Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Күндөлүк ыкчам маалымат

05.01.2017

2017-жылдын 5-январы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматты

Шашылыш билдирүү: Республиканын тоолуу райондорундагы жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда!

2017-жылдын 5-январынан 7-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90, 145-150 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-99 чакырымдары жана Нарын-Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2017-жылдын 4-январында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Алайдагы жер көчкү коркунучу жаралган Чакмак айылынын тургундары мамлекет тарабынан ссуда алганы маалым болду

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл аймагында  2017-жылдын 4-январында саат 09:00 чамасында Чакмак айылында болжол менен 3000м3 жер көчкү түшүп, натыйжада 3 турак үйгө коркунуч жараткан.

Кооптуу аймака  КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин бөлүм башчысы, Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Гүлчө айыл аймагынын башчысы жана КР ӨКМнин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы барып, элди тез арада коопсууз аймака көчүрүү чечимин кабыл алышкан.

Анын негизинде 2017-жылдын 4-январы күнү 2 үйдүн жашоочулары, жакын  туугандарыныкына көчүрүлгөн, ал эми 1 үйдүн жашоочусу 2014-жылы Бишкек шаарына көчүп кеткен. Кооптуу аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынган. Жер көчкү коркунучу жаралган айылдын тургундары 2008-2009-жылдары мамлекет тарабынан ссуда алышка, КР ӨКМги тарабынан эскертүүлөр берилип келген, акыркы ирет 2016-жылдын 21-сентябрында эскертүү берилген.

 

КР ӨКМнин Өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча Республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

 

2017-жылдын 4-январы саат 08:30дан

2017-жылдын 5-январы саат 08:30га чейин

өрт өчүрүү, куткаруу бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК  МААЛЫМАТЫ

 

Катар №

п\п

Бµл‰м №

 

Өрттүн №

.

 

              Убакыт

Билдир

Жолу

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

 

бер-ген

ствол

ГТКК

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

Чектөө

саат/м

Толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1

           2

3

  4

 5

  6

  7

  8

  9

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары

 

1

5-АӨКБ

1 б

1

10-33

10-43

10-50

11-26

11-52

101

Октябрь району, Вишневый кыска көчөсү №29, ээси А.Азыкулов, турак үйдүн чатырындагы мордун тегереги күйгөн. Себеби: жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн.

1стБ

2

4-АӨКБ

1 б

1

21-15

21-21

-------

Жеткенге

ч-н

21-59

101

Ленин району, Ташаузская көчөсү, №8 үйүнүн 3-батиринин, ээси У.Шеримбеков, батирдин киреберишинде электр зымдарын бөлүштүрүүчү коробка жана 4 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

--------

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй облусу

 

3

24-АӨКБ

1 б

1

14-23

14-37

14-45

14-55

15-45

101

Чүй району, Токмок-Дөң Арык жолу 10-чакырымында “Мерседес-Бенц” үлгусүндөгү мамлекеттик № В 38-39 В унаа толугу менен куйгөн. Ээси А.Мансуров. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1стБ

4

15-ӨКБ

1 б

1

16-27

16-50

17-10

17-35

18-00

101

Москва району, Александровка айылы, Пионерская көчөсү №43, ээси И.Мергязов, турак үйдүн 90 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры күйгөн. Себеби: жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн.

1стБ

5

27-АӨКБ

1 б

1

20-29

20-35

20-44

22-00

22-25

101

Ысык-Ата району, Кант шаары, Линейная көчөсү №13, ээси А.Исмаилова, үч бөлмөлү турак үйдүн 10 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры,  38 чарчы метр жыгач полу, 2 терезе жана 1 эшик куйгөн. Себеби: такталууда.

1 стБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад облусу

 

6

78-ӨКБ

1 б

1

13-44

13-55

14-05

14-20

15-32

101

Базар-Коргон району, Кеңеш айыл аймагы, Шыдыр айылы,  № 13 Б. Анаркулов атындагы орто мектеби, директору А.Жаркулова, окуу классында 38 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Себеби: жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү.

1стБ

7

83-ӨКБ

1 б

1

18-04

18-14

18-20

18-40

18-55

101

Майлуу-Суу шаары, Зеятчук көчөсү, №17 үйүнүн 1-батиринде, ээси  В.Александров, бөлмөдө 1 төшөк жана 1 жаздык куйгөн. Себеби: такталууда.

1стБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл облусу

 

8

39-ӨКБ

1 б

1

02-32

03-00

03-10

04-00

04-45

101

Ак-Суу району, Орлинное айылы, Итигул көчөсү  №28, ээси Г.Сисенко, турак үйдүн ашканасында 2 чарчы метр полу күйгөн. Себеби: жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү.

1стБ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош облусу

 

9

53-ӨКБ

1 б

1

05-05

05-37

05-52

06-10

07-00

101

Өзгөн району, Жазы айылы, Кара Дыйкан айылы, Зулпукаров көчөсү № 97, ээси А. Мендебаева, турак үйдүн 8 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры, ашкананын полу, терезе жана эшик күйгөн. Себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

1стБ

 

2017-жылдын 5-январы саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы  КР ӨКМнин Куткаруу кызматы боюнча күндөлүк ыкчам маалымат

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду:

 

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2017-жылдын 4-январында саат 16:29да 12-үйдүн жанындагы жылытуучу түтүкчөнүн ичинен КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары белгисиз адамдын жансыз денесин чыгарып, райондук ички иштер кызматкерлерине тапшырып беришкен.

Свердлов районунда 2017-жылдын 4-январында саат 17:14тө КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абдырахманов көчөсүндөгү компьютердик окуу жайынын жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Биринчи Май районунда 2017-жылдын 4-январында саат 21:31де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндөгү № 190 үйүнүн 14-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Кара-Балта шаарында 2017-жылдын 4-январында саат 19:05де КР ӨКМнин 24-аскерлештирилген өртөкуткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Крылов көчөсүнүн  № 37 үйүнүн 34-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Куткаруучулардын ыкчам аракети менен адам өмүрү сакталды

Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда 2017-жылдын 4-январында саат 14:00дө Исанов көчөсүнүн №43 үйүнүн 41-батиринин жашоочусу эшигин ачпаганына байланыштуу КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучуларына кайрылышкан.Ыкчам аракет көргөн куткаруучулар батирдин эшигин ачып, жардамга муктаж болуп турган  үй ээси  П.Д. медициналык тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ден-соолугу канааттандырарлык.

Ошто автоунаа каналга түшүп кетти

Ош шаарынын Кулатов кичи районунда 2017-жылдын 4-январында Осмонов көчөсүндөгү  бурулган жерде “Матиз” үлгүсүндөгү мамлекеттик № О1078АО унаа каналдын суусуна түшүп кеткен. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жеткенге чейин унааны элдин жардамы менен чыгарып коюшкан. Жабыркагандар жок.

 

2017-жылдын 5-январында Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Баткен, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге  жетиши мүмкүн.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бардык божомолдор

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Май 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы