Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Кар-көчкү

Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

 

                 Көчкү коопсуздугу учурунда билүү зарыл:

-  бир жакка чыгаарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун ахывалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпы маалымат билдирмелеринен же ӨКМнин ыкчам күзөтчүсүнөн  билүү;

- Тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты  бекем сактоо керек;

-  Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерин бекем көңүл бөлүү керек, зарыл болсо, эртең менен эрте өтүп кетүү керек;

- Жол кызматчылары тарабынан коюлган : “Чектелген жүрүү”, “Унаа жолунун  бекилүүсү” белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин  жана  КР ИИМнин Жолдогу-кыймылы кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу.

- Эсиңерде болсун!  Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы-октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет,  көпчүлүк кар көчкү түшүү февраль-март айларында болот.    

 

Көчкүдө өзүн алып жүрүү эрежелери:

— Эгер көчкү өтө бийик жерден түшүп келе жатса, унааңыз менен тез өтүп кетип, алдыдагы келе жаткан унааларды токтотуңуз, эгер жөө болсоңуз, тез чуркап коопсуз жерге барыңыз же жар астына бекинип тура калыңыз (жаш бактардын артына бекинип турбаңыз).  

— Эгер көчкүдөн кете албасаңыз, жүгүңүздөн бошонуп, тизеңизди ичиңизге бүгүп, денеңизди көчкү келе жаткан  жакка ыңгайлаштырып жата калыңыз.

— Оозуңузду жана мурдуңузду моюн орогучуңуз, жакаңыз менен жаап, көчкүдө колуңузду сүзүп жаткандай кармаңыз, көчкүнүн үстүндө карманууга, ылдамдыгы азыраак жээгине чыгууга аракет кылыңыз.

— Көчкү токтогон кезде, дем алууга мүмкүн болууга бет жана көкүрөк тушуңуз менен калууга аракет кылыңыз.  

— Эгер мүмкүн болсо,өйдө чыгууга аракет кылыңыз (оозуңуздан чыккан шилекейдин кайсыл жакка акканы боюнча өйдө жакты билсеңиз болот).

— Көчкүнүн алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап  өзүңүзү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз. 

 

Көчкү түшкөндөн кийин эмне кылуу керек

-Сизге көчкү түшкөндөн кийин эсиңизди жоготосуз. Өзүңүзгө келе баштаганда, бир колуңузду бошотуп, дем алуу үчүн, мурун тушуңузга алып келүүгө аракет кылыңыз. 

- Андан кийин экинчи колуңузду да бет тушуңузга жакындатып, оюк жасоого аракет кылыңыз.

-Өйдө же ылдый экенин билиш үчүн түкүрүк чыгарыңыз.  Эгер түкүрүгүңүз өзүңүзгө түшсө, Сиз башыңыз менен төмөн жатасыз. Эгер түкүрүгүңүз  эриниңизде калса, Сиз туура, башыңыз менен өйдө жатасыз.

-Өзүңүздүн кандай жатканыңызды билгенден кийин, колуңузду өйдө сунууга аракет кылыңыз. Эгер колуңуз сыртка чыкпаса, аба кириш үчүн, карды оюуга аракет кылуу керек.

-Эгер Сиз, төмөн карап жатып калган болсоңуз, которулуу үчүн өзүңүздүн тегерегиңизди оюп ачууга аракет кылуу  керек.

-Өтө терең дем алууга, дүрбөлөңгө түшүүгө, тез кыймылдоого болбойт, себеби жүрөк тз согуп, көп кычкылтек талап кылат. 

- Эгер Сиз, кичине оюк тешип алсаңыз, бирок чыга албасаңыз, кыйкырып куткаруучулардын көңүлүн өзүңүзгө бурсаңыз болот. Сизди сөзсүз табышат. 

-Эгер Сиз, коопсуз жерде болуп калсаңыз, аймак башкармалыгына көчкү жөнүндө билдирме жасаңыз жана жабыркагандарга жардамдашыныз. 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Март 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы