Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

20.04.2017

2017-жылдын 20-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы. I бөлүгү

Шашылыш билдирүү!

2017-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.  Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 20-23-апрелинде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

21-22-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Кар көчкүнү  атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2017-жылдын 18-апрелинен 23-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 17-апрелинде №10-буйрутмасы чыккан.

2017-жылдын 18-апрелинде саат 12:05де КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнөн дайындалган артиллериялык топ,  жогорудагы иш-чараларды аткаруу үчүн жолго чыгышып, саат 21:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө жайгашышты.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда  2017-жылдын 19-апрелинде  КРнын ӨКМнин ыкчам тобу жетектеген, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын №73809 аскер бөлүгүнөн чыккан артиллериялык тобунун иш-аракетинде, Бишкек-Ош унаа жолунун 222-222,5-223-231 чакырымдарында жалпысы 28 снаряд (1 снаряд жарылбай калган) атышкан, натыйжада 129000м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Кар көчкү түшүү коркунучтары азайган.

Арт расчет Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында, Итагар станциясында, түнөккө жайгашты. Кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары 20-апрель күнү улантылат.

 

Жалал-Абад облусу

 Ноокен  районунда  2017-жыл 18-19-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Арал айыл аймагынын Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун нугу көтөрүлүп, Арал айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №2 коргоочу тосмонун 250 метр аралыгын жууп, Мазар участкасындагы 234 турак жайга жана 2138 га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

Тосмону бузган сел суулары болжол менен 300 га эгин айдоо талаларын, Чиртек-Сай айылында 6 кожолуктун короолоруна кирген.

Түзүлгөн кырдаалды жоюу үчүн “Келечек” ишканасынан 6 жүктөгүч, 2 бульдозер, ӨКМ тарабынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер, 5 самосвал, жергиликтүү элден 150 адам, №55 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 19 кызматкер, КР ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынынын 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан  30 куткаруучу, Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнөн 4 кызматкер тартылды. Эвакувациялоо иштерине “Кыргызнефтигаз” ишканасынан 2 автобус жана 4 кичи автобус тартылган. Масы авто транспорт мекемесинен 1 кичи автобус, Кочкор-Ата шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 1 кичи автобус,  КР ӨКМнин алдындагы Кризисттик кырдаалдар башкаруу борборунан  Көчмө байланыш пункту (ППУ) тартылган.

Тосмону бекемдөөгө 1200 даана кап (ӨКМ-1000, а/а 200), 35 рейс таш (140м3) ташылып, 20 дарактар кыркылып коюлду.

Ошондой эле, КР өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор К.А.Боронов жана орун басары тийиштүү кызматтардын башчылары менен биргеликте кырдаал түзгүлгөн аймака барып, жеринен таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

КР ӨКМнин алдындагы Крзисттик кырдаалдарда башкаруу борборунун  көчмө пунктунун (ППУ) 4 адамдан турган ыкчам тобу, кырдаал болгон аймакта жеринен байланыш түзүп, маалымат берип турду.

 Сакылды айыл аймагынын Чек, Кыргызстан, Кормоцех айылдарынын суу каптоо коркунучу бар аймактарында жашаган жалпы 885 кожолук, 6690 киши туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Саат 21:00 дө өзгөчө кырдаалдар коркунучу жоюлгандыгына байланыштуу көчүрүлгөн жашоочуларды турукту жайгашкан жерине барууга уруксат берилген.

 Аксы районунун  Кош-Дөбө айыл аймагында, 2017-жылдын 19-апрель күнү саат 07:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Жар айылындагы Мундуз сел каналынан сел суулары таза суу түтүкчөсүнүн (Д-100мм) 30 метр аралыгын бузуп, 1 баш уйду да  сел суулары агызып кеткен.

Семет айылындагы таза суу түтүкчөсүнүн (Д-100мм) 15 метр аралыгын бузуп кеткен. Мундуз-Сай сел канасынын он жээгинен 200 метр аралыгын жеп, ички чарбалык жолго жана турак-жайларга коопту абал жаралган. Жанак айылындагы Мундуз-Сай сел канасынын сол жээгинен 300 метр аралыгын жей баштаган. Ички  жолго жана 15 турак-жайга кооптуу абал жаралган.Андан сырткары Атана айылындагы таза суу түтүкчөсүнүн (Д-100мм) 10 метр аралыгын бузуп, Торук айылында 10 га картошка, 0,10га чеснок эгилген талаа, эгүүгө даярдалган 3,0га айдоо жерди сел каптап жараксыз абалга келтирген. Улук айлында 14 кожолуктун огороддорун сел суулары каптаган, турак үйлөргө кирген эмес.

Авлетим айыл аймагында  2017-жыл 19-апрель күнү жааган жаан чачындан улам Байкашка-Терек айылында Авлетим дарыясынын (суунун денгээли 12м3) он жана сол жээктериндеги 3 участкадан болжолдуу 500 метр жээктерин жеп, ички чарбалык жолдорго жана турак үйлөргө коопту абал жаралууда.

Кара-Жыгач айыл аймагында Кара-Суу дарыясынын он жээгинин  120 метр аралыгын  жеп, жаны курулган спорт аянтчасына, жер участкасына кооптуу абал жаралууда.

Кызыл-Туу айыл аймагында Кожо-Ата дарыясынын оң жана сол жээгинин 210 метр жээгин жеп, Жыл-Булак айылындагы турак-жайларга коопту абал жаратууда.    

 

2017-жылдын 18-апрелинде саат 17:00 чамасында Сары-Челек мамлекеттик коругуна караштуу Сары-Челек-Аркыт унаа жолунда көлөмү болжол менен 1000м3 болгон жер көчкү түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес, кыйроолор жок. Жол каттамы убактылуу жабык.

Аталган аймака райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Мониторинг департаментанан башкы адиси жана ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башкы адиси изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

 

Жалал-Абад шаарында  2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Спутник  аймактык башкармалыгында Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу 19-апрель күнү көтөрүлүп, Жипром участкасындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №10 коргоочу тосмонун 400 метр аралыгын жууп, 110 кожолук турак жайга кооптуу абал жаралган.

Жээктерди бекемдөөгө мэриядан 4 жүктөгүч, 2 кран, 10 самосвал тартылган. (АО”Авто-Жол” СМУтт, Бай-Эл, КПК (Кыргыз Петрелиум компони), Жалал-Абад РЭС).

Тосмону бекемдөөгө 115 рейс (460м3) бетон сыныктары жана таштар жеткирилип, №10 дамбанын 170 метр аралыгы бекемделди.

Сузак районунда  2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Сузак айыл аймагынын Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу 19-апрель күнү көтөрүлүп, Блоговешенко айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4 коргоочу тосмонун 700 метр аралыгын жууп, бузуп кетти, бирок тосмодон чыккан суу Ачы сел каналы аркылуу кайра дарыяга кошулууда. Натыйжада айылдагы 150 турак жайларга жана 245 га айдоо жерлерине өтө кооптуу абал жаралган.

Ырыс айыл аймагынын  Ырыс  айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн карамагындагы  №12 коргоочу тосмонун 100 метр аралыгын жууп, 241 кожолук турак жайга жана 10 га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

Курманбек айыл аймагынын Саты айылындагы өтүүчү Саты сайына курулган 17 кожолукту тейлеген ички чарбалык унаа көпүрөнүн жээгин суу жеп кеткен.

Кызыл-Туу айыл аймагынын Караинген айылында 18-апрель күнү 1млн. 800мин м3 жер көчкүсү активдешкен. Азыркы учурда 18 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүп чыкпай жашап келүүдө.

Абалды жөнгө салууга КР ӨКМ Жалал-Абад облустук өрткө каршы кызматынан жалпы 90 куткаруучу, КР ӨКМ Республикалык өзүнчо куткаруу отрядынан  31 куткаруучу, Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнө 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылган.

Андан сырткары АО”Авто-Жол” подряддык ишканасынан 1 бульдозер, 2 автокран, 1 трал, 6 самосвал  Райондук мамлекеттик админстрациясынан 1 эксковатор, 8 автосамасвал тартылды. ЖЧК “Каскад” 5 самосвал, 1 эксковатор, 1 жүктөгүч тартылды. Медицина кызматынан 4 кызматкер, Коомдук тартипти коргоо кызматынын кызматкерлери. Жалпы 26 бирдик техника жумушка тартылды.

Ошондой эле, КР өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор К.А.Боронов жана орун басары тийиштүү кызматтардын башчылары менен биргеликте кырдаал түзгүлгөн аймака барып, жеринен таанышып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

КР ӨКМнин алдындагы Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө пунктунун (ППУ) 4 адамдан турган ыкчам тобу, кырдаал болгон аймакта жеринен байланыш түзүп, маалымт берип турду. Тартылган күчтөр тарабынан дарыянын жээгине капка кум толтуруп тосуу жана суун нугун буруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Дарыянын жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү жумуштарына жалпы 43 рейс (188м3) таш ташылып, 20 метрдик шпора курулду, ӨКМден 1500 кап дамбанын 60 метр аралыгы кол күчү менен бекемделди. Саат 09:00дө өзгө кырдаалды жоюу боюнча облустук Штаб түзүлгөн.

Караинген айылында 18 үй бүлөнүн ичинен 4 үй-бүлөгө тике коркунуч жаралганы аныкталган 4 үй-бүлө коопсуз аймакка өздөрүнүн чатырларына көчүп чыгышты.

Базар-Коргон районунда  2017-жылдын 18-19-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Сейдукум айыл аймагынын Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун нугу жана Кызыл-Ай суугат каналынын дээнгели көтөрүлүп, Кызыл-Ай участкасындагы 200 турак жайга жана 600 га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралууда. Хажир-Абад айылында Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №15 коргоочу тосмонун дээнгели көтөрүлүп, тосмосунан суу ашып кетип, 614 турак жайга жана 1354 га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

Жээктерди бекемдөө үчүн  Кут-Курулуш” ЖЧКнан 1 эксковатор, 1 самосвал, Жергиликтүү тургундардан 24 адам тартылган.

Айыл аймак тарабынан суугат каналды Кара-Үнкүр дарыясына буруу үчүн 30 кап кум толтурулуп  басылып суу өз нугуна бурулду. Өзгөчө кырдаал коркунучу жоюлду.

Майлуу-Суу шаарында  2017-жылдын 17-апрель күнү саат 11:00 чамасында Майлуу-Суу шаарына караштуу, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Горнияцкая көчөсүндө болжол менен 700 000 м3 жер көчкүсү түшкөн. Түшкөн жер көчкүгө жакын жайгашкан 1000 метр аралыктагы водозаборго коопту абал жаралган.

2017-жылдын 19-апрель күнү Көк-Таш аймактык башкармалыгынын Кыпчак-Талаа-Майлу-Суу унаа жолунун 12 чакырымында Майлу-Суу дарыясынын оң жээгинин 50 метр аралыгын, суунун денгээли 38м3 секундага жетип, суу жеп жол каттамына кооптуу абал жаралган.

Жашылдандыруу жана көктөндүрүү иш канасынан 1 жүктөгүч, суу канал иш канасынан 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 киши, №22 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч 2 автосамосвал тартылган.

2017-жылдын 18-апрель күнү 2 электр мамычалары тургузулуп, электр энергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилген.  19-апрель күнү Майлу-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Ички чарбалык айланма жол салуу каралып жатат. Майлу-Суу дарыясынын жээгин чон таштар жана темир бетон калдыктары менен бекемдөө иштери аткарылып,  унаа жолуна коопту абал жоюлду.

Ош облусу

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагы, Токтогул айылында 18-апрель түнү менен жааган жаандын кесепетинен Заргер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Өзгөн-Заргер унаа жолунун 6,9,23,24,26-чакырымдарында жолдун жээктерин жеп жараксыз абалга келтирген. 26-чакырымда 2 турак жайга кооптуу абал жаралган.

 Ошондой эле 2013-жылдары КР ӨКМги тарабынан курулган 370м дамбанын баш жагынан 2 метр жерин суу агызып, суу тосмонун төмөн жагынан 1 үйдүн огородунун четин жар кылып жеген.  Мектептин жанындагы жөө өтүүчү көпүрөнүн сол тарабында 15 метр жерин жеп, оюуп койгон жана 2 турак-жайга кооптулук жараткан.

Түзүлгөн кырдаалды жоюу үчүн №5 жол тейлөө ишканасынан  2 КамАЗ, 1 грейдер тартылган.

Кооптуу бологон 2 турак үйдүн жашоочулары Турабаев орто мектебине убактылуу көчүрүлдү.

Жылалды айлы аймагында  19-апрель түнү саат 03:30 чамасында Жылан сай каналына Ийри-Суу суусунан жана кокту колоттордон келген суулар көбөйүп, Жылан-Сай сел өткөрүүчү каналына батпай натыйжасында суу каналдан ашып, Калта айылындагы 8 турак үйдүн короо сарайларын, Жылалды айылында 23 турак үйдүн короо-сарайларын каптаган. Андан сырткары мал жандыктарын агызган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Суу каптаган аймака райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы, КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

 

Красный-Маяк айылында 18-апрель түнү Заргер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 2008-жылы КР ӨКМги тарабынан курулган дамбанын 22 метр аралыгын жеп, таштарын агызып кеткен. Учурда 15 турак жайларга коркунуч жаралууда.

КР  ӨКМдин 1 бульдозер, 1 автокран, 2 самосовал тартылып, дарыянын жээгин бекемдөө жана нугун буруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Прогресс айылында 2017-жылдын 17-апрель түнү менен тынбай жааган жаандын кесепетинен Жазы дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 11 турак жайларга кооптуулук жаралган.

КР ӨКМнин ӨКЧКТүшБнан 1 кран, 2 самосвал, айыл аймактан 1 экскаватор тартылып, Жазы дарыясынын нугун буруу жана бетон бөлүкчөрөлүн дарыянын жээгине коюу иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Куршаб айыл аймагынын 2017-жылдын 19-апрель күнү таңкы саат 06:00 чамасында Эрдик айылынан болжол менен 3,5 чакырым алыстыкта жаңы пайда болгон жер көчкү жүрүп, ылай менен суу аралашып, жылга аркылуу агып келип, Шор-Суу суусунун нугуна кошулуп жатат. Эрдик айылына барчуу ички чарбалык көпүрөнү жер көчкү баскан.

КР ӨКМнин адистери жерине барышып, тактоо иштерин жүргүзгөн. Айылга баручу айланма жол бар. Агып жаткан жер  көчкү ылайканын көлөмү болжол менен 350000 м³. Салаңдап турган көчкүнүн көлөмү болжол менен 650 000 м³ түзөт. Азыркы учурда айыл аймак тарабынан жергиликтүү тургундарга эскертмелер берилди.

 

Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагында 17-19-апрель күндөрү катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кеңеш айылынын Жогорку-Талаа чегинде Пор суусу ташкындап узуну 50 метр, туурасы 4-5метр, бийиктиги 6-7метр жар кылып жээкти жемирип жеп, оң тарабында жайгашкан 3 турак жайга 20-25 метр калган.

 

Сары-Булак айыл аймагынын Конокбай-Талаа айылындагы узуну 6 метр ички чарбалык жыгачтан курулган жөө көпүрөнү Ажике суусу алып кеткен. Ички чарбалык жөө көпүрөсү Тегерек-Саз айылында жайгашкан 150 окуучу, 153 кожолук, 710 жарандарды тейлеген.

Учурда Пор суусу азайып, турукташып калды. Турак жайлар көзөмөлгө алынган.

 

2017-жылдын 19-апрелинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунун 4,2 чакырымында (Көк-Жар чеги) көлөмү болжол менен 900м³ ылай-таш аралаш сел агындылары куюлуп түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Таш-аралаш куюлмалар тынымсыз түшүп жаткандыгына байланыштуу, калыбына келтирүү иштери мүмкүн эмес. №26 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч Көк-Жар чегинде нөөмөттө турат.

 

Алай районунун Корул айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрель түнү менен жааган жаандын кесепетинен, Тогуз-Булак айылынын Сай участкасындагы Чаб-Жылга жана Кара-Жыгач айылдарына баруучу унаа жолу менен Корул дарыясынын кесилишиндеги ашар жолу менен курулган ички чарбалык 2 көпүрөлөрдү сел алып кетип, 3 турак үйгө коркунуч жаралган.

Айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Биринчи-Май айлынын Олжеке участкасында жээк эрозиясы болуп, 1 турак жайга кооптуу абал жаралган.

Тогуз-Булак айылынын Тепши-Чаты участкасындагы 2017-жылы ӨКМги тарабынан курулган жээк тосмосунун 30метр тулкусун жеген.  

Кең-Жылга айылынын Ак-Талаа участкасында 1 турак үйгө, Талды-Булак участкасында 3 турак үйгө Талды-Булак жылгасынан түшкөн селден коркунуч жаралган.

Жошолу айыл аймагы, Жошолу дарыясы ташкындап, Жаңы-Турмуш айылындагы 2 турак үй тарапка бурулуп, там арка жерлерин жеп, турак үйлөрүнө 5 метр калган.

Айыл аймактан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундар тартылып убактылуу калыбына келтирилди.

 

Коңур-Дөбө айыл аймагынын 2019-жылдын 18-19-апрель күндөрү жааган жаандын кесепетинен Гүлчө-Кызыл-Суу унаа жолунун 9-чакырымында узуну 100 метр, бийиктиги 2 метр, туурасы 8 метр болжол менен 1600м³ ылай болгон сел агындылары тушүп,  унаа жолду тосуп калган.

Тазалоо иштерине №959 ЖТИнан 1 даана грейдер тартылып, жумуштарын жүргузүп жатат.

 

Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагында 18-19-апрель күндөрү жааган жамгырдын кеспетинен, “Чон-Мурун” участкасынан сел  жүрүп, Ноокат-Көк-Бел унаа жолун  сел баскан жана селканасы толуп калган.

№37 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, 19-апрель күнү унаа жолу сел калдыктарынан тазалоо жумуштары аткарылып, калыбына келтирилген. Бирок селканананы кайрадан тазалоо зарыл болууда.

 

Көк-Жар айыл аймагынын 18-19-апрель күндөрү жааган жамгырдын кесепетинен Борбаш айылындагы № 1 селканадан сел калдыктары ашып, Сапарбаев каналын бөгөп калган. 

Райондук суу чарба башкармалыгынын 1 экскаватор тартылып. Каналды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

 

Т.Кулатов айыл аймагынын Баглан айылындагы Кулатов-Кызыл-Кыя унаа жолунда көпүрөөнү сел алып кеткен.

Кожо-Арык айылынын Үч-Терек участкасындагы Абшыр-Ата багытындагы  жолдун  5 жерин шагыл-кум тосуп калган. Кожо-Арык айылынын “Тешик-Таш” бөлүмүндөгү  Абшыр-Сай дарыясынын жээгинен үч жерди сел жеп жолго жакындап калган.

Айыл аймамактан 2 экскаватор, № 37 ЖТИнан 1 экскаватор, 1 грейдер тартылып.  

Кулатов-Кызыл-Кыя унаа жолундагы сел алып кеткен көпүрөө айыл аймак тарабынан калыбына келтирилди. Абшыр-Атага багытындагы  жолдун  жолдор тейлөө ишканасы тарабынан тазаланды. Абшыр-Сай дарыясынын жээгинен бекемдөө иш-чаралары 20-апрель күнү башталат.

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 2017-жылдын 19-апрель күнү саат 09:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Озгур айылында колоттордон түшкөн сел агындылары 6 турак жайдын тамаркаларын жана там аркаларына кирген. Ошондой эле айылдагы ички чарбалык жолдун чекелери көчүп, жол жабылып калган.

Жергиликтүү тургундар тарабынан ашар жолу менен ички чарбалык жол бир тарапка убактылуу ачылган. 2017-жылдын 20-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшөт.

Нариман айыл аймагында 18-19-апрель күнүдөрү катуу жааган жаандын кесепетинен Машрапсай сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп сайдын сол жээгинде жайланышкан Осмон айылындагы ички чарбалык жолдун жээгин болжол менен  20 метр аралыгын жеп, жолго 2 метр жакын калган. 

Айыл аймактан 1 экскаватор тартылып. Сайдагы суунун нугун буруу үчүн айыл аймак тарабынан техника жалданды, бирок суу нормадан жогору болгондугуна байланыштуу техника иштей албай койгон. 20-апрель күнү жеп кеткен участкага таш төгүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

 

Чүй облусу

Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагында2017-жвлдвн 17-апрель күнү жаап жаткан жаан чачынга байланыштуу, Чүй мектеп интернат айылынан, Бурана дарыясында жайгашкан биринчи  жана экинчи көпүрөнүн ортосунан суунун деңгээли көтөрүлүп,  айдоо аянттарын каптоо коркунучу жаралган.

Райондук электр тармактык ишканасынан 1 экскаватор, Райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылып. Суунун жээгин бекемдөө жана ичин тазалоо иштери жүргүзүлүп, айдоо аянтчаларын каптап кетүү коркунучу жоюлган. Бекемдөө иш-чарлары улантылууда.

 

Нарын облусу

Ат-Башы районунун 18-апрелинен 19-апрелине караган түнү Ат-Башы-Кынды унаа жолунун 57-чакырымында Ак-Таш тилкесине болжолдуу 3000м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолду бөгөп калган.

Тазалоо иштерине  №20 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч тартылып,     саат 12:30 чамасында тазаланып, ачылган. Бирок саат 17:30 чамасында 57-чакырымында кайрадан 2 жерден кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 22:30да жол тазаланып ачылган. Жабыркагандар жок.

2017-жылдын 18-апрель күнүнөн баштап Ат-Башы суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кирпич завод участкасында жайгашкан 3 турак-жайга жана айдоо аянтына  коркунуч жаралган.

№957 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып, КР ӨКМнен 300 литр күйүүчү май бөлүндү, суунун жээгин бекемдөө иш-чаралары аткарылып жатат.

 

Баткен облусу

2017-жылдын 18-апрель күнү саат 21:00дөр чамасында Лейлек районунун Катран айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен, Баул айылындагы  Коргон-Катран-Баул унаа жолунун 16-21 чакырымдарында 5-6 жеринен жолду кум-шагылга толтурулган.

Тазалоо иштерине №13 жол тейлөө ишканасынын 1 грейдер тартылып, калыбына келтирилди. 

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 19-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 20-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК   ШААРЫ

 

1

4-АӨКБ

1-б

1

06-32

06-40

06-50

07-25

07-50

101

Токтогул көчөсү, №247 үйүнүн 34-батиринде, батирдин кире беришинде 4 чарчы метр линолеум полу, сыналгы, диван, матрац, төшөнчүлөр күйгөн. 1940-жылы туулган  А.Т.Хусточкина, түтүнгө ууланып, №4 шаардык ооруканага тез жардам менен алып кеткен. Себеби: атайын өрттөө (үй ээси нерв оорусу менен ооруйт).

Кол каражат

2

3-АӨКБ

1

18-07

18-13

18-26

18-49

19-30

101

Чүй проспекти, №30 үйүнүн 1-батиринде, балкондо 15 чарчы метр пенопласт жасалгасы, 2 пластик терезе, 1 пластик эшик, кийим кечелер күйгөн. Себеби:  такталууда.

1ств Б

3

3-АӨКБ

1

19-19

19-25

 

жетк.

чейин

20-23

101

Жибек-Жолу №150, “Табылга” соода борбору, 20-бутигинин ичинде 2 даана компьютер, жумшак эмерек күйгөн. Себеби: такталууда.

    -------

4

5-АӨКБ

1

19-43

19-56

 

20-04

20-27

101

Эркиндик  бульвары, №9 үйүнүн  6-батиринде, батир жалдоочу Жаныбек кызы Айжан, бөлмөдө кир жуугуч машина күгөн. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда өрт коопсуздугу эреженин бузулушу.

Кол караж.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

5

22-АӨККБ

1 б

1

23-40

23-45

00-04

01-21

01-45

101

Жайыл району, Алексеевка айылы, Центральная көчөсү, курулуш вагондун 24 чарчы метр жыгач ички жасалгасы күйгөн, Жайыл айыл чарба кооперативине таандык, кароолчусу А.Далынбаева. Себеби: такталууда. 

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

6

55-ӨКБ

1 б

1

14-55

15-17

15-22

16-23

16-58

101

Ноокен району, Ноокен айыл аймагы, Шалка айылы, Кең-Дөбө тилкеси, Анарбаев көчөсү, жыгач устундуу темир жабылган 52 чарчы метр сарайдын чатыры, 150 түк чөп, 100 боо пахта бакалдары күйгөн. Себеби: балдардын от менен шоктугу.

2ствБ

7

97-ӨККБ

60-ӨКБ

1

18-45

 

19-28

19-10

 

19-55

19-13

20-20

21-05

 

21-05

101

Токтогул району, Торкен айыл аймагы, Артак ашуусу, Бишкек-Ош жолу 304 чакырымында жүк ташуучу “Фура” үлгүсүндөгү мамлекеттик №13-64SС унаанын прицеби бар. Кыймылдаткыч бөлүгү, алдыңкы доңгөлөктөрү күйүп, 5 тонна сыра (пиво) жараксыз болуп калган. Айдоочусу  Б.Кадырбеков.  Себеби: такталууда.

2ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

8

12-АӨКБ

1 б

1

01-18

01-23

01-26

01-51

02-26

101

Курманжан-датка көчөсү №280, “Алай” мейменканасында 1 кабатта жайгашкан  чач-тарачтын кире бериш бөлмөсүндө бир кресло, 6 чарчы метр ДСП дубалы күйгөн. Ижарачы  И. Модинов. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Август 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы