Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

06.01.2017

2017-жылдын 6-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматты

Шашылыш билдирүү!

2017-жылдын 6-январынан 7-январына жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90, 145-150 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-99 чакырымдары жана Нарын-Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2017-жылдын 4-январында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Сузактагы Жалгыз-Жангак айылында 40 миллион метр кубду түзгөн жер көчкү жүрүп айылдагы 16 үйгө коркунуч жаратууда

Сузак районунда 2016-жылдын 3-январында алдын ала алынган маалымат боюнча, Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга кооптуулукту жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн. м3 түзөт.

Жер көчкү 1 турак-жайга 15 метр  жана 15 турак-жайга 350 метр калган. Аталган жер көчкү 1990-жылдары пайда болгон, 1994-жылдары жер көчкү жылып, натыйжада 6 турак-үй жабыркап, 16 турак-жайга кооптулук жаралган. Жергиликтүү бийлик тарабынан  турак-үй ээлерин коопсуз жерге көчүрүү боюнча чечим кабыл алынып, турак-жай куруу үчүн, жер тилкелери бөлүнүп берилип, мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар берилген. Бирок азыркы учурда жашоочулар жашап жатышат.

2017-жылдын 5-январында КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адиси жана КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан жеринде изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймак башчысына 16 үй-бүлөнү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу боюнча, жеринде эскертме берилди.

Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган участок байкоого алынып, күзөт уюштурулду жана коопсуз жерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгуу боюнча, иш-чаралар уюштурулуп жатат.

 

Сузактагы Кашка-Терек-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 7-9-чакырымдарына көчкү жүрүү коркунучу жаралып жол каттамына чектөөлөр киргизилди

Кызыл-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын Кичи-Сары-Булак участкасында 1994-1998-жылдары жалпы узундугу 1-1,5-чакырым аралыка жакын жер көчкү жаракасы пайда болгон. Көчкү басып калуу коркунучу бар эки турак-үйдүн жашоочулары ошол убакта эле коопсуз жерге көчүрүлгөн.

2016-жылдын күз айларындагы жаан чачындан көчкү жаракаларынын төмөн тараптары 1-1,5 метрге чейин чөгүп, Кашка-Терек-Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 7-9-чакырымдарына көчкү жүрүү коркунучу жаралган.

2017-жылдын 5-январында КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адиси жана КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан жеринде изилдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймак башчысына көчкү участогун көзөмөлгө алып, ички чарбалык жол каттамына чектөөлөрдү киргизип, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча эскертме берилди.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 5-январы саат 08:30дан

2017-жылдын 6-январы саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК  МААЛЫМАТЫ

Катар №

п\п

бөлүм №

 

Өрттүн №

 

Убакыт

Билди

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

берил-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

Бишкек шаары

1

3-АӨКБ

1 б

1

14-50

14-59

15-24

15-18

16-34

101

“Восток-5” кичи району, 25-үйдүн жанында жылуулук өткөрүүчү люкта 32 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

2

5-АӨКБ

1 б

1

01-57

02-14

02-35

02-59

03-07

101

Ж.Пудовкин көчөсү, жылуулук өткөрүүчү люкта 4 чарчы метр таштанды күйгөн. Себеби: такталууда.

1ствБ

1звГДЗС

3

8-АӨКБ

1 б

1

05-48

06-03

06-29

06-48

 

101

Ушаков көчөсү №18, ээси  О.Балдыкина,  мончонун 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана 18 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Себеби: такталууда.

1ств Б

Чүй облусу

4

15-ӨКБ

1 б

1

08-23

08-45

08-50

09-05

10-07

101

Москва району, Александровка айылы, Масанчина көчөсү №34а, автоунаа токтотуучу жайда  “Вольво” үлгүсүндөгү мамлекеттик № KZ 042 CLA 08 жүк ташуучу автоунаанын кабинасы күйгөн.  Өрттүн натыйжасында автоунаанын ээси А.О. 1957-жылы туулган 1,2 даражадагы колунан күйүк алып, Беловодск райондук ооруканасына тез жардам менен жеткирилген. Себеби: такталууда.

1ствБ

5

1-ӨКБ

1 б

1

08-36

08-42

 

 

09-20

101

Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алматинская көчөсү  №319, өрт боюнча маалымат түшкөн.

------

Ош шаары

6

12-АӨКБ

1 б

 

1

14-36

14-40

14-50

15-23

15-37

101

Париж комунна көчөсү  №37, ээси   И. Ризаев, ашканада 9 чарчы метр  пластик шыбы, газ.плита, духовка, идиш аяк  күйгөн. Себеби: отко этиятсыздык мамиле кылуу.

1ствБ

Ысык-Көл облусу

7

19-АӨКБ

1 б

1

20-18

20-24

20-50

21-20

22-00

101

Балыкчы шаары, Аманбаев көчөсү, №162 үйүнүн 63-батиринде, ээси Ж.Абдраимов, бөлмөдө эшик, палас күйгөн. Себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугу эреженин бузулушу.

1ств Б

2017-жылдын 6-январы саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2017-жылдын 5-январында саат 19:40да КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Улан-2 кичи району 2/28-үйүнүн 54-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Токмок шаарында  2017-жылдын 5-январында саат 13:20да КР ӨКМнин 24-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 1-кичи району №6 үйүнүн 54-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Дүйнөдө катталган өзгөчө кырдаал жөнүндө маалымат

 

Германия

2017-жылдын 5-январында балтика деңизинин жээгинде бийик толкундар күч алган. Ошол аба ырыйынын өзгөрүүсүнүн айынан өлкөнүн түндүк тарабында катуу шамал менен коштолсо, ал эми түштүк бөлүгүндө катуу бороон жергиликтүүлөргө коркунуч алып келди. Түзүлгөн кырдаалдан олуттуу материалдык зыян келтирген. Буга байланыштуу бийлик органдары өлкөдө өзгөчө абал жарыялады.

 

Аргентина

2017-жылдын 5-январында өлкөнүн Ла-Пампа, Рио-Негро жана Буэнос-Айрес провинцияларында миллион гектардан ашык жайыттар жана токойлор өрттөнду. Анын кесепетинен массалык түрдө мал жандыктар өлүп айыл чарба продукциялары жабыркап, олуттуу материалдык зыян келтирилген.

 

2017-жылдын 6-январында Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жала-Абад, Баткен айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдортоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Февраль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы