 17 турак-жай авариялык абалда, ФАПтын имаратында майда жаракалар пайда болгон.

Жалпы Жекенди айыл аймагында 281 турак-жай изилденип, 66 турак-жай авариялык абалга келип, 215 турак-жайдан майда жаракалар пайда болгон, 6 социалдык объект изилденип, анын 4 авариялык абалга келген (2 ФАП, 1 почтанын имараты, 1 мектеп).

Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссия тактоо иштерин улантууда.

Жарандар өздөрүндө болгон чатырларын жана боз үйлөрүн турак-жайларынын жанына орноштурушууда.

Ошондой эле КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу 2017-жылдын 3-майында 14:30 чамасында жер титирөө катталган аймакка тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгышып, саат 19:00 чамасында жетишти. 2017-жылдын 4-майында жер титирөөнүн кесепетерин тактоо иштерин жүргүзүшөт.

2017-жылдын 4-майында саат 01:15 чамасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов буйругу менен Ош шаарында жайгашкан бирдиктүү кампасынан 100 даана 5 орундуу чатыр КамАЗга жүктөлүп, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 19 куткаруучулар менен биргеликте жер титирөө катталган аймака жөнөтүлдү. Куткаруучулар  жабыр тарткан турак-жайлардын жашоочуларына чатырлар тигип беришет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов, орун басары Равшан Рысбаев, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Б. Юсупов, КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары өзгөчө кырдаал катталган жерге жеринен танышып жана тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн чыгып кеттишти.

 

Маалымат  үчүн

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 000 м3 болгон жер көчкү түшүп, 11 турак үйдү басып калган (4 турак үйдө эч ким жашаган эмес). Маалымат боюнча жер көчкү 24 адамды басып калган. 

Издөө иштерине КР ӨКМнин Республикалык өзгөчө куткаруу отрядынан 50 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынанан 31 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош облустук КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучулар, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, КР РИИМден 30 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия), Ош шаарынан аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, райондук медицина бөлүмүнөн 8 кызматкер, райондук архитектурадан 4 кызматкер, РЭТнан 15 кызматкер, Төрт-Көл айыл аймагынан 20 адам,  райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор, райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор тартылга.

Издөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 3-майында саат 17:40 чамасында 2 кыздын (2003-жылы туулган, жана 2007-жылы туулган) жансыз денелерин, саат 18:10до 1 баланын (2000-жылы туулган) жансыз денесин  табышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Издөө иштери улантылууда.

Ошондой эле 2017-жылдын 1-майында издөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда, 100 миң сом акча жана зергер буюмдары андан сырткары  3-майда издөө иштери жүрүп жатканда 11220 сом акча каражаты табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 3-майга карата 24 турак-жайды жана 35 электр мамычасын баскан.

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, андан сырткары 4 соц.объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) бар.

Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолууда.

КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссия, КР ӨКМнин мониторинг департаментинин директорунун орун басары жана РЭТ кызматкерлери жер көчкү жүргөн аймакта иш алып баруушуда.

2017-жылдыне 4 майында оронтулган 60 чатырга жана ФАП катары колдонулган 1 чатырга РЭС кызматкерлери тарабынан жаңы трансформатор орнотулуп, электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлөт.

КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссия жер көчкүнү көзөмөлдөп турушат.

Баткен облусу

Кадамжай  районунда 2017-жылдын 3-майында саат 10:47 чамасында катталган жер титирөөнүн кесепетинен кээ бир соц.объектилерде жаракалар пайда болгон.         

Райондук комиссия жер титирөонүн кесепетерин тактоо иш-чараларын жүргүзүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

Айдаркен шаарында шаардык оорукананын имаратынын, “Күн Нуру” балдар бакчасынын имаратынын жана “Т.Маккан” орто мекбенин залдары жана канааларынын ар жерлеринен шыбактары түшүп, мурда пайда болгон  жаракалары чонойгондугу  байкалган;

Бирлик айыл аймагынын Жал айылындагы Б.Алыкулов орто мектебинин имаратынын темир бетондуу балкалары жана тосмо плиталары жылып, окуу класстарынын шыбактары  түшкөн.

Көтөрмө айыл аймагынын Чандаки айылындагы Х. Жаныбеков орто мектебинин, Тамаша айылындагы А. Камбаров орто мектебинин,  Тамаша айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана Кызыл Булак айылындагы “Коксал Таптан“ орто мектебинин имараттарынан билинер билинбес жаракалар пайда болгондугу байкалган.

Жогорудагы имараттар Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан изилденип коопсуз абалда экиндиги аныкталды.

Жалал-Абад  облусу

Майлуу-Суу шаарында 2017-жылдын 2-май күнү Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Энгельс көчөсүнүн Шор-Булак тилкесинде Майлуу-Суу дарыясынын сол  жээгинде узуну 200 метр, туурасы 50метр жер жарылып, болжолдуу 1 000 000 м3 жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен.

 Дарыянын суусун, Майлуу-Суу–Сары–Бээ-Энгельс жолунун 5-чакырымында №45 телевышкага баруучу унаа жолун жаап калуу коркунучу байкалган. Ошондой эле 5 турак жайга жана электр мамычаларга коркунуч жаралган.

Саат 16:15те Бабы-Ата тилкесинде узуну 200метр, туурасы 350метр жер жарылып, болжолдуу 1 000 000м3 жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен. Жер көчкүдөн жакынкы 42 турак үйгө  30-40 метр аралык калган.

Жер көчкү катталган жерде Майлуу-Суу шаарынын 83-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 15 адам жана Ош шаарынан КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан п/полковник Шайдуллаевдин жетекчилигинде 10 куткаруучу, 1 КамАЗ жана шаардык мэрия тарабынан 2 бирдик “Портер” унаасы тартылып.

2017-жылдын 3-майында  саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Премьер министри С.Ш. Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор К.А.Боронов  Майлуу-Суу шаарында Кой-Таш участкасында эл менен жолугушуп, Майлуу-Суу-Сары-Бээ унаа жолу боюнча маселени талкуулашып, тишелүү кызматтарга тапшырмаларды беришти.

Ошнндой эле куткаруучулар тарабынан 44 чатыр тигилип, 44 үй-бүлө көчүп келип, чатырларга жайгаштырылды. Ал эми 5 турак-жайдын жашоочулары үйлөрүндө жашабагандыктан көчүрүлгөн жок. Калган 5 чатыр Сары-Бээ айыл аймактын башчысына өткөзүлүп берилди.

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы 2017-жылдын 29-апрелинен 30-апрелине караган түнү Эңилчек айыл аймагында жайгашкан Ак-Чий жана Боз-Учук айыл амактарына тиешелүү кыштоолорунун жайыт жерлеринде 1 метрге чейин жеткен кар жаап, жана Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолунда кар күрткүлөрү пайда болгон. Унаа жол бир каттамга ачык, бирок унаалар жүрүүгө оор абалда, кыштоодогу малчыларга чөп алып барууга кыйынчылыкты жараткан.

Андан сырткары кардын калың жааганына байланыштуу кыштоодогу малдардын чөбү түгөнүп, 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала алган маалыматтар боюнча тоодон кар көчкү түшүп, 5 баш жылкы кар көчкүнүн алдында калган.

Ошондой эле, аталган аймака  2 адам 1 ГАЗ-66 унаасы менен чөп алып баратып, жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алган. Каза болгон адамды райондук өлүк канасына жана жабыркаган адамды ооруканага тез жардам унаасы жеткирген.

2017-жылдын 3-майында райондук Жаранды коргонуу комиссия кар жааган аймака жеринен тактоо үчүн чыгып кетти. Тартылган техника унаа жолду тазалоо иш-чараларын жүргүзүп жатат.

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 3-майына саат 08:30дан

2017-жылдын 4-майына саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

3-АӨКБ

1  бөлүм 

1

07-44

07-46

 

 

07-55

101

Осмонкул жана Ж.Жолу көчөлөрүнүн кесилиши, өрт жөнүндө маалымат түшкөн.

 

2

4-АӨКБ

1 бөлүм 

8- АӨКБ 1 бөлүм 

   АКП                 5-АӨКБ  АЛ   28-АӨКБ 

1 бөлүм  ШТАБ

1

16-57

16-57    17-07   16-58   17-11   17-15

17-08

17-05      17-18      17-16      17-20      17-30

18-00

18-22

20-00

19-51

19-50

18-06

19-36

20-00

101

Д. Садырбаев көчөсү №258, ОсОО “Мерибелл”,  300 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган 14 кабаттуу бүтө элек үйдүн чатыры куйгөн. Себеби: курулуш иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугун эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Чүй  облусу

 

3

22-АӨКБ         1 бөлүм

1

02-44

02-48

03-05

03-40

04-10

101

Жайыл району, Кара-Балта шаары, Чернышевский көчөсү №58, ээси Л.В.Хитева, 25 чарчы метр турак үй, азык- түлүктөрү толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл   облусу

 

4

19-АӨКБ         1 бөлүм

1

09-43

09-49

10-01

10-30

10-55

101

Балыкчы шаары, Конституционная көчөсү № 36, ээси  К.Жаныбеков, бөлмөдө палас, шкаф, 1 дааны пластик терезе күйгөн, ичинде 2014-жылы туулган  А. Ж.  түтүнгө ууланып калган. Өрт өчүрүүчүлөр сыртка алып чыгышып, Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген, абалы орто. Себеби: такталууда.

1ствБ

5

15-АӨКБ

1бөлүм

1

15-04

15-10

 

ж-че

өч-н

15-50

101

Каракол шаары,  “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 26-76 ТД автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү түтөгөн. Себеби: электр жабдууларын техникалык өрт коопсуздугу эреженин бузулушу.

 

6

19-АӨКБ

1бөлүм

1

16-21

16-24

16-28

16-35

16-55

101

Балыкчы шаары, Ж.Аманбаев менен Ю.Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 09-599 ААВ автоунаанын салону күйгөн. Ээси С.Уметов. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1ствБ

7

39-ӨКБ

1бөлүм

1

19-57

19-59

20-10

20-40

21-00

101

Ак-Суу району, Ак-Суу айылы, токойдо 100 чарчы метр чычырканак күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад  облусу

 

8

94-ӨКБ          1 болүм

1

10-31

10-41

10-46

11-20

11-45

101

Токтогул району, Чычкан капчыгайынын ичинде 20 чарчы метр камыш күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

9

78-ӨКБ

1бөлүм

1

16-12

16-17

16-23

16-52

17-05

101

Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы, Вокзальная көчөсү № 83, ээси М.Усенбаев, 100 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо  өрт коопсуздугу эреженин бузулушу.

1ствБ

10

65-ӨКБ           1бөлүм   

1

17-10

17-22

17-30

18-52

19-24

101

Сузак району, Ырыс айыл аймагы, Ырыс айылы, ээси М.Токуров, жыгач устундуу шифер менен жабылган 72 чарчы метр  сарай толугу менен, 50 түк саман, 20 боо чөп, 2 куб отун күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен  облусу

 

11

62-ӨКБ

 1бөлүм         

1

06-05

06-08

06-20

07-28

 

101

Кызыл-Кия шаары, Жусубалиев көчөсү №120, ээси А.Сейдалиева, 150 чарчы метр  жыгач үстүндөгү шифер менен жабылган  дүкөн толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

2017-жылдын 4-майына саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу  болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунун Куйручук көчөсү №3 үйүнүн 17-батиринде 2 жашар жана 10 айлык балдар үйүндө камалып калган. КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары балкон аркылуу бөлмөгө киришип бекилип калган эшикти ачып беришкен.

Октябрь районунун Юнусалиева жана Сухэ-Батора көчөлөрүнүн кесилишинде люктун решёткасына бир жараандын буту кирип калган (И.М. 1969-жылы туулган). КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары атайын шаймандардын жардамы менен бутун чыгарып беришкен. 

Ленин районунда Шевченко көчөсүнүн №12 үйүнүн 12-батиринде он жашар бала үйүндө камалып калган. Куткаруучулар 3 кабаттуу шатынын жардамы менен балкондон киришип, жабылып калган эшикти ачып беришкен.

Ош облусу

Чоң-Алай районунда КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары 2017-жылдын 3– майында  жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагында жабыркагандарга 100 (жүз) 10 (он) орунду чатырларды жеткирип,  орнотуп берүү үчүн тартылган.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы  Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну 1974-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Нарын дарыясынын жээгинде мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар менен туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп натыйжа болгон эмес. Издөө иштери уланууда.

Майлы-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагындагы Карыйгач айылында Майлы-Суу дарыясы жолду сел каптаган. КР ӨКМнин 83-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 42-турак үйдүн ичиндеги азык-түлүгүн ташып чыгарып беришкен.

 

Ош шаары

Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн №35 үйүнүн 11-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 2 жаш бала калып кеткен.

Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн №15 үйүнүн 9-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 3 жаш бала калып кеткен.

   

2017-жылдын 4-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорундо  жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9метрге чейин жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы