Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

27.04.2017

2017-жылдын 27-апрелинен 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелден 1-майга чейин абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө 8…13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, Ысык-Көл  ойдуңунда 7…12°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден 1-майга чейин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.     

2017-жылдын 27-апрелинен 1-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

2017-жылдын 27-апрелинен 1-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга  байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары, Балыкчы-Казарман альтернативдик унаа жолунун Көк-Арт ашуусунун түштүк порталы (339-341чакырымдары) жана түндүк порталы (325-334 чакырымдары) ошондой эле  Кочкор районунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (Калмак-Ашуу ашуусу) 33-чакырымы кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

 Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы