Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

14.04.2017

2017-жылдын 14-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы сакталууда!

2017-жылдын 14-апрелинде республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: 14-апрелинде  көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 14-апрелинде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

2017-жылдын 14-апрелинен 16-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 14-апрелинде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республика боюнча сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине, райондордун акимдеринин уюлдук телефондоруна жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, жер жерлерде өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана күч каражаттарды даярдыка келтирүү боюнча атайын үн билдирүүлөр (голосовые сообщения) жөнөтүлдү.

 

Чүй облусу

Кемин районунда 2017-жылдын 13-апрелинде саат 18:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында Кызыл-Октябрь айылынын тушунда “Тойота Хайлендер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 05KG749AAA унаа менен “Мерседец-Спиринтер” жүк ташуучу мамлекеттик № S 05380 AХ унаа бетме-бет сүзүшүп, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG 192 AAG унааны коюп кетишкен.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Тойота Хайландер” унаанын ичиндеги 5 адамдын 4 адамы каза болуп, 1 адамы оор жаракат алган. Ал эми “Мерседец-Спиринтер”  унаанын ичиндеги 3 адамдын 2 адамы каза болуп, 1 адамы жабыркаган. “Хонда Одиссей” унаадан эч ким жабыркаган эмес.

КР ӨКМнин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Каза болгон адамдардын сөөктөрү Кемин райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Ал эми жабыркагандар жолдо өтүп бараткан унаалар менен Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

 

Талас облусу

Манас районунун Покровка айыл аймагында 2017-жылдын 13-апрелинде саат 12:15 чамаларында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталып.

Катуу шамалдан Бала-Саруу айылынын спорт мектебинин чатырынын 60м2 темир листин, 1 турак-жайдын чатырынын 30м2 темир листин жана Покровка айылында 1 турак-жайдын 6 даана шиферин учурган.

Жабыркагандар жок.

КР ӨКМнин райондук башчысы жана Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлдү.

 

Нарын облусу

Ат-Башы районунда 2017-жылдын 13-арелинде саат 14:00 чамасында Ат-Башы-Ак-Муз-Кынды унаа жолунун болжолдуу 52-54 чакырымында Босого участогунда  14000 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолду жаап калган.

Жабыркагандар жок.

КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн адиси, КР ӨКМнин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринен тактоо иштерин жүргүзүштү.   Тазалоо иштери 2017-жылдын 14-апрель күнү №20 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.

 

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында 2017-жылдын 13-апрелинде Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чек айылында КР ӨКМ тарабынан 5000 литр дизелдик күйүүчү май  жана 2000 кап бөлүнүп, 2017-жылдын 31-мартынан баштап 10-апрелге чейин айыл аймак тарабына тосулуп жаткан 150м дамбанын 100м аралыгын жеп кеткен. 2017-жылдын 10-апрелге чейинки аткарылган дамбаны бекемдөө иштеринин натыйжасында, кырдаалдын кесепеттери азайтылып, 30га айдоо аянтын жана 150 турак үйдү суу каптоодон сактап калынды. КР ӨКМнен бөлүнгөн 2000 даана каптын 1300 даанасына кум толтурулуп басылган.

Дамбанын жээктерин бекемдөө үчүн КР ӨКМнен 1 бульдозер,  Сакалды айыл аймагы тарабынан 70 адам жана Өзбек Республикасынан 2 экскаватор жана 2  бульдозер тартылып, азыркы учурда тартылган күчтөр тарабынан калган 700 даана капка кум толтурулуп, дамбанын жээктерин бекемдөө иш-чаралары улантылууда.

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 2017-жылдын 13-апрелинде саат 13:30 чамасында Кара-Үңкүр дарыясынын көлөмү көтөрүлүп, Чкалов айылы менен райондун борборун байланыштырган  2009-жылы ашар жолу менен курулган ички чарбалык көпүрөнүн ортодогу опорасы 1-1,5 метреге чейин чөккөн.

Азыркы учурда аталган көпүрөөдөн сырткары катто үчүн Чкалов айылына 5 чакырым аралыкты айланып Таш көпүрөдөн өтүп каттоочу мурунку эски жол бар.           

Райондук Жарандык коргонуу комиссия тарабынан көпүрөдөн адамдардын жана жеңил унаалардын өтүп, каттоосуна тыюу салуу жагы уюштурулду.

 

Базар-коргон жана Акман айыл аймактарында 2017-жылдын 11-апрелинде саат 23:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдар райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан такталууда.

 

Майлуу-Суу шаарында 2017-жылдын 13-апрелинде жаан-чачындын көп жаагандын кесепетинен Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кара-Жыгыч участкасында Кара-Жыгач суусунун агымынын деңгээли көтөрүлүп, Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ аймактык башкармалыгын бириктирген мэриянын балансындагы унаа жолунун 3-чакырымындагы көпүрөнүн жээгин жеп, унаа жолго жетип, кооптуу абал жаралган.

Шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жеринен барып көрүп, тартылган техника менен Кара-Жыгач суусунун нугу бурулуп, 100 метр аралыктагы сайдын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

 

Тогуз-Торо районунун 2017-жылдын 13-апрелинде саат 19:50 чамаларында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 74-82-чакырымдарында  кар жаап, бороон болуп,  кар күрткүлөрү унаа каттамына тоскоолдук  жараткан жана Кара-Гөө ашуусунун Ак-Талаа району тарабында 15 автоунаа, Казарман тарабында 10 автоунаа өтө албай туруп  калган.

Тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып, 2017-жылдын 14-апрелинде  саат 02:30 чамасында унаа жолду толугу менен тазаланып ачылган. Унаа жолдо топтолуп турган унаалар өз багыттары менен жүрүп баштаган.

 

Атай айыл аймагында 2017-жылдын 13-апрелинде саат 20:00 чамасында Саймалуу-Сай айылында катуу шамал болуп, 2 убактылуу жашоочу үйдүн (времянка) жана 1 навестин чатырынын шиферлерин учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

2017-жылдын 14-апрелинде айыл аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан шамалдын ылдамдыгы жана келтирилген чыгым такталууда.

         

Ысык-Көл облусу

Тоң районунда Бишкек–Каракол  унаа жолунун 130-131- чакырымында 2017-жылдын 13-апрелинде саат 19:00дөн (Боом капчыгайы) тартып ар кайсы жеринен таштар кулаган.

2017-жылдын 13-апрелинде саат 22:30да Балыкчы ШИИБ тарабынан унаа жолго бир тартаптуу пост коюлган. Тазалоо иштерине №32 жол тейлөө ишканасынан 2 техника тартылып, саат 23:00дө толугу менен тазаланып, ачылган.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагында 2017-жылдын 13-апрелинде жаап жаткан жаандын кесепетинен Заргер айылындагы Заргер дарыясынын деңгээли көтөрүлүп,  №5 жол тейлөө ишканасы кармагындагы унаа жолдун жээгин жей баштаган. Унаа жол ачык.

Жолдун жээкти бекемдөө иштерине №5 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 самосвал, 1 жүктөгүч тартылган.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 13-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 14-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

3-АӨКБ

1 бөлүм

1

07-17

07-24

 

Жеткенге чейин

07-43

101

Восток-5 кичи району, 5/3-үй, 3-подъезде электр  калканы түтөгөн. Себеби: эл. жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

---------

2

5-АӨКБ

1 бөлүм

1

13-19

13-31

 

Жеткенге чейин

14-36

101

Көк-Жар  кичирайону 19, 310- батир. Бөлмөдө  матрац  күйгөн. Себеби:  тамеки  тартуудагы  этиятсыздык.

---------

3

7-АӨКБ

1 бөлүм

1

20-46

20-54

21-14

21-48

22-00

101

Анкара курулуш материал сатуучу дүкөндө компьютер түтөгөн, 20 чарчы метр  ички жасалгасы ДСП күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй   облусу

 

4

21-АӨКБ         2 бөлүм

1

08-43   08-57

08-55

09-17

09-25

09-37  09-09

101

Токмок шаары,  Гагарин көчөсү, № 104, 40-батир. Бөлмөдө 16 чарчы метр пластик шыбы, телевизор, DVD, жыгач тумба, жылыткыч күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо  өрткө каршы эреженин бузулушу. 4 кабаттуу үйдүн подъезди  түтүнгө   толуп, жашоочулардын түтүнгө  уулануу  коркунучу жаралгандыктан    өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 32 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 10 жаш балдар.

1ствБ

5

5-ӨКБ   1бөлүм

1

10-14

10-29

 

10-56

11-36

101

Кемин району  Борду айылы, Ахунбаев көчөсү 3. Турак  үйдүн  ичи  түтөгөн. Өрт  өчүрүүчүлөр  морду  муздатуу үчүн суу чачышкан.

1 ств.Б.

6

 

23-АӨКБ

2бөлүм

1

04-42  04-53

04-51

04-56

05-58

06-42

07-25

07-30

101

Сокулук району   Романовка айылы, Западная  көчөсү 71. Жалпы  аянты 70 чарчы метр  жыгач  устундуу  шифер  жабылган  турак  үй  мүлкү  толугу менен  күйгөн. Ээси, себеби  такталууда

2 ств.Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад  облусу

 

7

65-ӨКБ

1 бөлүм

1

16-14

16-42

16-54

18-00

18-30

101

Сузак  району,Кара-Дарыя  айыл аймагы,  Арал  айылы, Арал көчөсү 52. 10 чарчы метр  жыгач устундуу  шифер  жабылган  турак  үйдүн  чатыры, 35 чарчы метр. жыгач ДВП  шыбы  ,  муздаткыч, 10 килем,1  тумба  күйгөн. Себеби:  такталууда

2 ств.Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын  облусу

 

8

45-ӨКБ

1 бөлүм

1

17-57

18-00

18-15

19-05

19-20

101

Ат-Башы   району,Ат-Башы  айылы,Абыкеев  көчөсү 118, 11-батир. 16 чарчы метр чатырда  мордун  тегереги  күйгөн. Себеби:   мордун  туура  эмес  түзүлүшү.

1 ств.Б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл  облусу

 

9

15-АӨКБ

2 бөлүм

1

20-43

20-48

20-46

20-52

21-20

23-35

23-45

23-45

101

Каракол  шаары, Күчүкөв көчөсүндө аянты 84 чарчы метр. жыгач устундуу шифер жабылган аппаратура ондоочу цехтин чатыры, 50 чарчы метр жыгач дубалы, полу, ДСП шыбы, 3 жыгач терезе,эшик күйгөн. Себеби: такталууда.

2ствБ

 

2017-жылдын 14-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

 

Ош шаары

Ош шаарында 2017-жылдын 13-апрелинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Заднепровского, Аношина, Алиев жана Курманжан Датка көчөлөрүндө жеке менчик турак жайларды суу каптап, ыңгайсыз абал жаралган.

КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Аношина, Алиев жана Курманжан Датка көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короосуна жана жер төлөөсүнө кирип кеткен сууларды суу сордуруучу техниканын (мотопомпа) жардамында сордуруп беришкен.

Ошондой эле КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары Заднепровского көчөсүндөгү арыктардагы таштандыларды тазалашып, суу сордуруучу техниканын (мотопомпа) жардамында сордуруп беришкен.  

 

КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары А. Шакиров көчөсүндөгү №11 үйүнүн 11-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

2017-жылдын 14-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы