Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

02.05.2017

2017-жылдын 2-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (33-чакырымы), Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун (325-334-339-341-чакырымдары), Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк порталы жана 339-341-чакырымдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, 2017-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2017-жылдын 1-май күнү саат 16:00дө КР ӨКМнин жетектеген ыкчам топ менен Кыргыз Республикасынны Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык тобу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан чыгып, Нарын шаарынын аскер бөлүгүнө келип жайгашышкан.

2017-жылдын 2-май күнү Кочкор-Төлөк-Соң-Көл унаа жолунун 33-чакырымында мажбурлап кар көчкү түшүрүү иш-чараларын башташат.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 000 м3 болгон жер көчкү түшүп, 11 турак үйдү басып калган (4 турак үйдө эч ким жашаган эмес). Маалымат боюнча 24 адам жер көчкүнүн астында калган. 

Издөө иштерне КР ӨКМнин Республикалык өзгөчө куткаруу отрядынан 78 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынанан 32 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош облустук КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучулар, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, КР РИИМден 10 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия), Ош шаарынан аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, райондук медицина бөлүмүнөн 5 кызматкер, райондук архитектурадан 4 кызматкер, РЭТнан 5 кызматкер, райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор тартылган.

2017-жылдын 1-май күнү саат 07:45тен тартып издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай жыйынтык болбогондуктан саат 19:30 издөө иштери убактылуу токтотулган.

2017-жылдын 2-май күнү улантылат.

 

Жазы айыл аймагында 2017-жылдын 19-20-апрель күндөрү жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 610-чакырымында Жазы дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн 200 метр жогору жагынан Жазы дарыясынын 200 метр оң жаак жээгинин жеп, Прогресс айылындагы 1000 турак үйгө, 1 электр мамыга, май куйуучу жайга жана тамактануучу жайга коркунуч жаралган.

Жээкти бекемдөө үчүн КР ӨКМнен 9 самосвал, 1 бульдозер, 1 экскаватор, Өзгөн шаардык мэриясынан 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 3 ХОВО, №5 ЖТИнан 1 жүктөгүч, 4 самосвал тартылып, 2017-жылдын 1-май күнү оор жүк ташуучу унаалар менен Араван таш карьеринен 10 каттам таш ташылып, дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 45 каттам таш ташылып, жумуш башталган бери 150 метр тосмо курулган.

Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 2-майына карата 16 турак-үйдү баскан. Негизинен жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай бар. Андан тышкары 4 соц.объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч жаралып. Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолууда.

Кырсык катталган жерге КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзү жана божомолдоо департаментинин директорунун орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

2017-жылдын 27-апрель күнү 15 турак үйдүн тургундары КР ӨКМ тарабынан, айылдын жогору жагындагы “Жолборс-Үнкүр” участкасына орнотулган 15 даана чатырларга жайгаштырылган.

 КР ӨКМ тарабынан 2017-жылдын 1-май күнү кошумча 46 даана 5 орундуу чатыр жана 46 даана тазалык каражаттары бөлүнүп, аталган айыл аймака жеткирилген. ӨКМ тарабынан 46 даана чатыр Жолборс-Үнкүр участкасына орнотулуп 45 үй-бүлөө көчүрүлдү, анын ичинен 1 чатыр ФАП үчүн орнотулган.  

 

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы 2017-жылдын 1-май күнү саат 10:00 чамасында Курулуш айылында жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр сүрүлгөн. Узуну 300, туурасы 100, бийиктиги 5 метр, көлөмү болжол менен 150000м³. 2 турак үйгө 200 метр алыстыкта жүрүп, кооптулук жараткан.  Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары айыл аймак тарабынан туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жер көчкүсү канчалык деңгээлде коопту экенин аныктоо үчүн, КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КжАКБнүн улук офицери, мониторинг департаментинин өкүлү тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп,  көчкүнүн түшүүсү 14 турак үйгө кооптуу экени аныкталган.

14 турак үйгө КР ӨКМдин бирдиктүү кампасындагы көрөнгүдөгү 5 орунду 14 даана чатыр, 14 даана тазалык каражаттары жана 14 даана ашкана буюмдары менен, 2017-жылдын 2-май күнү жеткирип берүү жагы каралууда. 

Айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынып, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

 

Жалал-Абад  облусу

Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылдын 28-апрелинде саат 00:30 чамасында Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш участкасында болжол менен 18 000 м3 жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшүп, дарыянын суусу Майлуу-Суу-Сары-Бээ унаа жолуна ашып, турак үйлөрдүн короолоруна кирген. Натыйжасында 40 үй-бүлөөгө кооптуу абал жаралган.

Кыйроолор жок.

2017-жылдын 30-апрель күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын МУА жетектеген ыкчам топ, жерине барышып жыйын өткөрүшкөн. Натыйжада райондук Жарындык коргонуу комисиясына Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган 550 түтүнгө, убактылуу жөө каттам жолду кеңейтип берүү боюнча  тапшырма берилген.  

2017-жылдын 1-май күнү  Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган 550 түтүнгө (3200 адам) убактылуу жолду кеңейтип берүү үчүн, Жарандык коргонуу кызматтары, аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, ӨКМнин №83 өрт-куткаруу болүмүнөн куткаруучулары, шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын техникаларынын аракетинде узундугу 600метр, туурасы 2метр болгон жөө каттам жол кеңейтилип жумуш аяктаган.        

Базар-Коргон району. Арстанбап айыл аймагы. 2017-жылдын 1-май күнү саат 13:00 чамасында Каба-Жай-Терек ички чарбалык унаа жолуна көлөмү болжол менен 50-55м3 жер көчкүсү түшүп, жол каттамын тосуп калган. Унаалар көчкүнүн үстүнөн  бир каттамга өтүшүүдө. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес, кыйроолор жок.

Жол тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 бульдозер тартылган.  Тартылган техниканын бузулуп калганына байланыштуу жумуш болгон эмес.

2017-жылдын 2-май күнү тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Могол айыл аймагынын 2017-жылдын 30-апрель жана 1-май күндөрү Ооган-Талаа айылынын Талжылга участкасында 2003-жылы КР ӨКМнин Мониторинг департаменти тарабынан  жер көчкү коркунучу бар деп катталган аймакта жер кыртышында жаракалар пайда болгон.

2017-жылдын 1-май күнү райондук Жарандк коргонуу комиссиясы Талжылга участкасында изилдөө иштерин жүргүзүшүп, болжол менен 900м3 жер көчкү коркунучу бар экендигин аныкташкан. Кооптуу аймакта 9 турак үй жайгашкан (48 киши жашайт). Жалпы 9 түтүндөн 1 гана турак үйдүн ээси 2003-жылы жеңилдетилген ссуда алган. Калган турак-жай ээлери ссуда жана жер тилкелерин алышкан эмес.

Аталган турак-жай тургундарын коопсуз аймакка көчүрүү айылдык аймактын жетекчилигине жүктөлгөн.

 

Ысык-Көл облусу

Түп районунда 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 15:00 чамасында Саргудук айылына бара турган жолдо көлөмү 60м3 болгон жер көчкү түшүп, жолду басып калган.  Саргудук айылында 5 түтүн эл жашайт, айыл жер көчкү түшкөн жерден 10 чакырым алыс жайгашкан. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине 1-апрель күнү саат 10:00дө №4 жол тейлөө ишканасынан техникасынын аракетинде жол толугу менен тазаланып ачылган.

Ак-Суу районунда 2017-жылдын 30-апрелинде саат 11:00 чамасында Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунун  82-чакырымында 50 см кар жаап унаа жол жабылып калган.

Тазалоо иштерине №11 жол тейлөө ишканасынан ДТ-75, Т-130, жүктөгүч,  грейдер тартылган. 2017-жылдын 1-майында тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жол бир тараптуу ачылган.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 1-майына саат 08:30дан

2017-жылдын 2-майына саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаары

 

1

6-АӨКБ

1

22-38

22-46

 

Жеткен. чейин

23-19

101

Ленин районунун Абдраев көчөсү 57  ээси  Т. Тыналиев. Жыгач устундуу шифер жабылган 1чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Себеби:  электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

   -----

2

4-АӨКБ

1

04-49

04-56

05-48

06-05

06-19

101

Ленин району Дэн Сяопин проспекти 6,  аянты 10чарчы метр болгон гезит саткан киосктун ички ДВП жасалгасы,  канцелярдык товарлар, гезит , журналдар күйгөн. Себеби жана ээси такталууда.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

3

78-ӨККБ

1

18-52

20-10

 

Жеткен. чейин

21-55

101

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтү, Чкалов айылы, Табалдиев көчөсүндөгү 17-үйдө өрт чыккан. Бирок өрт өчүрүүчүлөр Кара-Үңкүр дарыясынын биринчи жана экинчи көпүрөсү жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу өтө алган эмес.  Өрт болгон жерге айыл тургундарынын унаасы менен барышкан, жеткенге чейин  жыгач устундуу темир жабылган аянты 108 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кеткен. Себеби:  электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

   -----

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  облусу

 

4

53-ӨККБ

1

20-00

20-06

20-08

20-15

20-25

101

Өзгөн районунун  Өзгөн шаары, Ленин көчөсү көмөк чордонунун (трансформаторная подстанция) майы күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

5

33-ӨКБ

1

23-10

23-20

23-35

00-00

00-20

101

Ысык-Көл районунун  Ананьево айылы, Жанагулов көчөсүдөгү турак үйдүн  бөлмөсүндө 16 чарчы метр жыгач пол, төшөктөр, кийим-кечелер күйгөн. Себеби: өртөө (ээси).

1ствБ

 

2017-жылдын 2-майына саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду:

Ош облусу

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында 2017-жылдын 1-май саат 06:40 чамасында Аюу айылында жер көчкү жүрүп 11 үйдү басып калган. Жер көчкүнүн астында божомол менен 24 адам калган. КР ӨКМги тарабынан жалпысы 190 куткаруучу тартылып издөө иштери жүргүзүлгөн. 2017-жылдын 1-май күнү саат 07:45тен тартып издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай натыйжа болбогондуктан саат 19:30 издөө иштери убактылуу токтотулган.

 

Баткен облусу

Кадамжай  районунда 2017-жылдын 26-апрель күнү дайынсыз жоголгон Бирлик айыл аймагынын Сырт айылынын тургуну 1947-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран 2017-жылдын 1-май күнү саат 11:15 чамасында туугандары тарабынан Сох дарыясындагы  көпүрөнүн төмөн жагынан жансыз денеси табылган.

Ош облусу

Кара-Суу районунун Кара-Суу районунда 2017-жылдын 1-май күнү саат 20:00 чамасында Жаңы-Арык айылынын тургуну 1951-жылы туулган  Ч.Ураимов аттуу жаран Жаңы-Арык айыл аймагынын Учкун айылындагы Куршаб дарыясына аты менен агып кеткен.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы  Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну 1974-жылы туулгант К.Т. аттуу жаран Нарын дарыясынын жээгинде мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. Туугандарынын өз алдынча жүргүзгөн издөө иштери натыйжа бербегендиктен, КР ӨКМнен жардам сураган. Издөө иштерине 20 куткаруучу тартылган, издөө иштерин уланууда.

 

2017-жылдын 2-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Ноябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы