Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

11.04.2017

2017-жылдын 11-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматы

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы сакталат!!!

2017-жылдын 11-апрелинен 14-апрелине чейин республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат: 11-апрелинде күндүз жана 12-апрелинде кээ бир райондордо, 13-14-апрелинде  көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 13-14-апрелинде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

Ошондой эле, 2017-жылдын 11-апрелинен 13-апрелине чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Баткен облусу

Лейлек районунда  2017-жылдын 9-апрелинде саат 10:55 чамасында №13 жол тейлөө ишканасынын балансындагы Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 000м3 жер көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 

Жолду тазалоого “Синьдзян бейсин” Кытай жол куруучу компаниясынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылган.

2017-жылдын 10-апрелинде “Синьдзян бейсин” Кытай жол куруучу компаниясынын техникалары тарабынан унаалар өтүүчү айланма жол салынып, унаа каттамы берилди.

 Исфана-Сүлүктү унаа жолунда жер көчкү түшкөн жерде, дагы жер көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан бүгүнкү күндө тазалоо иштери аткарылбады.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында  2017-жылдын 9-апрелинде саат 12:00 чамасында Сай-Булуң айылынын Ак-Терек участкасында болжол менен 5000м3  жер көчкү түшүп, 30 үй-бүлөнү байланыштырган ички чарбалык жолдун 30 метр аралыгын тосуп калган (жөө каттамы бар).

Жер көчкү жүргөн аймака КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси, КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн жана айыл аймагынын өкүлдөрү барышып абал менен таанышышкан.

2017-жылдын 10-апрелинде ички чарбалык жол техниканын жоктугуна байланыштуу тазаланган жок.

 

Ош облусу

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында 2017-жылдын 9-апрелинде  Жаңгакты айылында Токто участкасында көлөмү 700000-800000м³ болгон жер көчкү акырындык менен жылып, эч ким жашабай жаткан 1 турак-жайдын жарымын, ашканасын толугу менен басып калган жана дагы 1 турак-жайга 3 метрдей калган. Жабыркагандар жок.  Аталган турак-жайдын жашоочулары 8-апрелде айыл аймак тарабынан туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Турак-жайлардын ээлери мамлекет тарабынан жер тилкесин жана ссуда алышкан.

Ошондой эле, Дөбө айылы менен Жүрөк-Маала участкасын байланыштырып турган, шакекчелерден курулган ички чарбалык көпүрөнү жана Жаңгакты айылындагы 250 үй-бүлөгө баруучу ички чарбалык жолду жаап калган.

2017-жылдын 10-апрелинде КР ӨКМ  Өзгөчө кырдаалдарга  чара көрүү түштүк борборунан  1 бульдозер тартылып, 3 чакырым айланма жол салып, каттам берилди.

 

Кара-Кулжадагы Сары-Булак айыл аймагында жер көчкү түштү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагында 2017-жылдын 10-апрелинде саат 09:00 чамасында Кызыл-Булак айылында көлөмү 900м³ болгон жер көчкү жүргөн.

Жабыркагандар жок.

Аталган жер көчкүдөн 50 метр алыстыкта 1 турак-жай жайгашкан, мамлекет тарабынан берилүүчү узак мөөнөттөгү ссуда алган, бирок бүгүнкү күндө жер тилкесинин жоктугуна байланыштуу, кооптуу аймакта жашоону улантып келүүдө.

КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана  айыл аймактын башчысы аталган айылга барып турак-жайдын жашоочуларын тез арада коопсуз жайга көчүрүп, чыгаруу боюнча эскертүү берилди.

 

Чалма айыл аймагында 1800м³ болгон жер көчкү жүрдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагында  2017-жылдын 10-апрелинде саат 09:00 чамасында  Буйга айылынын Алча чегинде көлөмү болжол менен 1800м³ болгон жер көчкү жүрүп, токтогон.

Турак жайлардан 300-350м алыстыкта болгондуктан коркунуч жок.

2017-жылдын 10-апрелинде КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймактын башчысы жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүштү.

Нарын облусу

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө 2017-жылдын 12-14-март күндөрү болгон катуу шамалдан Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолунда кар күрткүлөрү пайда болуп, Ак-Сай өрөөнүндө жол жабылып калган. Жааган кардын көлөмү белгиленген нормадан көп болгондуктан, малчыларга тоют жеткирүү максатында Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолун тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.

Жолду тазалоого райондук №20 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылган.

2017-жылдын 10-апрелинде  Ат-Башы-Ак-Муз-Кынды жана Кынды-Көк-Кыя унаа жолдору толугу менен тазаланып бүтүп, жол каттамы ачык.

 Ак-Сай өрөөнүндө малчыларга жол каттамы ачылгандыгына жана тоолордун күнгөй беттеринде карлар эрип, мал жаюга мумкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Нарын облустук Жарандык коргонуунун комиссиясынын 2017-жылдын 10-апрелиндеги №05-06/29 жыйынын протоколуна ылайык, Ат-Башы районуна киргизилген “Өзгөчө кырдаал” режими алынып салынды.

2017-жылдын 11-апрелинде КР ӨКМнен бөлүнгөн гуманитардык жардамды Ак-Сай өрөөнүндөгү малчыларга жеткизүү пландалууда.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 9-апрели саат 08:30дан

2017-жылдын 10-апрели саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

Бөлүм №

 

Өрттүн №

.

 

                           Убакыт

Билдирүү жолу

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

 

 

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек  шаары

 

1

АӨКБ-4

1 бөлүм

1

20-47

20-55

21-22

22-00

22-21

101

Турузбекова көчөсү №31. Бишкек Башкы Архитектурасынын имаратынын 1-кабатында  тепкичтин астындагы 20 чарчы метр курулуш таштандысы күйгөн. Себеби: тамеки тартууда этиятсыздык. 

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

2

АӨКБ-28

1 бөлүм

1

14-30

15-02

15-47

17-15

18-11

101

Аламүдүн  районунун Кашка-Суу айылы, Медеров көчөсү 74. 130 чарчы метр жыгач  устундуу  темир  жабылган  сарайдын  чатыры  күйгөн.  Себеби:  такталууда.

1ствА

1ствБ

3

ӨКБ-15

1 бөлүм

1

10-55

 

 

 

11-31

101

Москва району, Винсовхоз айылы, Сарай күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр жолдон кайтышкан.

-------

4

ӨКБ-15

1бөлүм

1

16-59

17-26

17-36

18-10

18-35

101

Москва   районунун Александровка  айылы, Буденный  көчөсү 44. Короодо 120 түк чөп, 8 даана шифер күйгөн. Себеби: такталууда

1ствБ

5

ӨКБ-4

1 бөлүм

1

20-25

20-27

20-29

20-50

21-05

101

Ысык-Ата районунун Ивановка айылы, Совет көчөсү 17. Короодо 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас    облусу

 

6

ӨКБ-101

1 бөлүм

1

11-06

11-35

12-10

12-50

13-20

101

Талас районунун Арал айылы, Талас токой чарбасынын жанында  0,5га куураган чөп күйгөн. Себеби: такталууда.

2ствБ

7

ӨКБ-91

1 бөлүм

1

16-35

17-00

17-15

20-00

20-37

101

Кара-Буура   районунун  Бакиян  айылы, Дардулова көчөсү 44. 100 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры күйгөн. Себеби: отко  этиятсыз мамиле  кылуу.

1ствБ

8

ӨКБ-91

1 бөлүм

1

20-38

20-48

20-52

21-20

21-55

101

Кара-Буура районунун Акжар айылы. Талас-Тараз жолунун 15-чакырымында 1гектар куураган чөп, бадалдар, кара бактар 100 түп күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

9

ӨКБ-91

1 бөлүм

1

22-28

22-58

23-30

00-00

00-41

101

Кара-Буура районунун Акчи айыл аймагы Молдо-Асан айылы. Жолдо 700 чарчы метр  куураган чөп, камыш күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын   облусу

 

10

ӨКБ-43

1 бөлүм

1

17-55

18-05

18-25

19-50

19-55

101

Жумгал  районунун  Беш-Терек  айылы,  Байтөлөк   тилкесинде 240 чарчы метр куураган чөп, бадалдар күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

11

АӨККБ-15

1 бөлүм

1

18-28

18-32

18-50

19-15

19-36

101

Каракол шаарынын Орозбеков көчөсү 17Б. Короодо 100 чарчы метр куураган чөп күйүп, өрттүн натыйжасында бастырмадагы 500 кг чөп күйгөн. Себеби:ээсинин  отко  этиятсыз мамиле  кылуу.

1ствБ

12

ӨКБ-39

1 бөлүм

1

23-20

23-21

23-35

23-50

00-35

101

Ак-Суу районунун Ак-Суу айылы. “Мазда-626” мамлекеттик  № В 07-75 И үлгүсүндөгү автоунаанын ичи толугу менен күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

13

ӨКБ-56

1 бөлүм

1

09-33

09-38

09-41

10-20

10-35

101

Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай шаарчасы, Аксы көчөсү №27. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 28 чарчы метр чатыры, 100 даана пресс чөп күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

1ствБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

14

ӨКБ-71

1бөлүм

1

10-09

10-20

10-35

11-25

11-40

101

Ноокат району, Мирмахмудов айыл өкмөтү, Үч-Кемпир тилкеси, Маманазар көчөсү №15. Турак үйдүн 200 чарчы метр келген жалпы  үч бөлмөсү толугу менен, 4 терезе, 4 эшик, үй эмеректери, 4 килем, 20 жууркан жана үй буюмдары  күйгөн. Себеби: мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.

1ствБ

15

ӨКБ-53

1 бөлүм

1

21-23

22-00

22-10

22-15

22-40

101

Өзгөн району, Мырзаке айыл аймагы  Ынтымак айылы. Каналдын боюнда 200 чарчы метр куураган чөп, камыш күйгөн. Себеби: такталууда.

Кол каражат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары

 

16

АӨКБ-12

1 бөлүм

1

14-29

14-40

14-50

16-37

16-50

101

Ош   шаары, Төлөйкен айылы, Ж. Мамытов  көчөсү 81. 84 чарчы метр  жыгач  устундуу  шифер  жабылган  эки  кабаттуу  сарайдын  чатыры,  40 түк  чөп,  50 боо  жүгөрү  бакалы, 4 терезе,  2 эшик, 10 литр  сыр (боёк) күйгөн.  Себеби: ээсинин отко  этиятсыз мамиле  кылуусу (таштанды  өрттөгөн).

2ствБ

 

2017-жылдын 11-апрели саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Аламүдүн районунда Чоң-Таш менен Заречное айылынын ортосунда “Форд фокус” маркасындагы мамлекеттик № В 0657 AG унаа даракты сүзүп, натыйжада айдоочу каза болуп, 3 жүргүнчү жабыркаган. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барышып, унаада кыпчылган адамдарды чыгарышып, 103 тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Нарын облусу

Нарын шаарында Ленин көчөсүндөгү 81-үйдүн тургуну 1970-жылы туулган эркек киши Нарын дарыясына түшүп кетти деген маалымат  түшкөн. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда, жоголгон адамдын туугандары чалып, жоголгон адам  аман-эсен   Чүй  облусунун,  Кант  шаарында   жүргөндүгүн билдиришкен. 

Баткен облусу

Сүлүктү шаарында КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары 2017-жылдын 9-апрелинде Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында түшкөн жер көчкүнүн кесепеттерин жою үчүн чыгышып, 150 метрдей   жерди  адамдарга  жөө  жүрүп  өтүүгө  жол  ачып  беришкен.

 

2017-жылдын 11-апрели күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

 

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июнь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы