Башкы бет Жаңылыктар Биздин кызматтар Министрлик жөнүндө Ченемдик укуктук база Биз менен байланышуу Болжолдоо боюнча китеп
Дагы

Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан зыянды, чыгымдарды жана муктаждыктарды баалоо боюнча Методикалык колдонмо

Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдан келип чыккан зыянды, чыгымды жана муктаждыктарды баалоо боюнча Методикалык колдонмо (мындан ары Методикалык колдонмо) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы (мындан ары КР ЖК ВАК) тарабынан жактырылган жана КР ЖК ВАКтын 2013-жылдын “28” октябрдагы отурумунун протоколу менен бекитилген.
 
Бул Методикалык колдонмо Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык техникалык жумушчу тобу жана Кыргыз Республикасындагы табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча Улуттук Платформанын Катчылыгы тарабынан, Бүткүл дүйнөлүк Банктын жана Табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу жана анын кесепетин жоюу боюнча Глобалдык Фонддун (GFDRR) колдоосу менен иштелип чыкты.
 
Бул методикалык колдонмо, келтирилген зыянды, чыгымдарды жана муктаждыктарды баалоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк Банктын табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча Глобалдык Фонду (GFDRR) тарабынан иштелип чыккан глобалдык методологиянын негизинде түзүлдү.
 
Бул Методикалык колдонмо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, уюмдар жана ишканалар, жеке адамдар үчүн түрдүү өз алдынча алынган өзгөчө кырдаалдардагы (ӨК) келтирилген зыянды, чыгымдарды жана муктаждыктарды болжолдуу жана анык түрдө баалоону өткөрүүнүн жалпы бирдиктүү ыкмасын орнотот, ошондой эле алардын өзүнчө алынган объектилердин, экономиканын тармактарынын жана секторлорунун активдерине болжолдуу жана анык түрүндө тийгизген таасирин аныктайт.
 
Тармакка / секторго / объектиге жараша ар бир конкреттүү учурда ӨК келтирген зыяндын, чыгымдардын жана муктаждыктардын анык өлчөмү ведомстволук (тармактык, секторалдык) зыянды, чыгымдарды жана реконструкциялоо жана калыбына келтирүү муктаждыктарын баалоо боюнча методикаларынын / көрсөтмөлөрүнүн / колдонмолорунун негизинде аныкталат. Алар, зарыл болгон учурда бул Методикалык колдонмонун талаптарына ылайык кайра иштелип чыгуусу тийиш.
 
Иш жүзүндө колдонууда жана Өзгөчө кырдаалдын залакасын баалоо жана жаңы маалыматтарды алуу боюнча изилдөөлөрдү мындан ары жүргүзүүдө, учурдагы Методикалык колдонмо, бул чөйрөдөгү ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер, мыйзам актылары менен мезгилдүү түрдө такталып жана толукталып турууга муктаж.
 
Бул Методикалык колдонмо төмөндөгүлөр тарабынан практика жүзүндө колдонуу үчүн арналган жана сунушталат:
 Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдын болжолдуу залакасын жана сандык баасын прогноздоо үчүн прикладдык курал катары Жарандык коргонуу боюнча территориалдык, ведомстволук, атайын жана ведомство аралык Комиссиялар тарабынан жабыркаган экономиканы реконструкциялоону жана калыбына келтирүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон каржы ресурстарын аныктоодо;
 Министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин адистери – серепчилери тарабынан зыянды, чыгымды жана муктаждыктарды баалоодо.
 
Бул Методикалык колдонмону төмөнкү учурларда колдонууга болот:
 Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын чегинде ӨКдардын болжолдуу зыянын, чыгымын жана муктаждыктарын прогноздоодо \ мониторинг жүргүзүүдө методикалык документ катары;
 Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу боюнча иш чараларды мерчемдөөдө жана өткөрүүдө колдонула турган, ирилештирилген, багытталган ӨКдардын зыянын, чыгымын жана муктаждыктарын баалоону өткөрүү үчүн чектелген методикалык документ катары.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 

Ыкчам кезметчи

тел: +996(3222)2-18-44
сот: +996(770)800-100
факс: +996(3222)5-60-77
e-mail: od.mchs@mail.ru

Министрдин кабылдамасы

тел: +996(312)54-79-86,
+996(3222)2-33-46
e-mail: mchs@elcat.kg

Ишеним телефону:

тел: (03222) 2-27-66,

Коомдук кабылдама:

тел: (03222) 2-27-66

Бардык байланыштар

Жанылыктардын архиви

Январь 2017

Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Баннерлер

  • Баннер Минюст
  • В рамках Программы Правительства
  • Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
  • КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги алдындагы Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын расмий туристтик маалымат сайты

Өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

  • Суу ташкыны

    Суу ташкыны – бул, кар эрип, нѳшѳрлѳгѳн жамгыр жаап, жолдор бѳгѳлүп, кар астындагы суулар кѳтѳрүлгѳн шартта, катуу шамалдын кесепетинен суу ташкындаган мезгилде дарыяларда, кѳлдѳрдѳ же деңиздерде суу деңгээлинин кѳтѳрүлүшүнүн натыйжасында суунун капташы

  • Суудан сактануунун эрежелери

    Суудан сактануунун эрежелери

  • Жер титирөө

    Жер титирөөдөн кантип сактануу керек бул, жер кыртышында же жогорку мантияда күтүүсүз жылышуудан, жарака кетип ажыроодон улам келип чыккан жана катуу термелүүлөр түрүндө кеңири аралыкка тараган жер астындагы силкинүүлөр жана жер үстүнүн термелиши

  • Жер көчкү

    Жер көчкү – салмактын оордошуусунан улам жер кыртышынын жана тоо тектеринин массасынын тоо кырлары, жарлар, көлдөрдүн, дарыялардын жана деңиз жээктеринен төмөн көздөй жылмышып жылышуусу

  • Кар-көчкү

    Көчкү - бул кар массасы, тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт. Ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт

  • Сууга чөгүүдөн сактаныңыз!

    Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек

  • Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

    Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан сактануунун эрежелери

  • Өрт кырсыгы

    Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

  • Сел

    Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы