Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

19.04.2017

2017-жылдын 19-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү

2017-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.  Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 19-апрелинде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: 19-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

 

Кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2017-жылдын 18-апрелинен 23-апрелине чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2017-жылдын 17-апрелинде №10-буйрутмасы чыккан.

2017-жылдын 18-апрелинде саат 12:05де КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнөн дайындалган артиллериялык топ,  жогорудагы иш-чараларды аткаруу үчүн жолго чыгышып, саат 21:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы Итагар станциясында түнөккө жайгашышты. Мажбурлап түшүрүү иш-аракеттери 19-апрель күнү башталат.

 

Жалал-Абад облусу

Чаткал районунда 2017-жылдын 18-апрель күнү саат 19:00 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Каныш-Кыя-Кировка унаа жолунун 60-61-чакырымындагы Кара-Терек участкасында жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолго суюк ылай агып жол каттамы жабылып калган.

Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине райондук №27 жол тейлөө ишканасынан булдозер тартылып, тазалоо иштери улантылууда.

 

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2017-жылдын 18-апрелинде саат 18:40 чамасында Кичи Канжыга менен Орто Канжыга айылдарын байланыштырып турган көпүрөнүн жанынан жер көчкү түшүп, жеңил унаанын алдынкы бөлүгүн басып калган. Жүргүнчүлөрдүн аракетинде унаа чыгарлып алынган.

Жер көчкүнүн көлөмү такталууда.

Жол каттам убактылуу жабык.

Жабыркагандар жок.

КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башкы адиси жана КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси жеринде тактоо иштерине жөнөп кетишкен. 

 

Жалал-Абад шаарынын 2017-жылдын 17-апрелинде саат 16:30да тоолордогу карлардын ээришинен жана жааган жамгырдан Спутник айылынын Живпром тилкесинде Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, суу дарыянын сол жак жээгин жеп, сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №10 коргоочу тосмонун 250 метр аралыгын жууп, 110 кожолук турак жайга кооптуу абал жаралган.  

Дарыянын жээктерин бекемдөө үчүн жеке менчик 2 жүктөгүч, 2 ХОВО самосвал, 2 кран тартылып, 18-апрель күнү башка объектилерде кооптуу абал жаралгандыктан, техникалар ошол жакка тартылган. Живпром тилкесинде жумуш жүрүп, дарыянын жээктерине 37 каттам таш, 15 даана бетон заборлору ташталып, жээкти бекемдөө иштери уланууда.

 

Ноокен районунда 2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Арал айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №2 коргоочу тосмонун 505 метр аралыгын жууп Арал, Мазар, Расвет тилкелериндеги турак жайларга, Сакалды айыл аймагынын Кыргызстан айылынын турак жайларына жана айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган. 

Жеринде Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, облустук суу жана сел ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн башчысы, Келечек ишканасынан 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 эксковатор, 1 кран, 1 жүктөгүч, жеке менчик 3 самосвал, “Бикалина” ишканасынан 2 самосвал, 1 эксковатор, 1 бульдозер “Кут курулуш” ишканасынан 2 самосвал, 1 эксковатор, 1 бульдозер. райондук Электр тармактар ишканасынан 1 автокран жана жеке менчик 3 портер тартылып.

Жеринде тактоо жана калыбына келтирүү иштерин уюштурууга чыгып аталган дамбаны Келечек, облустук Суу чарба, Бикалина, Куткурулуш ишканаларынын техникалары тартылып, дарыянын жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшкөн. Кыргызстан айылындагы тосмого 3 каттам таш ташылган, Арал айылындагы тосмого портер менен 26 каттам таш ташылган.

 

Сузак районунда 2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаандын кесепетинен Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу көтөрүлүп, Ынтымак, Тайгараев, Достук айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4, №6, №9, коргоочу тосмолордун жээктерин жууп Благовещенка, Тайгараев, Достук, Ынтымак, Арал айылдардагы  турак жайларга жана айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

Бекемдөө иштерине Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, облустук суу жана сел ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн башчысы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынан 32 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнан 31 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-издеп куткаруу отрядынан 30 куткаруучу жана “СМУТТ” ишканасынан 8 самосвал, 3 экскаватор, 2 бульдозер, 2 автокран, “Кут курулуш” ишканасынан 2 самосвал, 1 экскаватор тартылып.

КР ӨКМнин орун басары Р.Рысбаев баштаган жумушчу тобу жеринде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Жеринде тактоо жана калыбына келтирүү иштерин уюштурууга чыгып, аталган дамбаны СМУТТ, “Кут курулуш” ишканаларынын техникалары тартылып, дарыянын жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүшүүдө. Благовещенка айылындагы тосмого 25 рейс таш жана бетон төгүлүп, сел жана суу ташкындар бөлүмүнөн 1000 даана кап, КР ӨКМнен тарабынан 1500 даана кап берилип, куткаруучулар тарабынан кум толтуруп, жээк бекемдөө жумуштары жүрүп жатат.  Ынтымак айыл аймагындагы тосмого 59 каттам таш ташылып, бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Жээктерди бекемдөө иштери уланууда.      

 

Базар-Коргон районунда 2017-жылдын 17-18-апрель күндөрү жааган жаан чачындан улам Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Сейдикум айыл аймагынын Чынкурулуш айылындагы №13 коргоочу тосмонун 42 метр аралыгын жууп, 150 турак жайга жана 50 га айдоо жерлерге кооптуу абал жаралган.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында 2017-жылдын 19-апрелинде саат 03:30 Жылалды айылындагы Жылан сай каналына таштандылар толуп, натыйжада сел суулары батпай каналдан ашып, 23 турак жайды каптаган. Жабыркагандар жок.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин №53 ӨКБнөн куткаруучулар тартылган.

23 үйдүн ичине сел суулары кирген. Мал жандыктарын агызган. Куткаруучулар айыл тургундардын керектүү буюмдарын үйдөн чыгарып берип жатышат. Азыркы учурда суунун деңгээли тартылды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Ноокат  районунда 2017-жылдын 19-апрелинде саат 00:30 чамасында Ноокат-Көк-Бел унаа жолунун 23–чакырымында Чоң-Мурун сел өтүүчү участкасында сел жүрүп, унаа жолду жаап калган. Жолдогу тоскоолдуктан 10 чакты жеңил унаа туруп калган.

Жол тазалоого №37 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, саат 05:30да унаа жол толугу менен тазаланып, ачылган.

 

Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрель күнү тынбай жааган жаандын кесепетинен Жазы дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Прогресс айылындагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тартып келген атуулдар жер алып, жашап жаткан турак жайларга коркунуч жаралган.

Красный-Маяк айылындагы  Зергер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 15 турак жайга  коркунуч келтирүүдө.

Жазы дарыясынын нугун буруу иштерин КР ӨКМнин ӨКЧКТүшБнун 1 бульдозер, 1 кран, 2 самосвал, 1 жүктөгүч тартылып, жээктерди бекемдөө иш-чаралары жүрүүдө.

 

Красный-Маяк айылынын Заргер дарыяларынын нугун буруу иштерин Жазы дарыясынын нугун буруп бүтүргөн техникалар тартылат.

Алай районунун Корул айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрелинде жааган жаандын кесепетинен Корул суусунун деңгээли көтөрүлүп, Тогуз-Булак айылынын Сай участкасындагы 2 ички чарбалык көпүрөнү алып кетип, 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

Биринчи-Май айлынын Олжоке участкасында Корул суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 турак үйгө коркунуч алып келген.

Тогуз-Булак айылынын Тепши-Чаты тилкесинде, Кең-Жылга айылынын Ак-Талаа участкасында 4 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

 

Жошолу айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрелинде жааган жаандын кесепетинен Жаңы-Турмуш айылынын Жошолу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 4 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

Жергиликтүү тургундар суунун нугун буруу үчүн, кап (чыпта, мешок) чогултушууда. Жеринде көрүп келүү үчүн,  КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы саат 11:30 чыгып кетип, тактоо иштерин жүргүзүүдө.  Кең-Жылга айылынын Ак-Талаа участкасында райондук суу чарба ишканасынан техника тартылып, бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. 

Жошолу айыл аймагынын 2017-жылдын 19-апрелинде №959 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч тартылуусу каралууда.

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрелинде саат 16:00дө №21 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Ош-Кичик-Алай унаа жолунун 87-чакырымында көлөмү 3600 м³ кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган.

Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине 18-апрель күнү тийиштүү техниканын жардамында унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 17:30да толук тазаланып ачылды.

Баткен облусу

           Лейлек  районунда 2017-жылдын 18-апрель күнү саат 21:00 чамасында Катран айыл аймагынын Баул айылына жетпей, жааган жамгардын кесепетинен сел жүрүп Коргон-Катран-Баул унаа жолунун 16-21 чакырым аралыгында жолдун 5-6 жерин сел суулары жууп кеткен. Унаалардын өтүшүнө кыйынчылык жаралган. Жабыркагандар жок.

Райондук №13 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды, тазалоо иштери 2017-жылдын 19-апрель күнү башталат.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 18-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 19-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

5-АӨКБ

1 бөлүм

1

17-11

17-25

17-36

17-43

18-06

101

С.Каралаев көчөсү №17/2, “Шашылык Кебаб” кафесинин администраторунун бөлмөсүндө 2 даана сыналгы, видео DVD күйгөн. Администратору   И. Нусупбекова. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй  облусу

 

2

22-АӨКБ

1 бөлүм

1 бөлүм

1

10-11

 

10-24

10-17

 

10-30

11-14

13-10

13-25

 

11-45

101

Жайыл  району,  Кара-Балта  шаары, Алексеевка  айылы,  Фрунзе  көчөсү №31, ээси К.К.И,  64 чарчы метриндеги турак үй толугу менен күйгөн. Ичинде 1960-жылы туулган үй ээсинин сөөгү табылып Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган. Себеби: такталууда.

1ствБ

3

1-ӨКБ

1 бөлүм

1

10-55

11-47

Жетк чейин

 

14-01

101

Аламүдүн  району, Виноградный  айылы,  Молодежная  көчөсү №14, жеке  менчик гаражда “Дейво Нексия” үлгүсүндөгү мамлекеттик №S11-52AZ автоунаа толугу менен күйгөн. Автоунаа турган оңдоочу чуңкурда 1970-жылы туулган Т.А.К. жансыз денеси табылган. Сөөгтү Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлерине тапшырылган. Себеби: электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу.

 

4

15-ӨКБ

1 бөлүм

1

14-05

14-17

14-23

14-50

15-05

101

Москва району, Беловодск айылы, Калинин көчөсү №72,  ээси  У.Салимбеков, 15 чарчы метр жыгач  устундуу шифер жабылган кампанын  чатыры жана электр  плитасы, үстөл, отургуч, шкаф, төшөнчүлөр толугу менен күйгөн.  Себеби:  такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

5

34-ӨКБ

1 бөлүм

1

18-43

19-20

19-30

20-13

21-00

101

Түп району, Санташ айылы, Сыдыкова көчөсү №41, ээси Т.Абдиев, сарайдын 12 чарчы метр жыгач дубалы, 10 түк чөп, 200литр солярка күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр 20 баш уй, жылкы, 40 баш койду, үйдү сактап калышкан. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош  облусу

 

6

25-АӨКБ

1 бөлүм

1

07-44

07-47

 

Жеткен. чейин

08-22

101

Кара-Суу  району,  Сарай айыл аймагы, Киров  айылы, Мамашев  көчөсү №29, ээси  А.Кадыров, мештин оозунан чок түшүп, жыгач полу күйгөн. Себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

-------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                Ош   шаары

 

7

12-АӨКБ

1 бөлүм

1

13-12

13-14

 

Жеткен.чейин

13-48

101

Г. Айтиев  көчөсү, ээси  С.Эргешов, май куюуучу жайдын артындагы кампасынын ичинде 2 матрац, кийим-кече күйгөн. Себеби: такталууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

8

83-ӨКБ

1 бөлүм

1

17-15

17-22

 

 

18-20

101

Ноокен району, Майлы-Суу шаары, Кутманов көчөсү 6-үйдүн жер төлөөсү түтөп жатат деген маалымат түшкөн, маалымат текшерүүдө.

 

9

Арыз боюнча: Ош областык ооруканага  Жалал-Абад обласы, Сузак району, Бекават айылы, Хаджыматов көчөсүнүн тургуну 2016-жылдын  22-августта туулган  Ж.Акмалжанов күйүк бөлүмүнө келип түшкөн. Электр плитанын жанындагы төшөк күйүп  Ж.Акмалжанов башынан, бетинен, оң колу, желкесинен 12%, Ш -А-В даражада күйүк алган. Маалымат Ош областык оорукананын мед айымы Бакиева  20:10 мүнөттө билдирген.

 

 

2017-жылдын 18-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу  болду:

 

Бишкек шаары

Октябрь районунун 5-кичи районунда № 64 үйүнүн 78-батиринде  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Октябрь районунун 8-кичи районунда № 16 үйүнүн 46-батиринде,  КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаарында 2017-жылдын 16-апрель күнү саат 13:30дар чамасында 2011-жылы туулган Жанапияев Бекзат Амангельдиевич үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине 5 куткаруучу,  ИИМ  20  кызматкер, улуттук гвардиядан 10 жоокер, жергиликтүү  калктан  25 адам, ГЭС кызматкерлеринен 7 киши  чыгышкан тартылып, бирок табылган эмес.

Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгы, Көк-Арт дарыясындагы суу көтөрүлүп, КР ӨКМнин өрткө каршы кызматынан 32 куткаруучу, ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 61 куткаруучу дарыянын жээктерин бекемдөөгө чыгышкан.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун  Жыланды айыл аймагынын Беш-Капа тилкесинде жаан көп жааганына байланыштуу, каналдан суу ашып, үйлөрдү каптоодо.  Куткаруучулар айыл тургундардын керектүү буюмдарын үйдөн чыгарып берип жатышат.

 

2017-жылдын 19-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас  облустарынын  айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор  тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы