Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

03.05.2017

2017-жылдын 3-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү!!! 

2017-жылдын 3-майда Ысык-Көл ойдунунун чыгышында, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1...-3° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.     

 Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (33-чакырымы), Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун (325-334-339-341-чакырымдары), Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк порталы жана 339-341-чакырымдарынын коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2017-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2017-жылдын 2-май күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык тобу Нарын облусунун Нарын шаарынан саат 08:20да Кочкор районунун “Калмак-Ашуу” участкасына кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чыгып, саат 13:30дан 19:00гө чейин 20 жолу артилериялык атуу жүргүзүшүп, 2 000м3 кар көчкүсүн түшүрүшкөн. Артилериялык эсеп  Төлөк айылына келип түнөшкөн. 3-май күнү мажбурлап кар көчкү түшүрүү иш-чаралары улантылат.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагындагы Кара-Колот айылында 2017-жылдын 2-майында саат 11:30да узуну 234 метр, туурасы 132 метр, калындыгы 2 метр, болжолдуу көлөмү 62 миң м3 болгон жер көчкү акырындык менен жылып, 1 сарайын басып, 1 турак үйгө 2 метр жетпей токтогон. Андан сырткары 4 турак жайга коркунуч жаралган. Ошондой эле Корс-Этти айылында 1 турак үйдүн аркасынан жер көчкү жаракалары пайда болгон.

Жер көчкү жүргөн жерге КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси жана КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башкы адиси иликтөө иштерин жүргүзүшкөн .

2017-жылдын 2-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясынын жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштеринин негизинде 5 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. 

Ал эми Корс-Этти айылындагы 1 турак үйдүн жашоочусу коопсуз жайга чатыр тигип көчүп чыккан.

Маалымат үчүн

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында  2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 000 м3 болгон жер көчкү түшүп, 11 турак үйдү басып калган (4 турак үйдө эч ким жашаган эмес). Маалымат боюнча 24 адам жер көчкүнүн астында калган. 

Издөө иштерне КР ӨКМнин Республикалык өзгөчө куткаруу отрядынан 78 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынанан 32 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош облустук КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучулар, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, КР РИИМден 10 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия), Ош шаарынан аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, райондук медицина бөлүмүнөн 5 кызматкер, райондук архитектурадан 4 кызматкер, РЭТнан 15 кызматкер, Төрт-Көл айыл аймагынан 20 адам,  райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор, райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор тартылган.

2017-жылдын 2-май күнү куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында саат 18:45те 1978-жылы туулган К.И.Н., саат 19:55те 2013-жылы туулган Н.А.И. жансыз денелерин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Андан сырткары  вице-премьер министр  М. Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Сарыбашов жер көчкүдөн каза болгондордун жакындары менен жолугушкан.

2017-жылдын 3-май күнү саат 08:00 издөө иштери улантылды.

 

Жазы айыл аймагында 2017-жылдын 19-20-апрель күндөрү жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 610-чакырымында Жазы дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн 200 метр жогору жагынан Жазы дарыясынын 200 метр жээгинин оң жагын жеп, Прогресс айылындагы 1000 турак үйгө, 1 электр мамыча, май куйуучу жайга жана тамактануучу жайга коркунуч жаралган.

Жээкти бекемдөө ишине КР ӨКМнен 9 самосвал, 1 бульдозер, 1 экскаватор, Өзгөн шаардык мэриясынан 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 3 ХОВО, №5 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч, 4 самосвал тартылган.

2017-жылдын 2-май күнү оор жүк ташуучу унаалар менен Араван таш карьеден 9 каттам таш ташылып, дарыянын жээктери бекемделип, жумуш толугу менен бүткөрүлгөн. Жалпысы 2017-жылдын 22-апрелинен 2-майына чейин 108 каттам таш ташылып, дарыянын 200 метр аралыгы бекемделген. Дарыядагы суунун деңгээли турукташкан.

Жалпак-Таш айыл аймагынын  Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 2-майга карата 340 метрге чейин жетип, 19 турак-үйдү баскан. Негизинен жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай бар. Андан тышкары 4 соц.объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч бар. Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолууда.

Жер көчкү жүргөн аймака КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары жана Райондук электр тарамактарынын кызматкерлери барышкан.

2-май күнү КР ӨКМги тарабынан бөлүнгөн 5 орунду 61 чатырга жалпысы 60 турак үйдүн жашоочулары жайгаштырылып, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлери электр зымдарын тартып беришкен. Ал эми 1 чатырды жергиликтүү тургундар ФАП катары пайдаланууда. 

Кызыл жарым Ай коому тарабынан гуманитардык жардам (60 даана ашкана буюмдары жана жатуучу буюмдар) таркатышкан.

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагында  2017-жылдын 1-май күнү саат 10:00 чамасында Курулуш айылында жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр  сүрүлгөн. Узуну 300, туурасы 100, бийиктиги 5метр, көлөмү болжол менен 150000м³. Көчкү 2 турак үйгө 200метр алыстыкта жүрүп, кооптулук жараткан.  Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары айыл аймак тарабынан туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жер көчкү жанданган аймака КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын  9 куткаруучусу жана Райондук электр тармактар ишканасынын  кызматкерлери тартылган.

2017-жылдын 2-май күнү КР ӨКМнен 14 даана ашкана буюмдары, 14 даана тазалык каражаттары жеткирилиген. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан 5 орунду 14 чатыр тигилип, РЭТ кызматкерлери тарабынан чатырларга электр зымдары  тартылган. Жалпысы 85 адамдан турган 14 үй-бүлө көчүрүлүп жайгаштырылган.

КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Сарыбашов эл менен жолугушуп, түзүлгөн кырдаал менен таанышып кайтышкан.

 

Жалал-Абад  облусу

Майлуу-Суу шаарында  2017-жылдын 2-май күнү Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Энгельс көчөсүнүн Шор-Булак тилкесинде Майлуу-Суу дарыясынын сол  жээгинде узуну 200метр, туурасы 50метр жер жарылып, болжолдуу 1 000 000 м3 жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен.

 Дарыянын суусун, Майлуу-Суу–Сары–Бээ-Энгельс жолунун 5-чакырымында №45 телевышкага баруучу унаа жолун жаап калуу коркунучу байкалган. Ошондой эле 5 турак жайга жана электр мамычаларга коркунуч жаралган.

Саат 16:15те Бабы-Ата тилкесинде узуну 200м, туурасы 350м жер жарылып, болжолдуу 1 000 000м3 жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен. Жер көчкүдөн жакынкы 42 турак үйгө  30-40 метр аралык калган.

Жер көчкү жанданган аймака КР ӨКМнин шаардык бөлүм башчысы, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору, КР ӨКМнин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы, шаардык ӨКМКБнүн башчысы жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан  11 куткаруучу тартылган.

2017-жылдын 2-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Шор-Булак тилкесиндеги 5 турак үй жашоочулары жана Бабы-Ата тилкесиндеги 42 турак үйдүн жашоочулары өздөрүнүн туугандарыныкына көчүрүлгөн. КР ӨКМ тарабынан 5 орунду 49 чатыр бөлүнүп, куткаруучулар тарабынан жеткирилген. 3-май күнү коопсуз жайга чатырларды тигүү иштери жүргүзүлөт.   

Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында  2017-жылдын 1-май күнү саат 13:00 чамасында Каба-Жай-Терек ички чарбалык унаа жолуна көлөмү болжол менен 50-55м3 жер көчкүсү түшүп, жол каттамын тосуп калган. Унаалар көчкүнүн үстүнөн  бир каттамга өтүшүүдө. Жабыркагандар жок.

Кеңеш айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, Арстан-Бап айыл аймагынан 100литр дезель күйүүчү майы  бөлүнгөн.

2017-жылдын 2-май күнү  атайын техниканын жардамында жер көчкү толугу менен тазаланып, саат 18:00дө  унаа жол ачылган.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 2-майына саат 08:30дан

2017-жылдын 3-майына саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

5-АӨКБ

1 бөлүм

1

00-46

00-58

 

01-08

01-34

101

Токтоналиев   көчөсү, №50-үйдүн 2-подъездин жер төлөөсүндө  1 чарчы метр таштанды күйгөн.  Себеби:  электр  ширетүү  иштеринде  өрт коопсуздугунун эреженин бузулушу.

 Кол  кар

2

4-АӨКБ

1 бөлүм

8-АӨКБ

1 бөлүм

Штаб

1

04-43

 

04-50

 

04-55

04-46

 

04-54

 

05-05

 

 

 

 

05-19

 

 

07-24

 

 

 

 

06-41

101

Москва көчөсү №225, №2 төрөт-үйүнө караштуу, болжолу жалпы аянты 100 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган кампанын чатыры, ысык сууну бөлүштүрүүчү бөлмөсү (бойлерная), эски буюмдарды сактоочу бөлмөсү  күйгөн.  Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.   

4ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

3

23-АӨКБ

1 бөлүм

1

13-43

13-48

 

 

14-26

101

Сокулук району.  Черемушка айылы, Мичурин көчөсү, 45, ээси Бекмаматов Н. Ашкана бөлмөсүндө газ плитада тамак-аш (сүт) калган.

---------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

4

19-АӨКБ

1 бөлүм

1

07-28

07-40

08-15

08-30

08-55

101

Балыкчы шаары, Кызыл-Ордо  көчөсү №58, ээси  К.Калчаев, 20 чарчы метр бөлмөдө  эшик,   пластик терезе, шкаф, палас күйгөн.  Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

5

33-ӨКБ

1 бөлүм

1

08-46

08-58

09-45

10-20

10-45

101

Ысык-Көл   району, Жаркынбаев  айылы,  Жаркынбаев  көчөсү №12, ээси Т.Тыналиев,  турак  үйдүн 70 чарчы метр бөлмөдө жыгач жасалгасы (обшивка) 2 терезе, 2 эшик күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын облусу

 

6

45-ӨКБ

1 бөлүм

1

18-35

18-37

18-38

19-28

19-30

101

Ат-Башы  району, Ат-Башы  айылы,  Жунусов  көчөсү №16, ачык аянтта  10 чарчы метр   жерде  жыйналган  отун,  куураган  чөп   күйгөн.   Себеби:  үй  ээсинин  отко  этиятсыз  мамилеси (таштанды  өрттөгөн).

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

7

88-ӨКБ

1 бөлүм

1

20-44

20-50

20-52

21-00

21-20

101

Чоң Алай району, Чоң Алай айыл аймагы, Кызыл-Туу айылы, 2,5 чарчы метр фонерадан  капталган  мордун  тегереги  күйгөн. Себеби:  отко  этиятсыз  мамиле  кылуу.

1ствБ

2017-жылдын 3-майына саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:

Ош облусу

 Кара-Суу  районунун  Шарк  айыл аймагындагы  Фурхат  айылында Кулиев  көчөсүндөгү №25 үйдүн кире  бериш  тепкичинин  астынан 1,5  метрге  жакын  жылан  чыккан.  КР ӨКМнин №102 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  тепкичти бузуп жыланды  издешкен, бирок табышкан  жок.

 

Кара-Суу районунда 1-май күнү саат 20:00 чамасында Жаңы-Арык айылынын тургуну 1951-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран Жаңы-Арык айыл аймагынын Учкун айылындагы Куршаб дарыясынан өтүп жатып, аты менен кошо агып кеткен. Жергиликтүү тургундар тарабынан 2017-жылдын 2-майында саат 07:50дө  Ч.У.  жансыз денеси табылган.

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну 1974-жылы туулган К. Т. аттуу жаран Нарын дарыясынын жээгинде мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. Туугандары өз алдынча  издөө иштерин жүргүзгөн, бирок натыйжа бербегендиктен, КР ӨКМнен жардам сурап кайрылышкан. Издөө иштерине  КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып жана туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп натыйжа болгон эмес.

Ош шаары

КР ӨКМнин  Ош шаардык Куткаруу кызматынын  куткаруучулары Монуев көчөсүндөгү №83 үйүнүн 41-батиринин жабылып калган эшигин ачууга чыгып, барганга чейин үй ээси өзү ачып алган.

Нарын облусу

Кочкор районундагы Бишкек-Торугарт жолунун 33-чакырым аралыгындагы Сары-Булак, Сөң-Көл тилкесинде  КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кар көчкүнү атайын түшүрү иштерине нөөмөткө чыгышкан.

 

2017-жылдын 3-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы