Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

21.04.2017

2017-жылдын 21-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы.

Шашылыш билдирүү: жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана  дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн!

2017-жылдын 21-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.  Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 21-23-апрелинде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

21-22-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Кар көчкүнү  атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2017-жылдын 18-апрелинен 23-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунун 2017-жылдын 19-апрелинде  КР ӨКМнин ыкчам тобу жетектеген, КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын аскер бөлүгүнөн чыккан артиллериялык тобунун иш-аракетинде, Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында саат 14:00-15:10го чейин 14 снаряд атылып, натыйжада 9000м3 жана 252-чакырымында саат 16:30-17:30га чейин 17 снаряд атылып натыйжада 19000 м3 кар көчкү түшүп, бирок жолго жеткен эмес. Кар көчкү түшүү коркунучу азайган.

Арт расчет Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында, Итагар станциясында түнөп калышкан. Кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары 21-апрель күнү улантылат.

           Жалал-Абад облусу

Чаткал районунун 2017–жылдын 20-апрель күнү саат 12:13 чамасында Чаткал айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылынын тургуну 1955-жылы туулган Аширов Салибай аттуу жаран (Беш-Арал коругунун кызматкери) 12 атчан болушуп коруктан кайтып келе жатышып,  Исфана суусунан атчан өтөм деп сууга агып кеткен. Коктудан түшкөн суунун агымы тез болгондуктан бирге бара жаткан адамдар куткара албай калышкан. Исфана суусу болжол менен окуя болгон жерден 500-600 метр аралыктан кийин барып Чаткал дарыясына кошулат.

Беш-Арал коругунун кызматкерлери 12 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерде байланыш болбогондуктан карангы киргенде издөө иштерин токтотушуп, ӨКМнин райондук бөлүмүнө кечки саат 20:30 чамасында кабар беришкен. Саат 23:32де ӨКМдин Республикалык өзүнө куткаруу отрядынын  9 куткаруучудан түзүлгөн ыкчам топ, окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкен. Издөө иштери 21-апрель күнү улантылат.

Ноокен  районунун 2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Арал айыл аймагынын Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун нугу көтөрүлүп, Арал айылындагы тосмонун 250 метр аралыгын жууп, Арал участкасындагы 234 турак жайга жана 2138га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

“Келечек” ишканасынан 2 самосвал, 1 бульдозер, КР ӨКМ тарабынан 1 жүктөгүч, 2 бульдозер, 10  самосвал, Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнөн 4 кызматкер, КР ӨКМнин РӨКО Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 80 киши.

Суу ашып кетүү коркунучу бар жерлерге 1700 кап тизилген.  140м3 таш ташылып, дарактар кыркылып коюлган.

Базар-Коргон  районунда  2017-жылдын 20-апрель күнү саат 09:00 чамасында тоолордогу кардын ээришинен улам Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун көлөмү көтөрүлүп, Кара-Үңкүр дарыясынын нугун буруу үчүн айыл аймагы тарабынан курулган 90 метр аралыктагы суу тосмону жууп кеткен.

Суу өз нугу менен агып, кооптуу абал жаралган эмес. Аталган тилкеде тосмо куруу иштери КР ӨКМнин 2017-жылдагы Авариялык калыбына келтирүү иш-мерчемине киргизилген.

 

Сузак районунда 2017-жылдын 19-20-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Барпы айыл аймагынын Чанген дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп Боз-Чычкан, Беш-Мойнок айылдарын бириктирген көпүрөгө коркунуч жаралган.

Кооптуулук жаралган аймака айыл аймактан 6 самосвал, 1 жүктөгүч, 15 адам тартылган.

  • йыл аймактын жергиликтүү тургундары жана техникаларынын аракетинде  таш тосмолорду орнотуу иштери аткарылып жумуш аяктаган.

 Курманбек  айыл  аймагында 2017-жылдын 20-апрель күнү саат 16:00 чамасында Капсогор айылы менен Канжыга айылдарын бириктирип турган көпүрөнүн жээктерин Көк-Арт дарыясынын суусу жемирип авариялык абалга алып келген, унаа жол үчүн каттам токтогон.

Көпүрөнүн жээктерин калыбына келтирүүгө 1 автокран, 1 жүктөгүч, 2 экскаватор, 4 самосвал, 15  киши тартылган. 

2017-жылдын 21-апрель күнү Курманбек   айыл  аймагы жана Чайн-Род-энд –Бридж Кытай  компаниясы тарабынан көпүрөнү калыбына келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

 

Ленин айыл аймагында  19-20-апрель күндөрү жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп дарыянын сол жагында жайгашкан Жыгач-Коргон айлына коркунуч жаралган.

Аталган аймака КР ӨКМнин Жалал-Абад областык боюнча башкармалыгынын башчысынын милдеттин убактылуу аткаруучусу, КР ӨКМнин Сел жана суу ташкындарынан коргоо агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышып, Ленин айыл аймагы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.

Блоговешенка айылында жааган жаан чачындан улам Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу көтөрүлүп Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4 коргоочу тосмонун 700 метр аралыгын жууп, айылдагы 150 турак жайга жана 245 Га айдоо жерлерине кооптуу абал жаралган.

Жээктерди   бекемдөөгө  КР ӨКМнин Жалал-Абад областтык Өрткө каршы кызматынан 78 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык куткаруу отрядынын 31 куткаруучу, Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнөн 2 кызматкер, Медицина кызматынан 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам, “Авто-Жол” подряддык ишканасынан 1 бульдозер, 2 автокран, 1 тралл, 6 самосвал. Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынан 1 экскаватор, 8самосвал тартылган.

Алардын жардамында дарыянын жээгине капка кум толтуруп тосуу жумуштарын жүргүзүштү. “Авто-Жол” подряддык ишканасынан техникалары тарабынан суунун нугун буруу аракетин көрүшкөн.

Кызыл-Туу айыл аймагында жааган жаан чачындан улам  Караинген айылында көлөмү 1млн. 800мин м3 жер көчкүсү активдешкен.

1994-жылы 18 турак үйгө жер көчкү коркунучу пайда болуп, аталган 18 үй бүлөгө мамлекет тарабынан жеңилдетилген ссуда жана жер участоктору берилген. Азыркы учурда 18 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүп чыкпай жашап келүүдө.

Аталган кооптуу участоко КР ӨКМнин адистери, Жарандык коргонуу  комиссиясы барышып изилдөө иштерин жүргүзүп, жер көчкүдөн 18 үй бүлөнүн ичинен 4 үй-бүлөгө коркунуч жаралганы аныкталган. 4 турак үйдүн ээлерине жана айыл өкмөт жетекчилигине коопсуз жайга көчүрүп чыгуу боюнча эскертме берилген.

4 үй-бүлө коопсуз аймакка өздөрүнүн чатырларына көчүп чыгышкан.

 

 

Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Спутник кичи шаарчасына жакын  Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Живпром участкасындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №10 коргоочу тосмонун 400 метр аралыгын жууп, 110 турак жайга кооптуу абал жаралган.

Жээкетрди бекемдөөгө Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан, мекеме ишканалардан жана жеке менчик техникалардын жардамында 484м3 таш ташылып, №10 дамбанын жалпы 200 метр аралыгы бекемделген. 

 

         Авлетим айыл аймагында  2017-жылдын 19-апрель күнү жааган жаан чачындан улам Байкашка-Терек, Чыгыш-Жол айылында Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлүп оң жана сол жээктериндеги 3 участкадан болжолдуу 500 метр жээк аралыгын жеп ички чарбалык жолдорго жана турак үйлөргө кооптуу абал жаралган. Айыл аймагы тарабынан 1 жүктөгүч, 2  самосвал тартылып бекемдөө иштери башталды.

Кара-Жыгач айыл аймагындагы Кара-Суу дарыясынын суусу 2 участкасынан 120 метр жээгин жеп, жаны курулган спорт аянтчасына, жер учаскасына кооптуу абал жаралган. Кара-Жыгач аймагы  тарабынан менчик жүктөгүч тартылып калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн.

Кызыл-Туу айыл аймагындагы  Кожо-Ата дарыясынын суусу  210 метр жээгин жеп Жыл-Булак айылындагы турак үйлөргө кооптуу абал жаралган. Кызыл-Туу айыл аймагы тарабынан менчик жүктөгүч жумушка тартылып, калыбына келтирүү жумуштары аяктаган.

Майлуу-Суу шаарында  2017-жылдын 17-апрель күнү саат 11:00 чамасында Майлуу-Суу шаарына караштуу, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Горнияцкая көчөсүндө болжол менен 700 мин м3 жер көчкүсү түшкөн. Суу станциясынан шаарга кетүүчү 200 метр аралыктагы суу түтүкчөсүнө кооптуу абал жаралган.

Түзүлгөн кырдаалды жоюу үчүн 1 жүктөгүч, суу канал ишканасынан 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 киши  Майлу-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүшкөн. Майлуу-Суу шаарын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган эмес.

          

Ош облусу

Араван районунда  2017-жылдын 20-апрелинде Аравансайдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Мангыт айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылынын жанынан өткөн  Аравансай суусу оң жээгинин 35-40метр аралыгын 3-4метр чейин жууп кеткен. Натыйжада 1 турак үйгө жана 300метр дамбага коопту абал жаралган.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын тийиштүү мүчөлөрү абалды жеринен көрүп аныктоодо, аталган тилке 2017-жылдын атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчемине сунушталгандыгы маалым болгон.

20-апрель күнү  дарыянын жээгин бекемдөө үчүн КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан оор жүк ташуучу унаалар жөнөтүлүп, таш ташуу иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө.

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында  2017-жылдын 19-апрель күнү саат 09:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Озгур айылында колоттордон түшкөн сел агындылары 6 турак жайдын короолоруна кирген. Ошондой эле айылдын ички жолу жабылып калган.

2017-жылдын 20-апрель күнү Төлөйкөн айылдык аймагы тарабынан 1 техника тартылып, саат 13:00дө турак-жайлардын короолору жана ички жолдор толугу менен сел калдыктарынан тазаланган.

Нариман айыл аймагында 2017-жылдын 19-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Машрапсай сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп сайдын сол жээгинде жайгашкан Осмон айылындагы ички чарбалык  жолдун жээгин болжол менен  20 метр аралыгын жеп, жолго 2 метр жакын калган. Турак-жайларга коркунуч жок.

Ички чарбалык жолду коргоо максатында Машрапсай сайындагы суунун нугун буруу үчүн, 2017-жылдын 19-апрель күнү 1 экскаватор тартылган. Суу көлөмү жогору болгондугуна байланыштуу техника иштей албай койгон.

20-апрель күнү айыл аймагы тарабынан таш төгүү тапшырмасы берилип, 1 даана технанын жардамы менен жээк бекемделген.

Өзгөн районунда 2017-жылдын 18-апрель түнү Красный-Маяк айылында Заргер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 2008-жылы КР ӨКМги тарабынан курулган дамбанын 22 метр аралыгын жеп, 15 турак жайга коркунуч жаралган.

Жээкетрди бекемдөөгө КР ӨКМден 1 бульдозер, 2 самосовал, 1 автокран тартылган.

20-апрель күнү Жазы дарыясынын нугун буруу иштерин  аяктап, тартылган техникалар Заргер айыл аймагындагы Токтогул айылынын Алтыбай участкасына суунун нугун буруу иш-чараларын аткаруу үчүн жөнөтүлгөн.

Ал эми Прогресс айылындагы Жазы дарыясынын жээгине бетон орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Алай районунда 2017-жылдын 17-апрелде түнү менен жааган жаандын кесепетинен, Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын Сай участкасындагы Чаб-Жылга жана Кара-Жыгач айылдарына баруучу унаа жолу менен Корул дарыясынын кесилишиндеги ашар жолу менен курулган ички чарбалык 2 даана көпүрөлөрдү сел алып кетип 3 турак үйгө коркунуч жараткан.

20-апрель күнү 1 даана жеке менчик жүктөгүч тартылып тазалоо жумуштары утурумдук калыбына келтирилди.

Кең-Жылга айылы Ак-Талаа участкасында жайгашкан 5 турак жайга Талды-Булак жылгасынан түшкөн сел  коркунуч келтирген.

2017-жылдын 20-апрель күнү Тогуз-Булак айылында иштеп жаткан 1 жеке менчик  жүктөгүч жана  жеке менчик 1 КамАЗ тартылып убактылуу тосмо курулду.

Кара-Кулжа районунун  Көк-Жар чегинде  2017-жылдын 19-апрелинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунун 4,2 чакырымында көлөмү болжол менен 900м³ ылай-таш аралаш сел агындылары куюлуп түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жолду тазаоого №26 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч, 3 самосвал, 1 экскаватор тартылган.

2017-жылдын 20-апрель күнү жолду калыбына келтирүү жумуштары техникалардын жардамында   жолду тазалоо иштери журуп жатат.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 20-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 21-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

2-АӨКБ

1 бөлүм

1

12-13

12-24

 

Жеткенге чейин

12-54

101

ЖЧК “Оберон” базары, Темир контейнерден салынган эки кабаттуу “Дасторкон-5”  кафенин экинчи кабаттында   электр эсептегичке туташылган  зымдар түтөгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

------

2

7-АӨКБ

1 бөлүм

1

16-35

16-49

 

Жеткенге чейин

18-23

101

Аламүдүн-1 кичи району, № 64 үйүнүн 57-батиринде, балкондо сыналгы күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

--------

3

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

17-23

17-36

17-47

17-55

18-20

101

Менделеев туюк көчөсү № 64, ээси  М.Юнусов, 45 чарчы метрдеги жыгач устундуу шифер жабылган бастырма, муздаткыч, сандык, шкаф күйгөн. Себеби:  электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств.Б

4

6-АӨКБ

1 бөлүм

1

17-38

17-45

 

 

18-00

101

Сыдыгалиев-Волков көчөлөрү, кароосуз калган имараттан түтүн чыгып жатат деген маалымат боюнча маалымат текшерүү.

----------

5

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

19-20

19-28

19-33

19-36

 

 

19-58

101

Жибек-Жолу-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде, “Мерседес-Бенц 609” үлгүсүндөгү мамлекет № D36-49У жүк ташуучу унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, 2 даана дөңгөлөк, уктоочу бөлмөсү күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

6

28-АӨКБ

1 бөлүм

1-ӨКБ

АСМ-

10 адам

 

1

09-40

 

12-04

11-23

 

13-59

 

 

15-10

15-35

16-50

101

Аламүдүн району, Таш-Дөбө айыл өкмөтү, Бер-Булак айылы, тоодо болжол менен 35 га  куураган чөп, бадалдар жана чычырканак күйгөн. Себеби: такталууда.

Кол каражат м-н

7

28-АӨКБ

1 бөлүм

1-ӨКБ

АСМ-5 адам

ШТАБ

 

1

20-11

 

 

20-40

22-51

22-02

 

 

22-03

23-20

22-52

23-22

00-35

 

 

01-30

00-05

112

Аламүдүн району, Таш-Төбө айыл аймагы, Бер-Булак айылы, тоодо болжол менен 10 га куураган  чычырканак күйгөн. Себеби: такталууда.

Кол каражат м-н

8

22-АӨКБ

1 бөлүм

1

10-12

10-20

10-30

10-45

11-10

101

Жайыл району, Кара-Балта шаары, 40-лет Киргизии көчөсү №32, жер төлөөдө 4 чарчы метр таштанды түтөп, күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

9

23-АӨКБ

1 бөлүм

1

16-10

 

 

 

16-45

101

Москва району, Спартак айылы, Попов көчөсү, Сарай күйүп жатат деген маалымат боюнча чыгышкан, бирок жолдон кайтышкан.

 

10

23-АӨКБ

1 бөлүм

1

04-03

04-10

04-23

04-33

05-06

101

Сокулук району, Сокулук айылы, Алма-Ата көчөсү №63, турак үйдүн бир бөлмөсүндө жумшак эмерек, төшөнчөлөр түтөп күйгөн. Натыйжада батирчи  А. К. 1989-жылы туулган түтүнгө ууланып Сокулук райондук ооруканага тез жардам аркылуу жеткирилген. Себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык (мас абалда).

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу

 

11

93АӨКБ

1 бөлүм

1

10-18

10-36

 

Жеткенге чейин

11-58

101

Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы. Жамиля  Сооронкулова атындагы бала-бакчада, кир жуучу бөлмөдө кир жуучу машинка күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

--------

12

91-ӨКБ

1 бөлүм

1

16-50

16-55

17-05

17-20

17-35

101

Кара-Бура району, Кызыл-Адыр айылы, М.Айтматов көчөсү №13. 12 чарчы метр жыгач сарай толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

13

34-ӨКБ

1 бөлүм

1

12-43

12-47

12-52

14-50

15-20

101

Түп району, Түп айылы, Сыдыков көчөсү № 50, короодо 100 түк чөп, 100 түк саман күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 150 түк чөп, сарай жана турак үй сакталып калынган.

1ств.Б

14

39-ӨКБ

1 бөлүм

1

01-52

01-56

05-40

06-20

06-35

101

Ак-Суу району, Теплоключенко айылы, Колхоз көчөсү №7, 247 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган сарай, 110 түк саман, 5 куб отун күйгөн. Себеби: такталууда. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 4 баш уй, 5 баш кай  сакталып калышкан.

1ств.Б

 

2017-жылдын 20-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 8-кичи районундагы № 30 үйүнүн 18-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ленин районунда КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү №247 үйүнүн 34-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Чүй районунда 2017-жылдын 20-апрель күнү Токмок-Шамшы унаа жолунда “Мазда Кронус” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В7650АЕ унаанын айдоочусу унааны башкара албай калып коктуга тоголонуп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болушкан. №21 өрт куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарып  ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Блоговешенка айылында жааган жаан чачындан улам Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп коргоочу тосмонун 700 метр аралыгын жууп, айылдагы 150 турак жайга жана 245 Га айдоо жерлерине кооптуу абал жаралган. Жээгин бекемдөө үчүн КР ӨКМнин 20-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмдөн 30 куткаруучу, КР ӨКМнин 58-өрт-куткаруу бөлүмүнөн бөлүмдөн 12 куткаруучу, КР ӨКМнин 65-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 17 куткаруучу, КР ӨКМнин 59-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 9 куткаруучу, КР ӨКМнин 54-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 10 куткаруучу тартылган.

Чаткал районунда 2017–жылдын 20-апрель күнү саат 12:13 чамасында Беш-Арал коругунун кызматкери жана 12 атчан адам коруктан кайтып келе жатышып,  Исфана суусунан атчан өтөм деп сууга агып кеткен. Коктудан түшкөн суунун агымы тез болгондуктан бирге бара жаткан адамдар куткара албай калышкан. Беш-Арал коругунун кызматкерлери 12 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам кеч киргенге чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерде байланыш болбогондуктан карангы киргенде издөө иштерин токтотушуп, КР ӨКМнин райондук бөлүмүнө кечки саат 20:30 чамасында кабар беришкен. Издөө иштерине 2017-жылдын 21-апрель күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылат.

 

2017-жылдын 21-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир раондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак, тоңголок, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

 

 

2017-жылдын 21-апрель күнү саат 06:42де Чүй облусу Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча очогунда күчү 4-4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Арпа-Тектир айылы 4,5 балл, Кегети, Пригородное айыл аймагында 4 балл, Токмок, Кемин шаарында 3 балл, Ивановка, Кант,  Бишкек шаарында 2-3 балл. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Октябрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы