Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

17.04.2017

2017-жылдын 17-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү!!

2017-жылдын 17-апрелинен 21-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

 Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 16-19-апрелинде республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

16-апрелде күндүз жана 17-19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: 16-апрелде күндүз кээ бир райондордо, 17-19-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Чүй облусу

         Жайыл районунда 2017-жылдын 16-апрелинде саат 10:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 122-чакырымында көлөмү 2400м3 болгон кар көчкү түшүп,  унаа жолду жаап калган, саат 12:45 чамасында ошол эле унаа жолунун 123-чакырымында дагы бир көлөмү 1400м3 болгон кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес. Жабыркагандар жок.

         Жолду тазалоого №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып анын жардамында саат 13:40 чамаларында толугу менен тазаланып, каттам калыбына келген.

         Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка постунан саат 11:00дө бардык унаалар үчүн чектөө киргизилип, саат 14:00дө чектөө кайрадан алынган.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Жалпак-Таш аймагында такталган маалымат боюнча 2017-жылдын 15-апрелинде Кысык-Алма айылында Чырмаш тилкесинде саат 10:00дөн баштап, көлөмү болжол менен 900 000м³  келген жер көчкү колоттун ичи менен 3-4 жылып, 16-апрель күнү 5 турак жайды басып калган жана дагы 1 бүтө элек турак-жайга 10 метр калган.

Андан сырткары Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып, жол каттамы убактылуу токтогон.

Аталган аймака КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ыкчам тобу жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан  7 куткаруучусу, 1 КамАЗ унаасы тартылган.

Коопсуздук үчүн жер көчкү коркунучундагы 6 турак-жайдын жашоочулары туугандарынын жана коңшуларынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Бул турак үй ээлери мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алышкан эмес.

2017-жылдын 16-апрелинде КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жер көчкү жүргөн аймак барып, элге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Ошондой эле КР ӨКМ тарабынан турак-жайсыз калган жарандарга 6 даана 5 орунду чатыр бөлүнүп, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 1 КамАЗ унаасы менен жеткирилип, чатырларды  коопсуз жайга тигип беришти.

Райондук РЭС кызматкерлери тарабынан жашоого шарт түзүү үчүн, 2017-жылдын 17-апрелинде электр энергиясы тартылат.

          Азыркы учурда Куршаб-Жалпакташ унаа жолунун тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби суюк көчкү акырындык менен жылып жатат. Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы бар.

Көлдүк айыл аймагында  2017-жылдын 14-апрелинде саат 00:00 чамасында Шамал-Терек айылынын Ындабай тилкесинде көлөмү 21 000 м3 жер көчкү түшүп, бир турак үйдү басып калган. Көчкү алдында калган үйдүн ичинде  1961-жылы туулган  Касымов Сүйүндүк аттуу адам калып калган. Аталган тилке мурун кооптуу аймак деп табылган эмес. Ошол эле көчкү жанындагы үйдүн  сарайын да  басып калган.

Издөө-куткаруу  ишине КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан  35 куткаруучу, жергиликтүү элден 10 адам жана РИИМ бөлүмүнөн 10 кызматкер. КР ӨКМ Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түшүк борборунан  1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылган.

2017- жылдын 16-апрелинде КР ӨКМнен тартылган техникалардын жардамында Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын  куткаруучулары жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүп,  саат 09:30да көчкү басып калган адамдын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти.

Жалал-Абад облусу

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында  2017-жылдын 15-апрелинде саат 23-00 чамасында Ак-Булак айылынын Кара-Жыгач участкасында көзөмөлдө турган көлөмү болжол менен  60000м3 жер көчкү жүрүп,  Кара-Жыгач суусуна түшкөн, суунун нугу тосулган эмес, кыйроолор жок.

     Андан сырткары ушул участкадан дагы көлөмү болжол менен 60000м3 жер көчкүсү түшүү коркунучу байкалган. Бул жер көчкү 7 турак-жайга коркунуч жаратат. Аталган турак үйлөрдүн ээлери 2017-жылдын апрель айынын башында айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан  туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Аталган коопту участоко Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси, жана ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы барып абал менен таанышкан.

Сузак айыл аймагында   2017-жылдын 16-апрелинде Кыр-Жоол айылынын Жапан участкасында көзөмөлдө болуп келген жерден, көлөмү болжоол менен 18000м3жер көчкү түшүү коркунучу байкалган. Эгерде аталган жер көчкү жүрүп кетсе Чангет-Сай суусунун нугун тороп калуу жана коопту аймакта жайгашкан 2 турак-жайга коркунуч жаратары мүмкүн.

Жарандык коргонуу  комиссиясы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси, жана ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы барып коопту аймакта жайгашкан 2 турак үйдүн жашоочулары  туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Токтогул районунда  Тоолук айыл аймагында  2017-жылдын 15-апрель күнү саат 11:30 чамасында Торкен-Тоолук унаа жолунун 58-чакырымында көлөмү болжол менен 875м3 жер көчкү түшүп унаа жолду тосуп калган. Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоого райондук №23 жол тейлөо ишканасынан  1 бульдозер тартылган.

16-апрель күнү атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери 17-апрелде башталат.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 16-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 17-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК  шаарында өрт кырсыгы катталган жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

1

21-АӨКБ

1 бөлүм

1

21-47

21-57

22-42

23-13

23-28

101

Чүй районунун  Чүй айылындагы  Крестьян мүрзөөсүндө,  болжол  менен 1га, куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

Кол каражат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

2

31-ӨККБ

1 бөлүм

1

14-42

14-47

15-00

15-10

15-20

101

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары, Бактуу-Долоноту айылы, турак үйдүн 20 чарчы метр келген уктоочу бөлмөсү күйгөн.Анда  3даана  диван, 3даанда  төшөк, матрац, палас күйгөн. Себеби: такталууда. 

1 ств Б

3

34-ӨКБ

Унаа чыккан эмес

 

1

16-15

 

 

18-10

18-40

101

Түп районунун  Талды-Суу жана Сары-Дөбө эки айылдардын ортосунда жолдун жээгиндеги сазда, ачык аянтта болжол менен 4 га куураган камыш, чычырканак, чөп күйгөн.  Өрттү өчүрүүгө  №34 Өрткө каршы бөлүмүнүн  өздүк курамынан  2адам,  ӨКМнен 1адам,  Айыл өкмөттөн 2адам,  Акимиаттан 1адам чыгышып кол каражат менен өчүрүшкөн. Себеби: такталууда.

Кол каражат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

4

76-ӨКБ

1 бөлүм

1

16-20

16-26

 

Жеткенге чейин

17-00

101

Кадамжай районунун, Кадамжай шаары, Пульгон айылы, Мясокомбинат  бригада №4  көчөсү. Короодо 3 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: отко этиятсыздык мамиле кылуу.

---------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

5

12-АӨКБ

2 бөлүм

102-ӨКБ

1 бөлүм

1

19-13

19-24

 

19-24

19-22

19-36

 

19-36

19-48

22-39

22-53

21-56

 

21-40

101

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Жаңы-Турмуш айылы, Б. Осмонов көчөсү  аянтты 177 чарчы метр  турак үй, жана үй буюмдары толугу менен күйгөн.

Натыйжада өрт кошуна үйгө өткөн, Б.Осмонов көчөсү  120 чарчы метр  эки кабаттуу  мансард үйдүн экинчи кабатты толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.    

1ствА

2 ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

6

55-ӨКБ

1 бөлүм

1

02-44

02-55

03-03

03-42

04-25

101

Ноокен району, Шайдан айыл өкмөтү, Алма айылы, Барпы көчөсүндө турак үйдүн 12 чарчы метр эс алуу бөлмөсүндө жалын тутанып,  жыгач пол, 32даана  төшөк, 21даана  жаздык, 3даана  килем, 2даана сандык, сыналгы, муздаткыч, үйдүн докуметтери күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

2ств Б

 

2017-жылдын 17-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

 

Баткен облусу

Сүлүктү  шаарында КР ӨКМнин  1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун  куткаруучулары ОсОО “Кутчу” шахтасына барып,  шахтанын газ чыккан жерине тосмо (перемычка) койуу иштерин жүргүзүп келишти. 

 

Ош шаары

КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары А. Масалиев көчөсүндөгү №69 үйүнүн  48-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

2017-жылдын 17-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июнь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы