Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Урматтуу мекендештер!

14.03.2013

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына киргениңиз үчүн кубанычтамын!

Министрликтин башкы милдети калкты жана аймактарды табигый жана техногендик кырсыктардан сактоо болуп саналат. Бул багытта биздин кызматкерлерге негизги көңүлдү жана күчтү кырсыктардын алдын алууга жумшоо милдети жүктөлгөн. Ал эми калк менен тыгыз байланышта иштөө үчүн министрликтин Сиз окуп жаткан веб-сайты, 03222 коду менен 2-27-66 ишеним телефону, 0800 коду менен 22-222-22 уюлдук телефон аркылуу акысыз тейлөө номери жана 0770-800-100 мобилдик телефондору күнү-түнү Сиздердин суроо-талаптарыңыздарды канааттандыруу үчүн иштеп жатат. Бул иштерди мындан ары жандандыруу максатында бирдиктүү 112 номерин, жер-жерлерде өрт-куткаруу кызматтарын түзүү планынын үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса жакынкы айларда Сиз ага күбө болосуз.  

Урматтуу мекендешим, биз бирге болгондо гана жаратылыш кырсыктары менен күрөшө алабыз, андыктан Сиз өзүңүздүн суроо-талап, сунуш-пикирлериңизди жазып калтырыңыз. Сиздин бир эле сунушуңуз миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн экендигин унутпаңыз. Биздин кызмат кайдыгерликти жактырбайт.

Ал эми Сизге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баардык кызматкерлерин куткаруучу катары кабыл алып, ошого жараша мамиле кылууну сунуш кыламын жана ушундай эле талап министрликтин ар бир кызматкерине коюла тургандыгын кошумчалаймын!

Кудай сактанганды сактайт, андыктан баарыбыз калкыбызды биргеликте сактайлы!

Сизге ийгиликтерди каалоо менен бирге кырсыктардын алдын алууда жана анын кесепеттерин жоюуда кызматташууга чакырамын.

Бир бололу, бар бололу, кырсыктардан оолак бололу!

                                                                                                                                        Сизди урматтоо менен министр Кубатбек Боронов

 

Бардык блогуна

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Февраль 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы