Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

13.04.2017

2017-жылдын 13-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы сакталууда!

2017-жылдын 13-апрелинен 14-апрелине чейин республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: 13-14-апрелинде  көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 13-14-апрелинде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

13-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

2017-жылдын 13-апрелинен 16-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары,  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Жалал-Абад облусу

Ноокен районунда  2017-жылдын 11-апрель күнү саат 23:00дөн 23:15ке  чейин катуу шамал болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

Момбеков айыл аймагында 2017-жылдын 11-апрель күнү саат 00:00 чамасында катуу шамал болуп, айыл аймактын имаратынын чатырын учуруп, Бишкек-Ош унаа жолунун 515 чакырымынын жээгине түшкөн. Айыл аймактын имараты 300 м2 болгон. Жабыркагандар жок.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы  тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, имараттын чатырындагы архитектуралык нормаларга туура келбей тургандыгы жана курулуш нормалары сакталбагандыктан, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экендиги аныкталган.

Базар-Коргон районунда 2017-жылдын 11-апрель күнү саат 23:00дөн 23:15ке  чейин катуу шамал болуп,  батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

2017-жылдын 11-апрель күнү саат 23:00 чамасында Базар-Коргон айыл аймагынын Бабур, Сай-Коргон жана Акман айыл аймагынын Жараке, Жаны-Акман, Кош-Коргон айылдарында катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларынын  шиферлерин учурган.

2017-жылдын 12-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

Базар-Коргон айыл аймагынын Бабур айылында 8 турак үйдүн 148 даана шиферин жана 70м2 тыныкесин.

Сай-Коргон айылында 11 турак үйдүн 275 даана шиферин, №30 Ө. Атабеков орто мектебинин 15 даана шиферин учурган.

Акман айыл аймагынын Жараке айылында 3 турак үйдүн 145 даана шиферин, 2 сарайдын 65 даана шиферин.

Жаны-Акман айылында 1 маданият үйүнүн 36м2 тыныкесин, 1 турак үйдүн 22 даана шиферин, 1 сарайдын 28 даана шиферин.

Кош-Коргон айылында 1 турак үйдүн 10 даана шиферин учурган.    

Жалпы район боюнча 24 турак үйдүн 600 даана шиферин жана 106м2 тыныкесин,  3 сарайдын 93 даана шиферин, 1 мектептин 15 даана шиферин учуруп жараксыз абалга келтирген. 13-апрель күнү тактоо иштери жүргүзүлүп АКТ түзүлөт.

Сузак районунун Ырыс айыл аймагында  2017-жылдын 12-апрель күнү саат 00:30 чамасында Жашасын айылында катуу шамал болуп 1 турак жайдын чатырынын бир бөлүгүн учуруп кеткен.

12-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

Жабыр тарткан чатырдын жалпы аянты 80 м2.

Көк-Арт айыл аймагында 2017-жылдын 11-апрель күнү Үч-Малай айылында көлөмү 7500 м3 көчкү жүрүп, турак жайларга 50 метр жетпей токтогон.   11-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 1 турак үйдүн жашоочуларына коопсуз жайга көчүп чыгуу жөнүндө эскертме берилип, туугандарыкына көчүрүлүп чыгарылган.

Чаткал районунда  2017-жылдын 13-апрелинде саат 03:20 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 96-чакырымында жааган жамгырдын кесепетинен көлөмү 200м3  келген суюк ылай агып түшүп жол каттамы тосулуп калган.

Жолду тазалоого №27 жол тейлөө ишканасынан  1 бульдозер тартылып, саат 05:40та жол толугу менен тазаланып ачылды.

 

Баткен облусу

Лейлек районунда 2017-жылдын 9-апрелинде саат 10:55 чамасында №13 жол тейлөө ишканасынын балансындагы Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 000м3 жер көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган.

Жолду тазалоого  “Синьдзян бейсин” Кытай жол куруучу компаниясынан 3 экскаватор, 2 жүктөгүч тартылган.

12-апрель күнү жер көчкү коркунучу бар жерлерди сүрүп түшүрүү жана көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүп, 13-апрель саат 01:30да жол каттамы бир тарапка ачылды. Тазалоо иштери улантылууда.

 

Нарын облусу

Ат-Башы районунунун Ак-Сай өрөөнүндө малчыларга жол каттамы ачылгандыгына жана тоолордун күнгөй беттеринде карлар эрип, мал жаюга мумкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө байланыштуу, 2017-жылдын 11-апрелинде КР ӨКМнен бөлүнгөн гуманитардык жардам Ак-Сай өрөөнүнө жеткирилип, 12-апрель күнү малчыларга таратуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 12-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 13-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаары

 

1

6-АӨКБ

1 бөлүм

1

15-02

15-18

15-36

15-52

16-21

101

ТЭЦ-2 жаңы конушу, участок №387, 30 чарчы метр конок бөлмөсүндө 2 даана кресло, диван, сервант, 10 даана төшөк күйгөн. Себеби: такталууда.

1 ств Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

2

1-ӨКБ

1бөлүм

1

16-45

16-50

17-10

17-45

17-50

101

Аламүдүн району, Ленин айылы, Виноградный көчөсү №102, турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсүндө жыгач пол, муздаткыч, шифоньер, газ плита, кир жуугуч, 2 даана терезе, 3 даана эшик күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

3

21-АӨКБ

1бөлүм

1бөлүм

1

21-30

 

22-13

21-40

 

22-23

22-31

22-47

23-07

 

22-57

101

Токмок шаары, Береговая көчөсү №5, 80 чарчы метр жыгач устунду темир  жабылган бастырманын чатыры, ичинде 100 түк чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

2ств Б

4

27-АӨКБ

1 бөлүм

1

03-37

03-45

04-15

06-21

06:56

101

Ысык-Ата району, Кант шаары, Ванахун көчөсү №141, жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусу

 

5

93-ӨКБ

1 бөлүм

1

11-02

11-15

11-30

13-17

13-45

101

Бакай-Ата району, Маданият айылы, Казак көчөсү №92, жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үй, экинчи кабаттында конок бөлмөсүндө 21 чарчы метр шыбы, үй эмеректери, 4 даана терезе, 3 даана эшик, төшөнчөлөр күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

2ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

6

32-ӨКБ

31-ӨКБ

2 бөлүм

1

16-15

 

16-25

16-20

 

17-20

17-00

17-15

18-30

 

19-00

101

Ысык-Көл  району, Тамчы айылы,  Осмонов көчөсү №1, аянтты 120 чарчы метр болгон жыгач устундуу темир  жабылган турак үй, үй буюмдары толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

3ств.Б

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен облусу

 

7

26-АӨКБ

1 бөлүм

1

06-36

06-40

06-41

06-49

07:15

101

Баткен шаары, МСО көчөсүндө жыгач электр карагай күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств.Б

 

2017-жылдын 13-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Ош облусу

Алай районунун Гүлчө айыл аймагы Курманжан-Датка айылы, Безценная көчөсүнун тургуну 1957-туулган   Ш.А. мал кайтарып жүрүп  20 метр бийиктик жардан кулап кеткен. Куткаруучулар алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 3 куткаруучу тартылган.

 

Бишкек шаары

Свердлов районунун Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 12 кабаттуу жаңы конуштун чатырынан өзүн-өзү таштоого аракет кылган 1998-жылы туулган  кызды куткарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Октябрь районунун Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги онкология институтунун аймагындагы ТЭЦтин люгунан 45-50 жаштагы европа улутундагы адамдын жансыз денесин куткаруучулар алып чыгышкан.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда Ош-Бишкек жолунун 281 чакырымында “Ауди-А6” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Айдоочусу 2000-жылы туулган  Т. Т. эч кандай жаракат алган эмес. Куткаруучулар унааны жолго чыгарып беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаарында куткаруучулар 3-кичи районундагы №30 үйдүн №29 батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

2017-жылдын 13-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, айрым жерлерде күн күркүрөшү мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июнь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы