Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

18.04.2017

2017-жылдын 18-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү!!!

2017-жылдын 18-апрелинен 21-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

 Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 16-19-апрелинде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

16-апрелде күндүз жана 17-19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: 16-апрелде күндүз кээ бир райондордо, 17-19-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Сузак районунун Таран-Базар айылында жер көчкү түшүп, шашылыш түрдө 12 турак үйдүн жашоочулары көчүрүлдү 

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2017-жылдын 17-апрель күнү саат 12:30 чамасында Таран-Базар айылында көлөмү 192 000 м3 жер көчкү түшүп, жер көчкү 12 турак үйгө 300 метр аралык калып  токтогон.

Учурда 12 турак үйдүн жашоочуларына кооптуу абал жаратууда.

Көчкү түшкөн жерге КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана айыл аймактын башчысы тактоо иштерин жүргүзүшүп, тактоо иштеринин негизинде 12 турак жайдын жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлгөн.

Ош облусу

Араван районунун  Керме-Тоо айыл аймагында  2017-жылдын 17-апрелинде саат 16:00дө №21 жол тейлөө ишканасынын  карамагындагы Ош-Кичик-Алай унаа жолунун 87-чакырымында көлөмү 3600 м³ кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

17-апрель күнү  райондук №21 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч тартылып, жолду  тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Унаа жолдо туруп калган унаалар жок. 18-апрель күнү тазалоо иштери улантылат.

Жалал-Абад облусу

  Тогуз-Торо районунда  2017-жылдын 17-апрелинде саат 12:30да Казарман-Ак-Талчат унаа жолунун 72-73-чакырымында жалпы көлөмү 3800 м3 кар көчкү түшүп унаа жол жабылган.  Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоого райондук №18 жол тейлөө ишканасынан  1 эксковатор жана 1 бульдозер тартылып, анын жардамында ошол эле күнү  саат 14:00дө унаа жол толугу менен ачылган.

Майлуу-Суу шаарынын  Сары-Бээ айыл аймагында  2017-жылдын 17-апрель күнү саат 11:00 чамасында Гарнецкая көчөсүндө болжол менен 700 000 м3 жер көчкүсү түшкөн. Жер көчкү шаардын Суу чарба мекемесинин суу сактагычына (водозабор) баруучу жолунун 200 метр аралыгын сүрүп, унаа жол жараксыз абалга келип, суу сактагычка 1 чакырым аралык калган. Жабыркагандар жок.

 КР ӨКМнин шаардык бөлүм башчысы, жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүлүп, айыл аймактын башчысы тарабынан жер көчкү түшкөн аймак көзөмөлгө алынган.

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл амйагында   2017-жылдын 17-апрелинде саат 16:30да тоолордогу карлардын эришинен жана жааган жамгырдан Тайгараев айылынын Көк-Арт дарыясындагы суунун денгээли көтөрүлүп, суу дарыянын сол жак жээгин жеп, Ынтымак айылына 700-800 метр аралык калып, коркунуч жаралган.  

Жалал-Абад шаарынын  вице-мэри Т.Темирбаев, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу, КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн офицери, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адиси, шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жана аймактык башкармалыгынын жетекчиси кооптуу участоко барышып абал менен таанышышкан.

17-апрель күнү саат 21:00дө Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланып, жеринде тактоо жана Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында чогулуш өткөрүлүп, 30 мекеме ишканалардын  ар бирине 1 ден оор жүк ташуучу унаа менен таш алып келип дарыянын жээгин бекемдөө иштери милдеттендирилип, анын негизинде   суу жеп кеткен жерлерди бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. 18-апрель күнү жумуш улантылат. 

 

Сузак районунун Сузак айыл аймагы  2017-жылдын 17-апрелинде саат 21:00 чамасында Көк-Арт дарыясындагы суунун көлөмү көбөйүп, дарыянын оң жагындагы жээгинин 80 метр аралыгын суу жеп кеткен.

Жээктерди бекемдөөгө  “СМУТТ” ЖЧКнан 2 эксковатор, 5 КамАЗ тартылган.

17-апрель күнү атайын техникалардын жардамында суу жеп кеткен жерлерге кум таш төгүлүп башталып, 18-апрель күнү саат 05:00гө чейин  дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Жумуш саат 08:30дөн кийин улантылат.

 

Токтогул районунун Тоолук айыл аймагында 2017-жылдын 15-апрель күнү саат 11:30 чамасында Торкен-Тоолук унаа жолунун 58-чакырымында көлөмү болжол менен 875м3 жер көчкү түшүп унаа жолду тосуп калган. Жабыркагандар жок.

Жер көчкү түшкөн аймака райондун акими М. Сатымкулов, КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, барып жолду тазалоого  №23 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч тартылган.

17-апрель күнү жеринде Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Атайын техниканын жардымында саат 23:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган. Ошондой эле жер көчкү түшкөн аймакта 1 жүктөгүч нөөмөткө коюлган.  

Чүй облусу

Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагында   2017-жылдын 17-апрель күнү Чүй мектеп интернат айылынын Бурана дарыясында жайгашкан 1-2-көпүрөнүн ортосунда кум таш аралаш шагылдар топтолуп, суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын каптоо коркунучу жаралган.

КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, айыл аймактын башчысы абал менен таанышып,  райондук №954 жол тейлөө ишканасынан 1 экскватор жана  РЭТнан 1 экскаватор тартылган.

17-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, атайын техникалардын жардамында кум шагылдар тазаланып, дарыянын кооптуу жерлери бекемделген. 

Жалпак-Таштагы турак жайы жабыркаган жашоочулары толук түрдө чатырлага көчрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында 2017-жылдын 15-апрелинде саат 10:00дөн баштап Кысык-Алма айылынын Чырмаш тилкесинде көлөмү болжол менен 900 000м³ колоттун ичи менен 3-4 чакырым аралыкка жер көчкү жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана 1 бүтө элек турак-жайга 10 метр аралык калган.  

Андан сырткары Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу жабылган.

16-апрель күнү жер көчкү коркунучундагы 6 турак-жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

16-апрель күнү КР ӨКМги тарабынан турак-жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орунду чатыр тигилип, 6 үй-бүлөө жайгаштырылган.

17-апрель күнү тигилген чатырларга Райондук электр тарамактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр энергиялары тартылып киргизилген.

Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы бар.

 

Нарын облусу

  Нарын шаарында  2017-жылдын 16-апрель күнү саат 18:00 чамасында Ак-Кыя участкасында  көлөмү 80 000 м3 кар көчкүсү түшүп, жакынкы турак жайларга 400-450 метр аралык калып, коркунуч жаралган.

17-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, кар көчкү жергиликтүү тургундарга эч кандай коркунуч жок экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Күн ысып, кар көчкү эригенде көчкүдөн аккан суунун турак жайларга зыяны тийбей турган кылып агызуу иш-чаралары пландалууда.

 

Ысык-Көл облусу

Балыкчы шаарында 2017-жылдын 17-апрелде саат 10:35 чамасында №3 Абдылдаев атындагы орто мектепте окуучулар  белгисиз газ менен ууланышкан. Натыйжада 5 окуучу шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, 5 окуучу  травматология бөлүмүнө  жаткырылган.

Окуя каталган жерге №19 акерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, ШИИБнүн 5 милиция кызматкер жана шаардык ооруканасынан 4 кызматкер тарылган.          

Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан 2 мугалимге жана 2 окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы тарабынан 10 окуучу шаардык ооруканага жаткызылган. Милиция кызматкерлери кандай газ менен уулангандыгы тууралуу иликтөө иштерин  жүргүзүүдө.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 17-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 18-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

5-АӨКБ

1 бөлүм

1

06-50

06-58

 

07-02

07-24

101

Тыныстанов көчөсү №1 , Кыргыз улуттук   Мединциналык академияга караштуу медициналык борбордун биринчи кабатында электр бөлүштүргүч кутучасы (коробка распределитель) түтөгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Кол кара-жат

    2

5-АӨКБ

1 бөлүм

 

13-30

13-36

 

 

13-53

101

Горький  көчөсү  өрт жөнүндө  маалымат  текшерүүгө  алынган.

 

3

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

18-10

18-24

 

Ж-ге ч-н өчү-гөн

19-51

101

Киев-Орозбеков  көчөсүнүн кесилишинде “Илбирс” дүкөнүнүн имаратынын   1-кабатында “Шаурма” кафесинин электр жабдуулары күйгөн. Себеби: электр  жабдууларын  куроодо  эреженин бузулушу.

--------

4

4-АӨКБ

1 бөлүм

1

21-38

21-54

22-92

22-14

22-31

101

Шота Руставели  көчөсү 46, жер  төлөөдө 6  метр  электркабел, 4 чарчы метр электркалканы,6 дааны  рубильник  күйгөн.  Себеби: электр  жабдууларын  куроодо  эреженин бузулушу.

1 ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

5

23-АӨКБ

1 бөлүм

1

07-08

07-24

07-40

08-12

09-35

101

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылы, Токтогул көчөсү № 4-үй, 1-батир. Бөлмөнүн ичинде төшөнчүлөр  күйгөн. Өрттүн натыйжасында  1976-жылы туулган Кистанов Михаил  Викторовичтин  жансыз денесин табышкан. Себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

6

20-АӨКБ

1 бөлүм

1

09-40

09-45

09-57

10-10

10-23

101

Жалал-Абад шаарынын Октябрьский туюк көчөсү 1. Сарайда 200 кг саман күйгөн. Себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын   облусу

 

7

45-ӨКБ

1 бөлүм

1

14-50

15-05

15-08

15-40

16-14

101

Ат-Башы  районунун Ача-Кайыңды  айылы Сариев  Мусабай көчөсү короодо 1 тонна чөп  күйгөн. Себеби:  от менен  болгон  этиятсыздык, үй  ээси  таштанды  өрттөгөн

1 ств.Б.

2017-жылдын 18-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Свердлов районунда Бөкөмбаев  көчөсүндөгү №10 үйүнүн 29-батиринин ичинде 2 жашар бала эшик жаап алган. КР  ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабылган эшикти ачып беришкен.

  

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаарында 2017-жылдын 16-апрель күнү саат 13:30дар чамасында 2011-жылы туулган Жанапияев Бекзат Амангельдиевич үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине 5 куткаруучу,  ИИМ  9  кызматкер, улуттук гвардиядан 15  жоокер, жергиликтүү  калктан  23 адам  тартылып, бирок табылган эмес.

Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 408-чакырымында   “DАF” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В05-66АW жүк ташуучу унаа ташты сүзүп, айдоочусу 1991-жылы туулган Э. уулу Р. кыпчылып калган, бирок эч кандай жаракат алган эмес жана жанындагы жүргүнчүсү К.Н.Д. оң буту сынып, Кара-Көл  шаардык оруканага жеткирилген. Куткаруучулар айдоочуну  жана  жүргүнчүнү унаадан чыгарып беришкен.

 

2017-жылдын 18-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл, Нарын  облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад,  Баткен облустарынын кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден,  Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Декабрь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Баннерлер

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы