Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Жер көчкү

Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

Көчкү массасы – тегиз болбогон тилкелерден турган көчкү массасы.

Көчкү тектирлери – көчүп түшүүчү массада пайда болгон тектирчелер, ажырап көчүп түшүүчү массанын үстүңкү катмары.

Көчкүлөр – жарылып, аң болуп калган жерлер – тоолуу райондордо кездешүүчү кубулуш.

Көчкүнүн келип чыгышы түрткү берген негизги себептерден болуп төмөнкүлөр саналат:

- нөшөрлөп жааган жамгырлардын тоо беттерин жууп кетиши;

- жамгырлардан, кардын, мөнгүлөрдүн ээришинен улам, суунун зарыгып, тоо тектерине сиңип олтуруп анын массасынын оордошу;

- жер кыртышынын эрозиясы жана жер иштетүүдөн улам жайлардын пайда болушу;

- жер титирөөлөр;

- кардын оор түшүп мөнгүлөрдүн капташынан тоонун негизги массасына оордук келтириши;

- тоо тектеринин ажырымы;

- адам баласынын жардыруу иштерин жүргүзүп, жер айдап, дарактарды кыркып, оор имараттарды куруп, суу чыгаруу үчүн жер кыртышын оюп казуусу;

- оор транспорттук каражаттардын жылышы менен кыртыштын тең салмактуулугунун бузулушу.

Борбордук Азияда көчкүлөр адетте катуу, нөшөрлөп жааган жамгырлардан жана жер кыртышынын бузулуп, сапатынын начарлашы жана анын эрозияга чагылдыруусунан улам келип чыгат. Көчкү олуттуу аймакты ээлөө менен 5-20 метр калыңдыктагы тектердин негизги массадан ажырап эңкейиш көздөй жылмышуусу.

КӨЧКҮНҮН ЖҮРҮШҮНҮН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ:

- имараттарда жаракалардын пайда болушу;

- жолдордо жээк бойлото кырдалган тосмолордо жараканын пайда болушу;

- жердин көөп чыгышы;

- ар кандай бийик конструкциялардын пайдубалынын жылышы;

- жер астындагы суулардын зарыгып чыгышы;

- ызы-чуунун күчөшү.

Көчүп түшкөн кыртыштын көлөмү ондогон, жүздөгөн миң куб метрге, ал эми айрым учурларда андан да көп салмакка жетиши мүмкүн. Көчкүнүн жылмышуу тездиги жылына бир нече метрлерди түзгөн учурлар кездешет. Айрыкча жер титирөөдө көчкүнүн жылышы тездейт. Кыртыштын массасынын жылышы турак-жай, өндүрүштүк имараттарды инженердик жана жол курулуштарын, магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн, электр берүү линияларынын бузулушуна же кыртыш астында калышына, ошондой эле адамдардын жабыр тартып, мерт болушуна алып келет. Өзөндөрдү жана капчыгайларды каптап калган көчкүлөр табигый тосмолордон болуп, аларга жааган жамгырдын суусу топтолуп отуруп акыры жарылуу менен селдин жүрүшүн шарттайт.

Албетте, көчкү менен күрөшүү мумкун эмес. Ошондой болсо да көчкү жүрүүчү жерлердин этегине тосмолорду куруп, башка техникалык чараларды көрүү менен анын каардуу кесепетинин мизин кайтарууга болот. Мындай убактылуу чаралар адамдардын мүлкүн жана өмүрүн көпчүлүк учурда сактап кала албайт. Ошондуктан, жашоо-шартты жакшы ойлонуштуруп бөөдө кырсыктын кесепеттеринен сактануу максатында башка коопсуз жайларга көчүп кетүүдөн башка арга жок.

ТҮПТӨЛГӨН КОРКУНУЧ ТУУРАЛУУ АЛДЫН АЛА ИЛИКТЕП БИЛҮҮ МЕНЕН МЫНДАЙ ТОБОКЕЛДИКТҮҮ ЖЕРЛЕРГЕ ҮЙ САЛБОО КЕРЕКТИГИН УНУТПАГЫЛА!

АЛДЫН АЛУУЧУ ЧАРАЛАР:

- көчкү жүрүүчү жерлерди иликтеп көргүлө;

- көчкүнүн жүрүшү белгилери (имараттардын эшиктери жана терезелери жакшы жабылбай, кооптуу тоо беттеринен суунун зарыгып чыгышы) пайда болгондо, ал тууралуу өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу кызматына маалымдоо зарыл.

КӨЧКҮНҮН ЖҮРҮШҮ УЧУРУНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК:

- көчкү жүрүшү ыктымалдыгы келип чыкканда электр приборлорун, газ жана суу түтүктөрүн өчүрүп, дароо көчүп кетүүгө даярдангыла;

- көчкүнүн ылдамдыгына жараша, акыл ченеп иш алып баргыла, көчкү жай жылмышса (айына бир метрден жылып отурса) зарыл буюмдарыңарды ташып кетүүгө үлгүргүлө;

- көчкүнүн жылмышуусу бир күндө 0,5-1 метрди түзсө, анда дароо коопсуз жайга көчүп кетүү зарыл;

- документтерди, баалуулуктарды, жагдайга жараша жылуу кийим-кечени, тамак-аш азыктарын кошо алып кетүүнү унутпагыла.

КӨЧКҮДӨН КИЙИНКИ АРАКЕТТЕР:

Көчкүдөн эптеп аман калган имараттарды текшерип көрүү үчүн адистерге кайрылгыла. Мында алгач имараттын дубалдарынын, электр, газ жана суу түтүктөрүнүн бүтүндүгүн текшерүү зарыл. Көчкү алдында калган адамдарды сыртка алып чыгууда сактоочуларга жардам бергиле.

  

 

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Март 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы