Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

28.04.2017

2017-жылдын 28-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт !!!

2017-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелден 1-майга чейин абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө 8…13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, Ысык-Көл  ойдуңунда 7…12°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден 1-майга чейин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.     

2017-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

2017-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга  байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары, Балыкчы-Казарман альтернативдик унаа жолунун Көк-Арт ашуусунун түштүк порталы (339-341чакырымдары) жана түндүк порталы (325-334 чакырымдары) ошондой эле  Кочкор районунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (Калмак-Ашуу ашуусу) 33-чакырымы кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

 Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Кар көчкү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары

Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (33-чакырымы), Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун (325-334-339-341-чакырымдары), Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк порталы жана 339-341-чакырымдарынын коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2017-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 24-апрелинде №11-буйругу чыккан.

  27-апрель күнү Түндүк-Түштүк алтернативдик (Жалал-Абад-Балыкчы)  унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнөн дайындалган артиллериялык топ, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылындагы Кытай ишканасынын базасына жайгашышкан.

 Кыргыз Рэспубликасынын ӨКМнин Гидрометеорологиялык агенттигинин адистери, райондук Жарандык Коргоо кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте Көк-Арт ашуусуна барышып (325-334-чакырымында) иликтөө иштерин жүргүзүштү. Атайын-аттыруу иш-чарасы 28-апрелде башталат.

 

Жалал-Абад облусу

Сузак районунда  2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам  Cузак айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Сузак айыл аймагындагы коргоочу тосмонун 100 метр аралыгын жууп, 241 кожолук турак жайга жана 10 га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

          Жээктерди бекемдөөгө Сузак айыл аймагы тарабынан 1 менчик жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 200 адам тартылган.

2017-жылдын 27-апрель күнү саат 10:00дөн баштап Сузак айыл аймагынан техника жана жергиликтүү тургундар жумушка тартылып, ашар жолу менен КР ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилген 600 даана габион торчонун, 300 даанасы орнотулуп  койулду. Тосмону калыбына келтирүү иш-аракеттери 28-апрелде улантылат.

         Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 2017-жылдын 19-апрель күнү жааган жаан чачындан улам Байкашка-Терек, Чыгыш-Жол айылында Авлетим дарыясынын суусу  көтөрүлүп оң жана сол жээктериндеги 3 участкадан болжолдуу 500 метр жээк аралыгын жеп ички чарбалык жолдорго жана турак үйлөргө кооптуу абал жаралган.

Жээктерди бекемдөөгө айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч, 2 самосвал тартылган.

27-апрель күнү дарыянын жээгин бекемдөө иштерин аткаруу үчүн, КР ӨКМ тарабынан 1000 литр дизелдик  күйүүчү май бөлүп берүү жагы каралды. Жээкти бекемдөө иштери 28-апрелде улантылат.

2017-жылдын 27-апрель күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Жыл-Көл участкасында, Авлетим айыл аймагынын Дерес участкасында, Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак участкасында, Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс участкасында, Кызыл-Туу айыл аймагынын Тогуз-Коро участкасында, Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Жайык участкасында 7827 га айыл-чарба өсүмдүк жерлерине изилдөө иштерин жүргүзүү убагында 5700 га айыл-чарба жерлерин саранчы басканы аныкталган.

Тазалоо иштерин Айыл чарба жана милиороация министрлигинин химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинен 12 атайын техника тартылып, 3700 га айыл-чарба жерлерин дарылашты. Дарылоо жумуштары улантылууда.

 

Майлуу-Суу шаарында  2017-жылдын 28-апрелинде саат 00:30 чамасында Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш участкасында болжол менен 18 000 м3 жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшкөн. Көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон. Жер көчкү  дарыянын нугун тосуп калуу коркунучу пайда болгондугуна  байланыштуу Түштүк Кара-Жыгач айылынын 36 үй-бүлөнү  коопсуз жайга көчүрүү каралууда.   Жабыркагандар жок.

 2017-жылдын 28-апрель түнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тапшырмасы менен тактоо жана изилдөө иштерине  КР ӨКМнин шаардык бөлүмүнүн башчысы,  ӨКМнин шаардык бөлүмүнүн башкы адиси, кошумча Биринчи вице мэр, шаардык кенештин депутаты жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын башчысы жеринде барышып тактоо иштерин жүргүзүштү.

Түштүк Кара-Жыгач айылынын 36 турак жайдын жашоочуларына эскертүү берилип, айылдык башкармалыктын көзөмөлүнө алынды.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп 2017-жылдын 27-апрелге карата 180 метрге чейин жеттип, турак үйлөргө чейин 45 метр калды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тапшырмасы менен КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин мониторинг департаментинин бөлүм башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 33 турак үй ээлери убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Анын ичинен 15 турак үйдүн тургундары ӨКМ тарабынан, айылдын жогору жагындагы “Жолборс-Үнкүр” участкасына орнотулган 15 даана чатырларга жайгаштырылган. Калган 18 турак жай ээлери туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлүп чыгарылган.

Кызыл-Тоо айыл аймагында  2017-жылдын 26-апрель күнү саат 15:00 чамасында Эркин-Тоо айылындагы Жазы дарыясынын суусу оң жак жээгин жеп, 50 турак жайга кооптуу абал жаралган. Жабыркагандар жок.

27-апрель күнү анын КР ӨКМнен 1 бульдозер тартылып дарыянын суу жеп кеткен жерлерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Жылалды айыл аймагынын  Жазы дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерине 27-апрель күнү 1 экскаватор тартылып бетон бөлүкчөлөрү орнотулду. Прогресс айылындагы жаратылыш кырсыгынан жабыркап келген 11 турак үйдү коргоо максатында.

Жээк бекемдөө иш-аракеттери толугу менен аткарылып, жумуш аяктаган.

 

Нарын облусу

Нарын районунда  2017-жылдын 26-март күнү саат 12:00дөн баштап Нарын шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун (жаңы жол) 1,5-2 чакырымында таш кулоо кооптулугу сакталып тургандыктан, Нарын райондук администрациясынын 2017-жылдын 25-мартындагы № 46-б буйругу менен унаа жолу  убактылуу жабылган. Унаа каттамы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу (эски жол) менен жүргүзүлүп турган.

27-апрель күнү аталган унаа жолдо коркунуч жоюлуп,  жол каттамы ачылган.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 27-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 28-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек   шаары

 

1

4-АӨКБ

1 б

1

10-17

10-25

10-35

10-50

12-57

101

Жал кичи району, Миңжылкыев көчөсүндөгү “Бишкек жылуулукэнергия” коммуналдык ишкананын аймагында жүк ташуучу “ГАЗ-53”  үлгүсүндөгү мамлекеттик  № 76-43 ВА автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү, кузов күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

 1ствБ

2

3-АӨКБ

1 б

1

13-56

14-04

14-23

14-46

15-23

101

Абдрахманов көчөсү №137,  жер төлөдө 10 чарчы метр  таштанды күйгөн. Себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык (селсаяк).

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

3

8-АӨКБ

1 б

1

13-24

13-50

18-09

18-50

19-51

101

Сокулук району, Комсомольское айылы, Раздольное көчөсү 13. Ачык аянтта 1200 түк чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

2ств Б

4

15-ӨКБ

1 б

1

15-02

15-30

15-45

16-10

16-45

101

Москва району, Стретенко айылы, Центральная көчөсү,  ачык аянтта 200 чарчы метр  камыш күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

5

2-АӨКБ

1 б

1

15-15

15-28

15-41

16-05

16-28

101

Аламүдүн району, Төмөнку Ала-Арча айылы, Чоң-Коргон көчөсү,  ачык аянтта 200 чарчы метр камыш күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

6

53-ӨККБ

1 б

1

09-15

09-40

09-50

10-40

11-10

101

Өзгөн району, Зергер айыл аймагы, Кайрат айылы, Кадыров көчөсү №27. Жыгач устундуу темир жабылган эки кабатту сарайдын чатыры, 500 кг чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

7

109-ӨКБ

1 б

1

14-40

14-50

 

 

15-05

101

Белинский көчөсү, №54 үйүнүн 3-батири, өрт жөнүндө маалымат текшерилген.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

8

36-ӨКБ

1 б

1

18-11

18-50

18-57

19-30

20-15

101

Жети-Өгүз району, Ак-Терек айылы, Новостройка көчөсүндөгү үйдүн  короосунда  25 даана алма көчөтү, 45 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби:  ээсинин отко этиятсыз мамиле кылуусу.

1ств Б

9

33-ӨКБ

1 б

1

19-35

19-40

19-55

20-23

20-44

101

Ысык-Көл району, Ананьево айылы,  орус мүрзөсүндө 110 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Себеби: такталууда.

1ствБ

2017-жылдын 28-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

 

Ош шаары

КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Спортивная көчөсүнүн  №1 үйүнүн  42 – батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаарында  Бишкек – Торугарт  айланма жолунун  57-чакырымында “Мерседес-Гигант” жүк ташуучу мамлекеттик № S 70-43 В унаасы жолдун жээгиндеги бакты сүзүп, ичиндеги айдоочусу кыпчылып калган. Тез жардам кызматы айдоочуну чыгарышып ооруканага алып кетишкен. КР ӨКМнин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан куткаруу жумуштары аткарылган эмес.

Баткен облусу

Кадамжай районунда 2017-жылдын 26-апрель күнү дайынсыз жоголгон  Бирлик айыл аймагынын Сырт айылынын тургуну 1947-жылы туулган  К. Ж. аттуу жаранды издөөгө Айдаркен шаарындагы КР ӨКМнин 2-мобилдештирилген тоо-кен куткаруу кызматынын куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен биргеликте Өзбек Республикасынын Сох айылы аркылуу агып өткөн  Сох дарыясынын жээктерин Кадамжай районунун Актурпак айыл аймагынын  Актурпак айылына чейин издөө иштерин жүргүзүшүп табышкан эмес. 28-апрель күнү издөө иштери улантылат.

 

2017-жылдын 28-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кыска мөнөөтүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Сентябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы