Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

20.04.2017

2017-жылдын 20-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы. II бөлүгү

2017-жылдын 20-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:

 

Чүй облусу

Кара-Балта шаарында  КР ӨКМнин №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бородачева көчөсүндөгү №62 үйдүн эшигин ачууга чыгышкан.

 

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаарында  2017-жылдын 16-апрель күнү саат 13:30дар чамасында  2011-жылы туулган Жанапияев Бекзат Амангельдиевич үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине куткаруучулар шаардык ИИБнүн  кызматкерлери, улуттук гвардиянын солдаттары, жергиликтүү тургундар,   туугандары, КТГЭС кыматкерлери баардыгы 207 адам тартылды, бирок табылган жок.

 

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында Көк-Арт дарыясында суусунун деңгээли көтөрүлүп ашып жаткандыгына байланыштуу, дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чараларына  КР ӨКМнин №65 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 40-адам, №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 37 адам тартылган.

 

Ноокен районунун Арал айыл аймагында Тентек-Сай сайында суунун көлөмү көтөрүлүп № 2 дамбаны суу жеп кеткен.  Дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чараларына Таш-Көмүр шаарындагы №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 30 куткаруучулары тартылган.

Ош облусу

Өзгөн районунун Жыланды айыл аймагында жаан көп жааганына байланыштуу Шор-Суу каналынан суу ашып турак жайларды каптаган. Куткаруучулар айыл тургундардын керектүү буюмдарын үйдөн чыгарышып, туугандарыныкына көчүрүшкөн.

2017-жылдын 20-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор  тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сукундасына 4-9 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Август 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы