Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Бул күнү

5-октябрь

2008-жылдын 5-октябрдан 6-октябрага караган түнү кыргыз-кытай чек арасында 8 балга жеткен жер титирөө катталган. Натыйжасында, Алай районуна караштуу Нура айылы зилзаланын очогуна кабылган. Жер титирөөдөн 75 адам каза болгон. Мунун 73ү кырсык болгон жерде көз жумган. Каза болгондордун 39у аял, 36сы эркек. Алардын ичинен 41и мектеп жашындагы балдар.

2014-жылдын 5-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 7- өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 4 куткаруучусу “Жыргалаң” шахтасын текшерүү үчүн барышып, шахтанын ичинен 40 метр тереңдикке кулап кетишкен, натыйжада 2 куткаруучу каза болуп жана 2 куткаруучу газга ууланып жабыркаган.

13-сентябрь

2015-жылы Ош шаарынын аймагына кирген Алмалык айылында 21:00дө көлөмү  5 млн. м³  жер көчкү түшкөн.Табыйгат кырсыктын кесепетинен  жеке турак үйлөргө жана ички чарбалык жолдорго коркунуч жаралган. 2015-жылдын 11-октябрында КР ӨКМги тарбынан жер көчкү жургөн аймака жакын жашаган тургундардын коопсуздугу  үчүн, 21 мобилдүү үй жеткирилген.

11-сентябрь     

2014-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылындагы Каныш капчыгайында жалын тутанган. Өрт 3 күндөн кийин өчүрүлгөн.

Тилсиз жоо  600га аянтты каптаган.

Жалынды  өчүрүүдө №- 43  Өрткө каршы курөшүү бөлүмүнүн кызматкери, 1985-жылы туулган Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук Жерге  жайгаштыруу жана  кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо бөлүмүнүн кызматкери, 1982-жылы туулган Абас Нуралиев каза болгон. 

9-сентябрь

2013-жылы 9-сентябрдан 12-сентябрга чейин Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүүчү «Кыргыз Республикасынын аймагында катталган табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуда биргелешип жардам көрсөтүүнү уюштуруу» аталышындагы Эл аралык «Стихия-2013» машыгуу  болгон. Машыгууга ШКУга мүчө кирген Россия, Казакстан, Тажикистан жана Кыргызстандын ыкчам кызматтары биргеликте оор кырдаалда куткаруу иштерин жүргузүшкөн.

5-июль          

2014-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-кыя айылында КР ӨКМнин Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин жаңы өрт өчүрүү бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болгон.

2011-жылы Нарын шаарындагы “Мукаш-Ата”, “Береке” базарларында өрт чыккан. Өрт жалпысынан  1 тыс. 395 чарчы метрге чейин жайылып, анын кесепетинен базар толугу менен күйүп, жанындагы дүкөн менен дарыкана жарым-жартылай жабыркап, жалпы келтирилген материалдык чыгым 16 млн. сомду түзгөн.  

3-июль          

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министринин №167 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин Жобосуна түзүмдүк бөлүмдөрүн ылайык келтирүү максатында" буйругунун негизинде Чүй облустук калыбына келтирүү жана инженердик курулмаларды куруу башкармалыгы жоюлуп, анын ордуна КР Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин Чүй облустук базасы түзүлгөн.

30-июнь    

1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министринин №80 "Көчмө механизациялаштырылган отрядын түзүү жөнүндө" чыгып, анын негизинде Чүй облустук базасы жоюлуп, анын ордуна Чүй көчмө механизациялаштырылган отряды түзүлгөн.

10-июнь       

2010-жылы Ош шаарынын аймагында массалык башаламандык болуп, анын кесепетинен 888 обьекти күйгөн болсо, анын ичинен 718 жер үйлөр жана 170и социалдык обьектилер болгон.    

9-июнь

2009-жылы КР ӨКМнин куткаруучулары жыл сайын Казакстанда өтүүчү эл аралык "КАЗСПАС-2009" мелдешинде жалпы командалык жыйынтыгында III орунду камсыз кылышкан. Тагыраак айтканда, КР ӨКМнин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун (ГЦПС) командасы мелдешке катышып, Суу алдында«Водная акватория» аталышындагы бөлүгүндө 3-орунду, Техногендик кырсыктан куткаруудагы «Техногенные катастрофы» бөлүгүндө 2-орунду, ал эми аралыкка чуркоодогу «КРОСС» бөлүгүндө 1-орунду камсыз кылышкан. 

8-июнь

2015-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун 4 айылдык округунун аймагында сел жүрүп, андан 207 турак жай, 9 чакырым ички чарбалык канал жабыркап, жалпы келтирилген материалдык чыгым 96 млн. сомду түзгөн.     

2015-жылы Чүй облусунда катуу шамал катталып, андан дарактар, жарнактар кулап, имараттардын чатырлары учуп, электр линиялары үзүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы кыз жана 74 жаштагы аял каза болгон. 

26-апрель

2004-жылы Ош облусунун Алай районундагы Будалык айылында жер көчкүнүн кесепетинен 33 адам каза болгон, алардын 16сы жаш балдар.  12 адам жер көчкүнүн астынан тирүү куткарылган. Жалпы көлөмү 3 миллион куб метр болгон жер көчкү танга жуук болуп, 11 турак жайды толук басып калган.

25-апрель

2011-жылы кардын тез эрүүсүнөн улам Нарын облусундагы Ак-Сай өрөөнүндө суу ташкыны пайда болуп, анын кесепетинен унаа жолдор, көпүрөлөр жабыркап, келтирилген жалпы чыгым 60 млн. сомду түзгөн.

24-апрель

2012-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан дарыядагы суу ташып, анын кесепетинен 5 турак жай авариялык абалга келип, 300га айыл чарба жерлери жабыркаган. Жалпы келтирилген чыгым 9 млн. 457сомду түзгөн.   

23-апрель

2015-жылдын 20-апрелинен 22-апрелине чейин Тунисте Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун аткаруу кеңешинин 48-сессиясы өткөн. Отурумдун алкагында уюмдун 2015-2025-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча маселелер каралган. Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун генералдык катчысы В. Кувшинов уюмдун аткаруу кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К. Бороновдун талапкерлигин сунуштап, кеңештин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган.

22-апрель 

1995-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жер көчкүсү түшүп, анын кесепетинен 8 адам каза болгон.

18-апрель

2001-жылы "Бишкек шаардык Куткаруу кызматын түзүү жөнүндө" КР ӨКМнин №124 Буйругу чыккан.

16-апрель

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу штабынын буйругу менен Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуу штабы түзүлгөн.

15-апрель

- 1994-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көгарт айыл округунун Мазар-Булак айылында жер көчүп, анын кесепетинен 7 адам каза болгон.

- 2009-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Райкомол айылында жалпы көлөмү 100 миң метр кубду түзгөн жер көчүп, анын кесепетинен 16 адам каза болгон.

10 апрель

2008-жылы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын ортосунда өзгөчө кырдаалдарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.     

9-апрель 

2001-жылы Бишкек шаардык мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеши "Бишкек шаардык куткаруу кызматын түзүү жөнүндө" биргелешкен №26/26 Токтомуна кол коюшкан.  

5-апрель   

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин 5-апрелдеги буйругу жана Ош шаардык мэриясы менен Ош шаардык депутаттардын кеңешинин биргелешкен 2004-жылдын 21-апрелиндеги №02-2/102 Токтому менен Ош шаардык Куткаруу кызматы түзүлүп, зарыл болгон өздүк курам куралып, тиешелүү шаймандар менен камсыздалган.       

2008-жылы "Жунхай" базарында өрт чыгып, 1500 чарчы метрди түзгөн соода контейнерлери, кампалар күйүп, жалпы чыгым 1 млн.728 миң 617 сомду түзгөн.  

3-апрель   

1998-жылы Урманаев Султан Исакунович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалар жарандык коргонуу боюнча министри болуп дайындалган. (1998-жылдан 2000-жылга чейин иштеген);

2-апрель   

1997-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин №74 Указы менен өрт өчүрүүдөгү жасаган тайманбастыгы үчүн Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын аскер кызматчысы, майор Альджанов Зарылбек Сагындыкович эң алгачы №1 "Эрдик" медалы менен, ал эми старшина Мамбетов Дамерман Сардабекович №4 "Эрдик" медалы менен сыйланышкан.

1-апрель

1973-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын директивасынын негизинде Кыргыз ССРнин Москва районундагы Садовое айылында "Аскердик бөлүк" аталышында механизациялаштырылган полк (азыркы КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды) түзүлгөн.

31-март  

- 2012-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо жана Ак-Тал айылдарында карлардын тез эришинен улам дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, пайда болгон суу ташкынынан турак жайлар жабыркап, Нарын-Баетов унаа жолунун 108-жана116-чакырымдары, электр линиялары жараксыз абалга келген. Келтирлген жалпы материалдык чыгым 13 млн. 545 миң сомду түзгөн, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.       

- 2007-жылы Жунушалиев Туратбек Шаршенкулович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. (2007-жылдын 31-мартынан 30-ноябрына чейин иштеген).   

30-март   

2012-жылы Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган.

26-март

2011-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин тынымсыз жааган кардан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирлик жана Кара-Тал айылдарында суу ташкыны пайда болгон. Суу ташкынынын кесепетинен III даражада 82 турак жай, IV даражада 108 турак жайлар жабыркап, келтирилген мамтериалдык чыгым 22 млн. 900 миң сомду түзгөн. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.   

19-март

- 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Жобосу бекитилген.

- 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрилигинин №75 буйругу менен КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин Түштүк филиалы түзүлгөн. 2001-жылдын 28-июнунда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №238 буйругу менен Түштүк филиалы өз алдынча Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу Түштүк департаменти болуп түзүлгөн. КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы №484 Токтому менен Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана капиталдык курулуш департаменти аталган.   

20 март

- 2004-жылы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 291-чакырымында жалпы көлөмү 1 181 000 куб.метр кар көчкүсү түшкөн, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.

22 март

- 2001-жылы Каракол шаарынын батыш тарабында Шотландиялык тоо лыжачысы кар көчкүнүн алдында калып каза болуп, дагы үчөөсү куткарылып калган.

- 2014-жылы Кадамжай районундагы "Баяман батыр" базарында өрт чыгып, андан келтирилген материалдык чыгым 19 466 533 сомду түзгөн.

18-март

1996-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун Көчкүлүү-Булак участкасында жалпы көлөмү 3 млн. куб метрди түзгөн кар көчкүсү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолу бир айдан ашык убакытка жабылып турган.  

 
16-март

2001-жылы Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык жана гидрометеорологиялык тутуму жөнүндөгү макулдашуусуна кол коюлган.  

15-март

2004-жылы Арпа жайлоосунда 4 чет өлкөлүк туристтерди эвакуациялоо жана авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүү учурунда тик учак кулап, анын кесепетинен КР ӨКМнин Авиация департаментинин кызматкери Ю. И. Храмушин каза болгон.

14-март

2004-жылы 14-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылынын 3 тургуну отун алуу үчүн жакынкы коктуга барышып, кайра кайтышканда, кар көчкүнүн алдында алышып, анын экөөсү көчкү алдынан чыгышып, бирөөсү кар көчкүнүн алдында калып каза болгон. Кар көчкүнүн алдында калган жаранды издөө иштерине куткаруучулардан сырткары жергиликтүү 200дөй жаран катышкан.

8-март
1994-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл округунун Тосой айылында жер көчкү болуп, анын кесепетинен 51 адам каза болгон.
6-март
- 2015-жылы Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайтарымсыз түрдө берилген өрт-куткаруу жумуштарына пайдалануучу 5 даана атайын техникалар Бишкек шаарында өрт өчүрүү бөлүмдөрүнө расмий тапшырылган.    
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2007-жылдын 6-мартындагы "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түндүк борборун түзүү жөнүндө" №149 буйругу менен КР ӨКМнин Чүй көчмө механизациялаштырылган отряды Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түндүк борбору болуп өзгөртүлгөн.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2007-жылдын 6-мартындагы №149 буйругу менен КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Түндүк жана Түштүк борборлорунун курамында мобилдик-инженердик механизациялаштырылган отряддары түзүлгөн.
5-март
1995-жылы 5-мартта саат 11:35де Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды, Большевик айылдарында очогунда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталып, андан 22 турак жай жабыркаган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
 4-март
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин №УП-45 Указы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу боюнча министрлиги болуп кайра түзүлгөн.
1996-жылы Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу боюнча министри болуп дайындалган. (1196-1998-жылдары эмгектенген.)
2-март
2010-жылы саат 07:55де Нарын облусунун Кочкор районунда очогунда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Чолпон, Ак-Чий жана Эпкин айылдарынан 10 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болуп, жер титирөөнүн кесепетинен 747 турак жай 3-даражада, 696 турак жай 4-даражада жабыркаган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. 
27-февраль
2013-жылы Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Жапон мамлекетинин Ички иштер жана байланыш министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана өрт менен күрөшүү агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
24-февраль
2011-жылы Жарандык коргонуу боюнча Эл аралык уюмдун башкы катчысы В. Кувшиновдун КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборуна расмий иш сапары менен келип, ГАЗЕЛЬ үлгүсүндөгү аавтоунаасынын базасында куралган авариялык-куткаруу автоунаасын жана НИВА үлгүсүндөгү автоунааларын КР ӨКМнин райондук бөлүмдөрүнө жана жана куткаруу бөлүктөрүнө расмий тапшырган.      
16-февраль 
2014-жылы Кабул шаарында (Ооганстан) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдааладр министрлиги менен Ооганстан Ислам Респуликасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморамндумга кол коюлган.    
9-февраль 
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен КР ӨКМнин "Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору" түзүлгөн. Аталган борбор бүгүнкү күндө Жарандык коргонуу багытында бардык каалоочуларга лекцияларды, тренингдерди уюштурууда жана өткөрүүдө окуу-методикалык жана техникалык заманбап кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.   
 
8-февраль
1992-жылы Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ортосунда гидрометеорология багытында биргелешип кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.
1995-жылы КР Өкмөтүнүн №33 Токтому менен "Мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда жана турак жай фондунда өрт коопсуздугунун эрежелери" кабыл алынган.  
 
5-февраль
2012-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 362 турак жай 3-даражада, 193 турак жай 4-даражада жабыр тартып, жалпы материалдык чыгым 113 млн. 380 миң сомду түзгөн.    
 
3-февраль
2004-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде түзүлгөн Ош облусунун жарандык коргонуу штабы Ош облустук жарандык коргонуу башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн. 2006-жылдын 14-февралында КР Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгы жоюлуп, КР ӨКМнин түштүк аймактар аралык башкармалыгы түзүлүп, Ош облустук жарандык коргонуу башкармалыгы анын карамагына киргизилген. 2008-жылдын 1-апрелинде КР ӨКМнин түштүк аймактар аралык башкармалыгы жоюлган жана КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы түзүлгөн.   
 
28-январь
1998-жылдын 28-январынан 29-январына караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 225-249-чакырымында катар келе жаткан 4 оор жүк ташуучу КамАЗ үлгүсүндөгү жана УАЗ үлгүсүндөгү унаа жүргүнчүлөрү менен кар көчкүнүн алдында калып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 4 адам ар кандай деңгээлде жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилишкен. 
 
22-январь
1993-жылы Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашуусуна кол кюлган.
 
21-январь
1991-жылы жылы Ош облусунун аймагында, Жазы дарыясына жакын жерде кар көчкүсү түшүп, анын кесепетинен 2 мергенчи каза болгон.
 
16-январь
2004-жылдын ушул күнү Чүй облусунун Ысык-Ата жана Чүй райондорунун аймагында очогунда күчү 6 абллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Арпатектир калктуу конушу болуп, анын кесепетинен 15 турак жай жана 2 орто мектептин имараттары авариялык абалга келген. 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Июль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            

Баннерлер

  • Центр Общественных Технологий
  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы