Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Суу ташкыны

Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

v Сел жүрүшүнүн узакка созулушу – мында, суунун капташы 1 айдан 2 айга чейин созулат.

v  Кыска мѳѳнѳттүк сел – бир нече саатка созулган сел агымы.

v  Күтүүсүз селдин жүрүшү – бул, нѳшѳрлѳгѳн жамгырдын натыйжасында суу тосмолорунун жана суу ташкынын токтотуу үчүн узата кырдалган жээктердин бузулушу.

v  Суу денгээлинин кѳтѳрүлүп кетиши – гидрологиялык пост боюнча денгээл, суунун кѳтѳрүлүшү бул денгээлден ашып кетсе, суу каптоонун жүрүшү мүмкүн.

v   Суу астында калган аянт – суу астында калган аймактын ѳлчѳмү.

v Суу агымынын ылдамдыгы – суунун убакыт бирдигинде өлчөнүшү.

Суунун ташкындоосуна алып келген негизги себебтер:

- жаз айларында кардын жана мөнгүлөрдүн ээришинен улам, суунун көтөрүлүшүнөн ташкындын пайда болушу;

- нөшөрлөнгөн жамгырлар, дарыя куймаларында жана деңиз жээктеринде катуу шамалдын суу ташкынын пайда кылуусу;

- муздардын агышы же токой кыркууда сууга түшкөн дөнгөчтөр, жыгач сыныктары менен дарыя агымынын бөгөлүп калышы;

- дарыя куймасына ар нерселерди тыгылып, агымдын тосулуп калышы;

- цунамилер;

- гидротехникалык курулмалардын бузулушу (жарылып кетиши);

- жер көчкүлөрдүн жүрүшү жана суу аккан жерлердин жешилип, оюлуп кетиши;

- жер астындагы суулардын күтүүсүз көтөрүлүшү.

Учурда, дарыя агымынын айрым жерлеринде гана эмес, анын бүтүндөй агымы боюнча суу ташкынына каршы күрөшүү чараларын көрүү зарыл.

Эң оболу, суу агымынын жээктерин бекемдеп, толук кырдап чыгуу талап кылынат.

Бүгүнкү күндө селдин жүрүшүн алдын-ала болжолдоого мүмкүн. Айрыкча, дарыя куймаларында катуу шамалдын сууну уюлгутуп айдашынан келип чыккан ташкындоо, бөөдө кырсыктын күтүүсүз түрүнөн болуп саналат. Суу ташкыны тосмолордун, жолдордун, имараттардын, курулмалары бузулуп, кыйрашына алып келип, суунун агымынын тездиги (секундасына 4 метрден көбүрөөк аралыкка) жана анын жогору көтөрүлүшү (2 метрден жогору) олуттуу материалдык чыгымдарга, ошондой эле адам өлүмүнө, жан-жаныбарлардын кырылышына алып келет.

Өзгөчө, катуу тездиктеги суу агымы оор таштарды, муздарды, ар кандай башка шилендилерди агызып келип, имараттарга жана курулмаларга алардын күү менен катуу урунушу, талкаланып бузулушуна же жаракат кетишине алып келет. Суунун ташкындоосу күтүүсүз жерден келип чыгып, бир нече сааттан 2-3 жумага чейин созулуп кеткен учурлар кездешет.

Калктуу пункттардын аймагына бак – дарактарды жыш отургузуу мына ушундай кырсыктардан сактануу, алардын кесепетин азайтуу ыкмаларынын бири болуп саналат. Суу ташкындарынын масштабы жана анын канчалык кесепет алып келүүсү, жергиликтүү шартка, жыл мезгилине, аба-ырайына, жер кыртышынын катмарына, суу агымынын ылдамдыгына жана канчага көтөрүлөөрүнө, калктуу пункттагы курулмалардын саатына жана жайгашуу шартына, гидротехникалык жана мелиорациялык курулмалардын абалына, алдын-ала берилген болжолдоолордун тактыгына жараша болот.

СУУ ТАШКЫНЫНА КАНДАЙЧА ДАЯРДАНУУ КЕРЕК

Эгерде силер жашаган аймак суу ташкынынан жабыр тартып келген болсо, ал жерлерди иликтөөгө алып, ташкындоо жүрүшү мүмкүн болгон чектерди, суу жетпеген дөңсөөлөрдү, ошондой эле шашылыш учурда аларга жетүүчү кыска жолдорду алдын-ала белгилегиле.

Уюшкандыкта же жалгыздан көчүрүүдө, күтүүсүз суу ташкыны каптаган учурда кандайча аракеттенүү зарыл экендигин үй-бүлөңөр менен талкуулагыла.

Кайыктар, сал устундар кайда жайгашкандыгын чоңдордон тактагыла.

Шашылыш учурда өзүнөр менен кошо ала кетүүчу документтерди, буюмдарды, медикаменттерди даярдап койгула.

Жылуу кийимдерди, көпкө чыдай турган тамак-ашты даярдап салыштыргыла.

СУУ ТАШКЫНЫ УЧУРДА КАНДАЙЧА АРАКЕТТЕНҮҮ КЕРЕК

 Суунун каптап кетиши ыктымал болгон кооптуу аймактан, коопсуз аймака же дөнсөрөөк жерлерге дароо, белгиленген тартипте чыгып (көчүп) кетүү зарыл.

Бардык зарыл буюмдарды, документтерди, эки күнгө жетээрлик, бузулуп кетпеген тамак-ашты суу өтпөгөн баштыктарга салып, ала кеткиле.

Үйдөгү электр жарыгын, газды чыгаарда өчүрүп кеткиле.

Бир аз убактыңар болсо, кары-картаңдарга жардам берип, үйдөгү баалуу буюмдарды жогорку кабатка же үйдүн чатырына ташып койууга үлгүргүлө.

Жардам келгенге чейин же суу ташкыны тартылганга чейин жогорку кабаттарда, үй чатырларында, дарактарга чыгып отура тургула. Албетте, кооптуу абалда калганыңарды билдирип, белги берип туруу талап кылынат:

- күндүзү – дарактарга, көрүнүктүү жерлерге ак жоолук (же башка ылайыктуу нерсени) илип коюу менен;

- түнкүсүн – жарык берип же анда-санда кыйкырып жардам чакыруу менен;

- башка жагдайларда от жагып, желектерди жогору көтөрүп, машинадан сигнал берип, ж.б. белги берүү менен.

Сактоочулар келгенде эч кандай кыйкырык-сүрөөнсүз, тынчтыкты сактоо менен алардын көрсөтмөлөрүн так аткаруу менен кооптуу жерден чыгып кетүүгө шашылуу зарыл.

БӨӨДӨ КЫРСЫК: СУУ ТАШКЫНЫН АЛДЫН АЛУУ МЕНЕН

Суу бир аз тартылгандан кийин:

- үзүлүп же ачылып калган электр зымдардан сактангыла;

- суу тийип, нымдалып калган тамак-ашты пайдаланбагыла;

- суу астында калган кудуктан суу ичпегиле.

Суу ташкынынан кийин үйгө киргенде:

- алгач кылдат карап, текшерип чыккыла;

- жарык кылуу учун ширенке эмес, жарык беруучу шаймандарды колдонуу талап кылынат;

- тиешелүү адистер карап, текшергенге чейин электр түйүнүнөн пайдаланбоо зарыл.

Төмөнкүдөй олуттуу себебтер орун алган шартта гана, суу ташкыны каптаган аймактан өз алдыңарча чыгып кетүү сунуш кылынат;

-  медициналык жардамдын зарылчылыгы учурунда;

- суу деңгээлин ого бетер көтөрүлүп, үстүңкү кабаттарды каптоо коркунучу келип чыкса;

- бул учурда суу үстү менен кетип калууга мүмкүндүк берген каражаттын (кайыктардын) болушу зарыл, кайда барууну тактап алуу да талап кылынат. Эгерде, мындай каражаттар колдо жок болсо, бош пластик бөтөлкөлөрүн капка ныгыра салып, толтуруп, каптын оозун бекем бууп, анын үстүнө олтуруп алып, эптеп чыгып кетүү зарыл.

- кокусунан сууга кулап кетсеңер, колго урунган нерселерге тырмышып, кармап калууга аракеттенгиле.

- суудан чыккандан кийин, суук тийип калбашы үчүн, кийим-кечеңерди сыгып, дароо алмаштырыш керек.

СУУ ТАШКЫНДАН КИЙИН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

- имаратка же үйгө кирээрден мурда ал басып же кулап калбайбы, ошону текшерүү зарыл;

- имараттын ичин текшерип чыккыла (толуп калган газды чыгаруу үчүн);

- газ менен жабдуу системасын толук текшергенге чейин, электр жарыгын күйгүзбөй, ширенке колдонбой туруу талап кылынат;

- электр өткөргүчтөрдү, газ, суу түтүктөрүн жана канализацияны текшерип көргүлө. Аларды текшерип бүткөнгө чейин колдонбой тургула;

- эшик-терезелерди кенири ачып, жердеги ылайларды тазалап, сууну сыртка ташып үй ичин же имаратты желдетип, кургатуу зарыл;

- сууда калган тамак-аштар керектелинбейт.

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Март 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы